Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2023-жылдын 27-декабрындагы ПТ № 273, 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2025-жылдын 24-июнундагы ПТ № 203 , 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301, 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) тарабынан дайындалуучу/бекитилүүчү (мындан ары - дайындоолор) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо/бекитүү үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тандоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген Кыргыз Республикасынын судьяларына, прокуратура органдарынын, дипломатиялык кызмат органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызмат адамдарына жайылтылбайт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Президенттин Администрациясынын мамлекеттик кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоонун тартиби
4. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына (мындан ары - номенклатура) кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Президенттин Администрациясына мыйзамдарда белгиленген тартипте келип түшкөн сунуштардын (мындан ары - сунуш) негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларын (коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо) дайындоого сунуштар мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрдык резервдеги талапкерлердин ичинен электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан киргизилет.
Мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрдык резервди түзүү жана анын иштөө тартиби электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме берет);
- паспорттун көчүрмөсү;
- өмүр баяны (өз колу менен, эркин түрдө, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен, оңдоосуз жана булгоосуз жазылат);
- сүрөт тиркөө менен белгиленген формада кадрларды эсепке алуу боюнча өз колу менен толтурулган жана кол коюлган өздүк баракча (өз колу менен оңдоосуз, булгоосуз жана тазалоосуз, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен толтурулат);
- кесиптик билимин, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү);
- эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- тартиптик жазаны алгандыгы/албагандыгы жөнүндө маалымат (иштеп жаткан кызматкерлерге карата).
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Мындай сертификат жок болгон учурда, талапкер тиешелүү тестирлөөдөн белгиленген тартипте өтүүгө жана жогоруда белгиленген көчүрмөнү кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдын ичинде берүүгө милдеттүү.
Ушул пункттун бешинчи – он үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер төмөнкүдөй берилет:
– электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу сканерленген форматта;
– кагаз форматында (түп нүскаларды өздүк ишке кошуу максатында).
Ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык кызмат орундарына мурда дайындалган адамдар, алар башка кызмат ордуна дайындалган учурда, соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкатты, тартиптик жазанын жок/бар экендиги жөнүндө маалыматты берет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2025-жылдын 24-июнундагы ПТ № 203 , 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
5. Сунуштар алар түшкөн күнү милдеттүү тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана катталган күнү Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын (мындан ары - канцелярия) иш кагаздарды жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын -Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна алардын номенклатурасына ылайык берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча сунуштар канцелярия тарабынан Президенттин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары - кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм) аларды андан ары иштеп чыгуу үчүн өткөрүп берилет.
6. Кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм:
- берилген документтердин толуктугун, талапкер (талапкерлер) жөнүндө маалыматтардын анын билим деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга шайкештигин текшерет;
- улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү талапкерге (талапкерлерге) карата материалдарды чогултуудан жана маалыматтарды текшерүүдөн турган талапкерге (талапкерлерге) атайын текшерүүнү уюштурат. Кызматтык зарылдык болгондо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тиешелүү сунуш келип түшкөнгө чейин атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу;
- талапкер (талапкерлер) менен маектешүү өткөрүүнү уюштурат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
7. Талапкерге (талапкерлерге) карата атайын текшерүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору аркылуу улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалыматтарды алуу үчүн суроо-талаптарды жөнөтүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар суроо-талапты алгандан кийин үч - беш календардык күндө белгиленген тартипте талапкерге (талапкерлерге) карата атайын текшерүүнү жүзөгө ашырат жана Президенттин Администрациясына тийиштүү маалымат берет.
Эгерде сунуш катталган датага чейин бир календардык жылдын ичинде мурда атайын текшерүү жүргүзүлсө жана анын натыйжалары бар болсо, кайрадан атайын текшерүү жүргүзүлбөйт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410 тескемесинин редакциясына ылайык)
8. Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына көрсөтүлгөн;
- мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра дайындалган;
- жаңы мөөнөткө кайра дайындалган;
- номенклатурага кирген кызмат орундарын ээлеген;
- негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;
- Президенттин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарына талапкер болгон.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301, 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
9. Билиминин деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген, ушул Жобонун 4-пунктунда каралган документтерди тапшырбаган, атайын текшерүүдөн өтпөгөн талапкерлер маектешүүгө киргизилбейт.
