Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-ноябры ПЖ № 521
Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын, шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шаардын биринчи вице-мэринин (вице-мэринин) кызмат орду мыйзамдуу жөнгө салынууга чейин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шаардын мэринин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордуна ылайык келери;
2) эгерде шаардын мэри тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин дайындалган шаардын иштеп жаткан биринчи вице-мэри (вице-мэри) өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну улантары;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн мурда кадрлар резервине киргизилген адамдар ушул Жарлыкка ылайык түзүлүүчү региондук кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилери.
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине алар киргизилген мөөнөткө):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат ордуна кадрлардын региондук резервине;
- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине алар киргизилген мөөнөткө) киргизилет;
6) республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна региондук кадрлар резервине;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине;
7) облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна региондук кадрлар резервине;
- республикалык, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине;
8) райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, , райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине;
9) республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет (республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө);
10) облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет (облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө);
11) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеп жаткан башчылары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо) өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
12) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын иштеп жаткан орун басарлары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо) өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарын кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
13) шаарлардын иштеп жаткан мэрлери:
- бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген республикалык маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине (республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
- бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген облустук маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине (облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
- бул кызматта 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген райондук маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервине (райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
14) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген айыл өкмөттөрүнүн иштеп жаткан башчылары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;
Мында тиешелүү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине (айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордун кошпогондо) киргизүү конкурстук тандоо жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
15) иштеп жаткан министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген, ээлеп турган кызмат ордунда 6 айдан кем эмес иштеген жана квалификациялык талаптарга ылайык келген мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын же алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине же шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервине конкурстан өтпөстөн киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 120 (3299) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |