Загрузка документа…
| Тиркеме |
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 313-т тескемесине ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Ветеринария жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталуу менен,
Тараптардын ортосундагы ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) алынуучу жүктөрдү (товарларды) экспорттоону-импорттоону өнүктүрүү максатында эки тараптуу кызматташуу ниетин жетекчиликке алып, жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу максатында жаныбарлардын саламаттыгын коргоо жана коомдук саламаттыкты сактоо милдеттенмелерин бөлүшүү менен,
кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү жана ветеринария жаатында кызматташууну тереңдетүүнү ниетттенип, Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерине зыян келтирбестен,
темөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашууда ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) алынуучу жүктөргө (товарларга) төмөнкүлөр кирет:
- тирүү жаныбарлар;
- ай туяктуулар (жылкы ж.б);
- ача туяктуулар (ири мүйүздүү мал, койлор, эчкилер, төөлөр ж.б.);
- жапайы жаныбарлар;
- айыл чарба жана жапайы кемирүүчүлөр (бакма коендор, коендор ж.б.);
- үй канаттуулары (тооктор, күрп, каздар, өрдөктөр, үй цесаркасы, ж.б.);
- декоративдик канаттуулар (кыргоол, кекилик, көгүчкөн, ж.б)
- экзотикалык канаттуулар жана жаныбарлар (тотукуш, маймыл ж.б.);
- аарылар;
- балыктар, үлүлдөр, чаян сымалдуулар, башка омурткасыздар, ташбака жана башка суу биоресурстары;
- эт сыяктуу жаныбарлардан алынган продукттар, эт, сүт, аквакультура, жумуртка, бал жана адам тамак-аш катары пайдаланууга мүмкүн болгон алардан даярдалган продукттар;
- жаныбарлардан алынган чийки зат, тери, булгаары, жүн, чач, кыл, канат, сөөк, тырмак, мүйүз жана жаныбарлардан алынган азык эмес продуктулар жана тамак-аш жана тоют катары колдонууга мүмкүн болбогон ветеринардык контролдун конфискацияланган продукттары;
- ветеринардык дары каражаттары - жаныбарларды дарылоо, профилактикалоо, диагностикалоо жана фертилдүүлүгүнө дем берүү үчүн колдонулуучу ветеринардык багыттагы иммунологиялык, биологиялык, өсүмдүк, химиялык жана фармацевтикалык субстанциялар.
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоого катышуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
б) Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан - Катар Мамлекетинин Муниципалитет министрлиги.
Жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын түзүмүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилген учурда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирин жазуу жүзүндө маалымдоого тийиш.
3-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар өзүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында төмөнкү жааттарда кызматташат:
- ветеринардык контролдо турган жүктү (товарды) импорттоодо, экспорттоодо жана транзиттөөдө ылаңдардын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарын профилактикалоо үчүн маалымат жана тажрыйба алмашуу;
- эквиваленттүүлүк принцибине ылайык Тараптардын ветеринардык сертификаттарын макулдашуу жана талаптардын өзгөргөндүгү боюнча маалымдоо;
- Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун жана башка тиешелүү уюмдардын алкагында кызматташуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринде пайда болушу/келип чыгышы мүмкүн болгон эпизоотиялык кырдаал жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын кызыкчылыктарынан келип чыгуучу проблемаларды иликтөө жана изилдөө максатында илимий институттар, диагностикалык жана аналитикалык лабораториялар менен кызматташуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына жана ветеринария жаатында эл аралык стандарттарга ылайык ветеринардык контролдо турган жүктү (товарды) импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө жаатында кызматташуу аркылуу өз ара соода жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- алардын улуттук мыйзамдарынын алкагында тамак-аш чынжырчасынын бардык этаптарында ветеринардык контролдогу продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматташуу;
- ветеринария жаатында тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
- Тараптар өз улуттук мыйзамдарынын алкагында ветеринардык контролдогу продукцияны импорттоодон-экспорттоодон баш тартуу, аны чектөө боюнча маалымат менен күн мурунтан алмашып турат.
4-берене. Милдеттенмелер
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ветеринариянын актуалдуу проблемалары боюнча төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун сунуштамаларына жана жол жоболоруна ылайык ылаңдын алдын алуу жана жайылып кетүүсүн жоюу боюнча чараларды көрүү жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун ылаңдар тизмесине киргизилген жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын тизмеси боюнча отчетторду алмашуу Тараптардын аймактарында эскертилүүгө тийиш;
- Тараптардын өз ара макулдугунун негизинде гана жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун сунуштамаларына ылайык жаныбарлардан алынган продукттарды экспорттоого сертификаттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- диагностикалык жана аналитикалык лабораториялар менен тиешелүү илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаныбарлардан алынган продукттардын тамак-аш коопсуздугу жана ветеринардык контроль системалары жаатында илимий изилдөөлөрдү күчөтүү;
- Тараптар ветеринардык контролго алынган продукцияны экспорттоочу ишканаларда сапат системасын колдонууну, бул ишканаларды каттоону жана ишканаларга тиешелүү уруксат документтерин берүүнү камсыз кылат. Тиешелүү уруксат документтери жок мекемелердин продукцияны экспорттоого укугу жок.
5-берене. Мамлекеттик ветеринардык контролдоо жана тобокелдикти баалоо
Тараптар өз ишинде тобокелдикти баалоого негизделген мамилелерди жетекчиликке алат. Тараптардын ветеринардык контролго алынган жүктөрдү контролдоого жана иш жүзүндө контролдоо үчүн сертификаттоого карата талаптары практикада жеткиликтүү болгон тобокелдиктерди мүмкүн болуучу максималдуу баалоого негизделген.