Атайын текшерүүдөн өтпөгөн региондук жана/же муниципалдык кадрдык резервдин курамына кирген талапкерлер Президенттин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан тийиштүү билдирме алгандан кийин мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кадрдык резервден тиешелүү түрдө чыгарылат.
10. Маектешүүгө киргизилген талапкерлерге кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм маектешүүнүн өткөрүлө турган жери, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлайт.
11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт.
Маектешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши, күтүүлөрү, мотивациясы тууралуу көз караштары аныкталат.
Төмөнкү учурда (өргүү, кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык ж.б.):
- Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси же Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги жок болгон учурда маектешүү алардын орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) жок болгон учурда кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери тарабынан маектешүү баракчасында бул тууралуу тийиштүү белги коюлат жана талапкердин документтерин андан ары иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат.
Маектешүү өткөрүүнүн ар бир этабында ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маектешүү баракчасы толтурулат. Талапкерге карата сын пикирлер жана сунуштар болгондо маектешүү баракчасына өзгөчө пикир менен кол коюлушу мүмкүн (негиздеме тиркелет).
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 тескемелеринин редакциясына ылайык)
12. Талапкер белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана тандоонун натыйжасы оң болгон учурда кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан түзүлгөн өздүк папканы тиркөө менен бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин долбоору Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына - Президентинин Администрациясынын Жетекчисине алардын номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте киргизилет.
Талапкерлерди бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө акыркы чечим Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан алардын номенклатурасына ылайык кабыл алынат.
13. Бош кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечим тиешелүү түрдө кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
Президенттин Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын, Мамлекеттик катчыны, Коопсуздук кеңешинин катчысын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү, Президенттин басма сөз-катчысын, кеңешчилерин, атайын өкүлдөрүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин, өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин (сектор башчысын кошпогондо), республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдери Президенттин Жарлыгы менен таризделет.
Президенттин жардамчыларын, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошкондо), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысын, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысын, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басарын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилерин, коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларын - акимдерин, облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин тескемеси менен таризделет.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр, секторлор) жетекчилерин (башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо) жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен таризделет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 27-декабрындагы ПТ № 273, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 тескемелеринин редакциясына ылайык)
3. Өздүк ишти түзүү
14. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарына кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм өздүк иштерди түзөт.
15. Өздүк ишке ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиркелет, анын ичинде төмөнкү документтер:
- талапкерди кызмат ордуна сунушталган тиешелүү мамлекеттик органдардын (министрликтердин, административдик ведомстволордун ж.б.) сунушу;
- кызыл фондо 3x4 см өлчөмүндөгү түстүү фотокарточкалар (4 даана);
- кызмат ордуна дайындоо жөнүндө, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Президенттин Жарлыгынын жана тескемесинин, Министрлер Кабинетинин тескемесинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемесинин көчүрмөлөрү;
- объективдүү маалымкат (маалымкаттын бардык суроолоруна жооптор кыска жана толук болушу керек).
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка документтер өздүк иште да болушу мүмкүн: класстык ченди, наамды ыйгаруу жөнүндө, аскердик билеттин көчүрмөсү, мүнөздөмө, сыйлоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, токтомдор, жеке ишти кароо жөнүндө маалымкат, даттануулар, арыздар ж.б.
Кадрдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан өздүк ишке талапкерге тиешелүү башка кошумча маалыматтар кошулушу мүмкүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Ушул Жобонун 4 жана 15-пункттарында саналган документтер "Өздүк иш" папкасына тиркелет, ага өзүнчө номер ыйгарылат. Өздүк иш кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдө сакталат.
17. Кызматкердин өздүк ишинде документтердин туура жана толук топтолушу үчүн жоопкерчиликти кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
Бош кызмат орунду ээлөөгө талапкердин РЕЗЮМЕСИ
(КР Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Аты-жөнү | _____________________________________________________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ | Фото | |||||
2. Туулган датасы жана жери: | _____________________________________________________ _____________________________________________________ | ||||||
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы _______________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: _______________ (ооба/жок), эгерде болсо, мамлекетти көрсөтүү _____________________________ _____________________________ | 4. Жашаган дареги: _____________________________________________________ _____________________________________________________ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) _____________________________________________________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ | 6. Байланыш маалымат-тары: (телефон жана электрондук почтанын дареги) | |||||
7. Класстык чен: _____________________________ _____________________________ 8. Аскердик наамы: _____________________________ _____________________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): | ||||||
10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин: (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм) көрсөтүү: | ||||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | ||||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| |||
Расмий (орус) |
|
|
|
| |||
Чет тил (кайсынысын көрсөтүү) |
|
|
|
| |||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| |||
11. Билими. Толук маалыматты келтирүү: | |||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери | |||
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
| |||
12. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | |||||||
13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен тизмектөө) | |||||||
14. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгер сизге көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача баяндамасы акыркы үч иштеген жери үчүн көрсөтүлүшү керек | |||||||
Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | ||||
|
|
|
| ||||
15. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы ____________ (бар/жок); 2) Сизге карата соттун Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салган чечими барбы __________ (бар/жок) 16. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем __________________________ колу | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер тарабынан толтурулат)
(КР Президентинин 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Аты-жөнү | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | Фото | ||||
2. Туулган күнү жана жери: | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | |||||
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы ____________________________ ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________________ (ооба/жок), эгерде болсо, мамлекетти көрсөтүү ____________________________ | 4. Жашаган дареги: _______________________________________ _______________________________________ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) _______________________________________ _______________________________________ | 6. Байланыш маалыматтары: (телефон жана электрондук дареги) | ||||
|
|
| ||||
|
|
| ||||
7. Класстык чен: ____________________________ 8. Аскердик наамы: ____________________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): | |||||
10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин көрсөтүү (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүсү | |||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| ||
Расмий (орус) |
|
|
|
| ||
Чет тил (кайсынысын көрсөтүү) |
|
|
|
| ||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| ||
11. Билими. Толук маалыматты келтириңиз: | ||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери | ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
12. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||||
13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен тизмектөө) | ||||||
14. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасы акыркы иштеген үч жери үчүн көрсөтүлүшү керек | ||||||
Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | |||
|
|
|
| |||
15. Жубайы, жакын туугандары | ||||||
Аты-жөнү | Тууганчылык даражасы | Туулган күнү (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | |
|
|
|
|
|
| |
16. Эгерде ушул резюменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар болсо, төмөнкүлөрдү толук көрсөтүү керек: - оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо; - белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса | ||||||
17. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы _________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы __________ (бар/жок). 18. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем _________________________________ колу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Маектешүү БАРАКЧАСЫ
____________________________________________________________ (сунушталуучу талапкердин аты-жөнү)
____________________________________________________________________________ (кызмат ордунун аталышы)
Аты-жөнү | Ээлеген кызмат орду | Колу, дата | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Талапкерге карата сын пикирлер жана сунуштар болгон учурда маектешүү баракчасына өзгөчө пикир жана негиздемени тиркөө менен кол коюлат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2023-жылдын 27-декабрындагы ПТ № 273, 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2025-жылдын 24-июнундагы ПТ № 203 , 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301, 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410, 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) тарабынан дайындалуучу/бекитилүүчү (мындан ары - дайындоолор) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо/бекитүү үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тандоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген Кыргыз Республикасынын судьяларына, прокуратура органдарынын, дипломатиялык кызмат органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызмат адамдарына жайылтылбайт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Президенттин Администрациясынын мамлекеттик кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоонун тартиби
4. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына (мындан ары - номенклатура) кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Президенттин Администрациясына мыйзамдарда белгиленген тартипте келип түшкөн сунуштардын (мындан ары - сунуш) негизинде жүзөгө ашырылат.