Тараптар продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо продукциянын коопсуздугун жана жарактуулугун камсыздоо үчүн анын тобокелдигинин деңгээлине ылайык продуктка ветеринардык экспертиза жүргүзөт.
Тараптар экспорттолуучу жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугуна кепилдик берүүчү сертификаттарды берет.
Тараптар экспорттолуучу ветеринардык контролго алынган продукцияны сертификаттоодо биринчи кезекте Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулуучу улуттук мыйзам актыларын жана стандарттарды жетекчиликке алат.
Эгерде мыйзам актысы жана стандарттар Тараптардын аймагында колдонулса жана конкреттүү талаптарга карата алганда жалгыз болуп саналбаса, Тараптар импорттолуучу жана экспорттолуучу продукттарга сертификаттоо (жана башка кепилдиктер) үчүн негиз катары Алиментариус кодексинин Комиссиясынын жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун стандарттарына, колдонмолоруна жана сунуштамаларына негизделе алат.
Тараптар экспорттолуучу продукцияга карата Мамлекеттердин улуттук мыйзамдары жөнүндө маалыматтар менен алмашып турат.
Тараптар импорттоо-экспорттоо талаптарынын жана/же шарттарынын кандай болбосун өзгөрүүлөрү тууралуу бири-бирине кабарлап турат.
Ветеринардык продукцияга байланышкан тобокелдиктерди азайтуунун кыйла натыйжалуу жана иштиктүү каражаттары баштапкы өндүрүүдө жана өндүрүлгөн өлкөдө кайра иштетүүдө контролдоо чараларын колдонуу аркылуу алына тургандыгын көңүлгө алуу менен Тараптар жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугун тамак-аш чынжырчасы аркылуу камсыздоого милдеттенет.
6-берене. Техникалык ишке ашыруу түзүмү
Импорттоочу мамлекеттин Тарабы экспорттоочу ишканалардын ветеринардык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу максатында экспорттоочу мамлекеттин Тарабынан бардык тиешелүү документтерди суроого укуктуу. Импорттоочу мамлекеттин Тарабы ветеринардык контролдоого алынган экспорттолуучу продукцияны өндүрүү процесси жана сапатты контролдоо системасы менен таанышуу үчүн жогорку даражадагы тобокелдик объекттерине барууга укуктуу. Экспорттоочу Таран мындай визиттерди координациялайт.
Экспорттоочу мамлекеттин Тарабы Тараптардын мамлекеттеринин талаптарын аткарууну камсыз кылуучу ветеринардык сертификаттарды берет.
Импорттоочу мамлекеттин Тарабы улуттук мыйзамдарда каралган жагдайларда бардык импорттолуучу товарларды зарылдыгына жараша текшерүү укугун өзүнө калтырат. Бул документтерди текшерүүнү, физикалык текшерүүнү, сынамдарды алууну, убактылуу сактоону ж.б. камтыйт.
Эгерде импорт учурунда ушул Макулдашуунун талаптары сакталбаган болсо, анда Тараптар жүктү кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
7-берене. Чыгымдар
Импорттоочу Тараптын компетенттүү органынын техникалык тобу ветеринардык контролдоого алынган жүктү текшерүү жана документтештирүү үчүн экспорттоочу өлкөгө барат, жол кире чыгымдарын жүктүн ээси көтөрөт.
8-берене. Биргелешкен жумушчу топ
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууда каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууну көзөмөлдөөнү жана координациялоону камсыз кылуу жана бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында эки Тараптын өкүлдөрүнөн турган курамда Биргелешкен жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
Биргелешкен жумушчу топ үзгүлтүксүз чогулат жана Тараптардын компетенттүү органдары бул жолугушуулардын ордун, датасын жана талкуулоо үчүн темалардын тизмесин аныктайт.
Кабыл алуучу Тараптын кызыкдар органы жолугушууларды уюштуруу боюнча чыгымдарды, ал эми жөнөтүүчү Тараптын тиешелүү органы жөнөтүүчү Тараптын делегациясынын эл аралык транспорттук жана күнүмдүк чыгымдарын көтөрөт.
9-берене. Келишпестиктерди жөнгө салуу
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу келип чыккан келишпестиктер Алиментарий кодексин жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун эл аралык соода мамилелери боюнча сунуштамаларын жана/же нускамаларын Дүйнөлүк соода уюмунун санитардык жана фитосанитардык макулдашуусун эске алуу менен Тараптардын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан чечилет.
10-берене. Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан укуктарга жана милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
11-берене. Өзгөртүүлөр
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюна ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 12-беренесине ылайык күчүнө кирген өзүнчө протоколдор түрүндө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
12-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тараптан дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон эки өлкөдө колдонулуучу атайын укуктук/ички жол-жоболор аткарылганын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарланманы алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш (5) жылга чейин колдонулат жана Тараптардын бири кеминде алты (6) ай мурун аны токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаган учурда автоматтык түрдө беш (5) жылдык мөөнөткө узартылат.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда ушул Макулдашуунун колдонулушу аяктаганга чейин ушул Макулдашууга ылайык демилгеленген долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
20_-жылдын "_" _____ эки нускада, ар бири кыргыз, араб, англис, орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн _______________________ | Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн __________________ |