(2-абзац КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
– ушул Жобонун 1-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер) же 11-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат орду, атайын мамлекеттик кызмат орду, саясий муниципалдык кызмат орду, административдик кызмат орду, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат орду болуп саналбаган кызмат ордуна талапкер) ылайык форма боюнча резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
– саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары), аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери) паспортторунун көчүрмөлөрү;
- өмүр баяны (өз колу менен, эркин түрдө, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен, оңдоосуз жана булгоосуз жазылат);
- сүрөт тиркөө менен белгиленген формада кадрларды эсепке алуу боюнча өз колу менен толтурулган жана кол коюлган өздүк баракча (өз колу менен оңдоосуз, булгоосуз жана тазалоосуз, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен толтурулат);
- кесиптик билимин, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү);
- эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- тартиптик жазаны алгандыгы/албагандыгы жөнүндө маалымат (иштеп жаткан кызматкерлерге карата).
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Мындай сертификат жок болгон учурда, талапкер тиешелүү тестирлөөдөн белгиленген тартипте өтүүгө жана жогоруда белгиленген көчүрмөнү кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдын ичинде берүүгө милдеттүү.
Ушул пункттун бешинчи – он үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер төмөнкүдөй берилет:
– электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу сканерленген форматта;
– кагаз форматында (түп нүскаларды өздүк ишке кошуу максатында).
Ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык кызмат орундарына мурда дайындалган адамдар, алар башка кызмат ордуна дайындалган учурда, соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкатты, тартиптик жазанын жок/бар экендиги жөнүндө маалыматты берет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2025-жылдын 24-июнундагы ПТ № 203 , 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301, 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
5. Сунуштар алар түшкөн күнү милдеттүү тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана катталган күнү Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын (мындан ары - канцелярия) иш кагаздарды жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын -Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна алардын номенклатурасына ылайык берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча сунуштар канцелярия тарабынан Президенттин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары - кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм) аларды андан ары иштеп чыгуу үчүн өткөрүп берилет.
6. Кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм:
1) берилген документтердин толуктугун, талапкердин (талапкерлердин) маалыматтарынын билим деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга шайкештигин текшерет;
2) улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү талапкерге (талапкерлерге) карата материалдарды чогултуудан жана маалыматтарды текшерүүдөн турган жогоруда аталган адамдарга, ошондой эле саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүүнү уюштурат. Кызматтык зарылчылык болгондо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тиешелүү сунуш келип түшкөнгө чейин атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу;
3) талапкер (талапкерлер) менен маектешүүнү уюштурат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Талапкерге (талапкерлерге), ошондой эле саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүү маалыматтарды алуу үчүн улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кызматтык пайдалануу үчүн грифи менен суроо-талаптарды жиберүү аркылуу жүргүзүлөт.
Техникалык мүмкүнчүлүк болсо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга санариптик өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен суроо-талапты жиберүүгө жол берилет.
Улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар суроо-талапты алгандан кийин үч-беш календардык күндүн ичинде белгиленген тартипте талапкерге (талапкерлерге), саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүүнү жүргүзөт жана Президенттин Администрациясына тийиштүү маалыматты берет.
Эгерде сунуш катталган датага чейин бир календардык жылдын ичинде мурда атайын текшерүү жүргүзүлсө жана анын натыйжалары болсо, кайрадан атайын текшерүү жүргүзүлбөйт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесинин редакциясына ылайык)
8. Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
1) төмөнкү кызмат ордуна сунушталган:
– Президентке караштуу же анын карамагындагы органдардын жетекчилерине;
– Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө;
– Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө;
– Министрлер Кабинетине караштуу аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине;
– республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерине;
2) мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра дайындалган;
3) жаңы мөөнөткө кайра дайындалган;
4) номенклатурага кирген кызмат орундарын ээлеген;
5) негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;
6) Президенттин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарына талапкер болгон.
(КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Билиминин деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген, ушул Жобонун 4-пунктунда каралган документтерди тапшырбаган, атайын текшерүүдөн өтпөгөн талапкерлер маектешүүгө киргизилбейт.
Атайын текшерүүдөн өтпөгөн региондук жана/же муниципалдык кадрдык резервдин курамына кирген талапкерлер Президенттин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан тийиштүү билдирме алгандан кийин мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кадрдык резервден тиешелүү түрдө чыгарылат.
10. Маектешүүгө киргизилген талапкерлерге кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм маектешүүнүн өткөрүлө турган жери, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлайт.
11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде сунуш жогоруда саналган адамдардын бирөө (же анын ордуна расмий иштеген адам) тарабынан киргизилген учурда аны менен маектешүү жүргүзүлбөйт.
Маектешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши, күтүүлөрү, мотивациясы тууралуу көз караштары аныкталат.
Төмөнкү учурда (өргүү, кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык ж.б.):
- Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси же Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги жок болгон учурда маектешүү алардын орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) жок болгон учурда кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери тарабынан маектешүү баракчасында бул тууралуу тийиштүү белги коюлат жана талапкердин документтерин андан ары иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат.
Маектешүү өткөрүүнүн ар бир этабында ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маектешүү баракчасы толтурулат. Талапкерге карата сын пикирлер жана сунуштар болгондо маектешүү баракчасына өзгөчө пикир менен кол коюлушу мүмкүн (негиздеме тиркелет).
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемелеринин редакциясына ылайык)
12. Талапкер белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана тандоонун натыйжасы оң болгон учурда кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан түзүлгөн өздүк папканы тиркөө менен бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин долбоору Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына - Президентинин Администрациясынын Жетекчисине алардын номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте киргизилет.
Талапкерлерди бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө акыркы чечим Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан алардын номенклатурасына ылайык кабыл алынат.
13. Бош кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечим тиешелүү түрдө кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
Президенттин Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын, Мамлекеттик катчыны, Коопсуздук кеңешинин катчысын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү, Президенттин басма сөз-катчысын, кеңешчилерин, атайын өкүлдөрүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин, өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин (сектор башчысын кошпогондо), республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдери Президенттин Жарлыгы менен таризделет.
Президенттин жардамчыларын, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошкондо), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысын, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысын, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы – башкармалыктын начальнигинин орун басарын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилерин, коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларын – акимдерди, облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин, Президент тарабынан дайындалуучу/бекитилүүчү кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин тескемеси менен таризделет.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр, секторлор) жетекчилерин (башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо) жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен таризделет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 27-декабрындагы ПТ № 273, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемелеринин редакциясына ылайык)
3. Өздүк ишти түзүү
14. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарына кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм өздүк иштерди түзөт.
15. Өздүк ишке ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиркелет, анын ичинде төмөнкү документтер:
- талапкерди кызмат ордуна сунушталган тиешелүү мамлекеттик органдардын (министрликтердин, административдик ведомстволордун ж.б.) сунушу;
- кызыл фондо 3x4 см өлчөмүндөгү түстүү фотокарточкалар (4 даана);
- кызмат ордуна дайындоо жөнүндө, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Президенттин Жарлыгынын жана тескемесинин, Министрлер Кабинетинин тескемесинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемесинин көчүрмөлөрү;
- объективдүү маалымкат (маалымкаттын бардык суроолоруна жооптор кыска жана толук болушу керек).
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка документтер өздүк иште да болушу мүмкүн: класстык ченди, наамды ыйгаруу жөнүндө, аскердик билеттин көчүрмөсү, мүнөздөмө, сыйлоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, токтомдор, жеке ишти кароо жөнүндө маалымкат, даттануулар, арыздар ж.б.
Кадрдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан өздүк ишке талапкерге тиешелүү башка кошумча маалыматтар кошулушу мүмкүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301 тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Ушул Жобонун 4 жана 15-пункттарында саналган документтер "Өздүк иш" папкасына тиркелет, ага өзүнчө номер ыйгарылат. Өздүк иш кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдө сакталат.
17. Кызматкердин өздүк ишинде документтердин туура жана толук топтолушу үчүн жоопкерчиликти кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ
(саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер тарабынан толтурулат)
(КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Фамилиясы Аты Атасынын аты: | _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ | Фото | ||||||||
2. Туулган датасы жана жери: | _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ | |||||||||
3. ИЖН: | _____________________________________ | |||||||||
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы ____________________________________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________________________ (ооба/жок), эгерде болсо мамлекетти көрсөтүңүз ____________________________________ | 5. Жашаган дареги: _____________________________________ _____________________________________ 6. Катталган жери боюнча дареги (5-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса): _____________________________________ _____________________________________ | 7. Байланыш маалыматтары: (телефону жана электрондук дареги) | ||||||||
8. Класстык чени: ____________________________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктары жана сыйлоолору (документтин аталышы, номери жана берилген датасы): | |||||||||
10. Аскердик наамы, атайын наамы, атайын класстык чени: ____________________________________ | ||||||||||
11. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүнү көрсөтүңүз | |||||||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |||||||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| ||||||
Расмий (орус) |
|
|
|
| ||||||
Чет тили (кайсы көрсөтүңүз) |
|
|
|
| ||||||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| ||||||
12. Билими. Толук маалымат бериңиз: | ||||||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери | ||||||
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
| ||||||
13. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||||||||
14. Жарыялоолору (жарыялоолорду тиркебестен тизмектеңиз) | ||||||||||
15. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Акыркы иштеген үч жер үчүн негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасын көрсөтүңүз | ||||||||||
Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | |||||||
|
|
|
| |||||||
16. Жубайы, жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары). Эскертүү. Саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна талапкер толтурат | ||||||||||
Аты-жөнү | ИЖН | Тууганчылык даражасы | Туулган датасы (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | ||||
|
|
|
|
|
|
| ||||
Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болсо толук көрсөтүңүз. | ||||||||||
17. Жубайы, жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери). Эскертүү. Аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер толтурат | ||||||||||
Аты-жөнү | ИЖН | Тууганчылык даражасы | Туулган датасы (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | ||||
|
|
|
|
|
|
| ||||
Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарда төмөнкүлөр болсо толук көрсөтүңүз: - оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болсо; - белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса | ||||||||||
18. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы ___________________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы ___________________ (бар/жок). 19. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем
_______________________________ Колу | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Резюме электрондук форматта толтурулат, андан кийин кагазга чыгарылат жана талапкер кол коет.
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ
(саясий мамлекеттик кызмат орду, атайын мамлекеттик кызмат орду, саясий муниципалдык кызмат орду, административдик кызмат орду, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат орду болуп саналбаган кызмат ордуна талапкер тарабынан толтурулат)
(КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Фамилиясы Аты Атасынын аты: | _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ | Фото | ||
2. Туулган датасы жана жери: | _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ | |||
3. ИЖН: | _____________________________________ | |||
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы ____________________________________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________________________ (ооба/жок), эгерде болсо мамлекетти көрсөтүңүз ____________________________________ | 5. Жашаган дареги: _____________________________________ _____________________________________ 6. Катталган жери боюнча дареги (5-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса): _____________________________________ _____________________________________ | 7. Байланыш маалыматтары: (телефону жана электрондук дареги) | ||
8. Класстык чени: ____________________________________ | 10. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктары жана сыйлоолору (документтин аталышы, номери жана берилген датасы): | |||
9. Аскердик наамы, атайын наамы, атайын класстык чени: ____________________________________ | ||||
11. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүнү көрсөтүңүз | |||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
|
Расмий (орус) |
|
|
|
|
Чет тили (кайсы көрсөтүңүз) |
|
|
|
|
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
|
12. Билими. Толук маалымат бериңиз: | ||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
13. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||
14. Жарыялоолору (жарыялоолорду тиркебестен тизмектеңиз) | ||||
15. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Акыркы иштеген үч жер үчүн негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасын көрсөтүңүз | ||||
16. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы ___________________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы _________________ (бар/жок). 17. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем
_______________________________ Колу | ||||