Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-июну № 284
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 284 тескемеси менен жактырылган |
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
Ушуга байланыштуу жана ичкертен ыңгайлаштырууну, логикалык жактан туура түзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле бири-бирин кайталоочу ченемдерге жана башка ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктарга жол бербөө максатында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде өндүрүш жана керектөө калдыктарын системалуу жөнгө салуу маселелерин жана анын алкактарын камтыган ушул Мыйзамды жөнгө салуунун так предметин караштыруу зарыл (башка мыйзам актылары ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө өндүрүш жана керектөө калдыктары маселелерин жөнгө салышы мүмкүн).
2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 8-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, граждандардын жана юридикалык жактардын өздөрүнө таандык болгон укуктарды жүзөгө ашыруудан баш тартышы бул укуктардын токтотулушуна алып келбейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайбыз:
"Ошол эле учурда калдыктарга менчик укугунан баш тартуу менчик ээсинин бул калдыктарга карата укуктарынын жана милдеттеринин башка юридикалык же жеке жак аларга менчик укугуна ээ болгонго чейин токтотулушуна алып келбейт.".
3. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүндө жер участокторун пайдалануучулар өздөрүнүн аймагында калдыктарды пайда кылгандыгы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тарта тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Ошол эле учурда жер участокторун пайдалануучулар кандай жоопкерчиликке тартыларын жана кандай ченемдик укуктук актыда мындай жоопкерчилик каралганын тактоону сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленүүдө.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.
Ошол эле учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 17-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Демек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары" деген түшүнүк жок, "жергиликтүү мамлекеттик администрация" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген түшүнүктөр бар.
Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө принциптеринде жүзөгө ашырыларын жана жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык жүргүзөрүн эске алуу керек.
Баяндалганды эске алуу менен Мыйзам долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктарын алардын функцияларына жана ыйгарым укуктарына ылайык өзүнчө жазууну сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге өндүрүш калдыктары менен иштөө, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү түрүндө милдеттерди белгилөө сунушталат.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин төртүнчү абзацында аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенттүү органы калдыктар менен иштөөнүн тартибин регламенттөөчү жана калдыктардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна коопсуздугунун талаптарын белгилөөчү эрежелерди жана ченемдерди иштеп чыгары жана бекитери белгиленген.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенттүү органы бекиткен жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерди жана ченемдерди сактоо юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдеттерине киргендей кылып баяндоону сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында өндүрүш калдыктарын өндүрүүчүлөр өндүрүш калдыктарынын пайда болуу ченемдерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү, ошондой эле аларды сактоону камсыз кылууга милдеттүү экендигин белгилөө сунушталат.
Ошол эле учурда өндүрүш калдыктарын өндүрүүчүлөр кайсы ченемдик укуктук актынын негизинде өндүрүш калдыктарынын пайда болуу ченемдерин иштеп чыгарын жана беките тургандыгын конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүндө калдыктарды көмүүдө жана (же) зыянсыздандырууда мыйзамдардын талаптары сакталган шартта ар кандай түрдөгү калдыктарды аралаштырууга жол берилерин белгилөө сунушталат.
Белгилей кетсек, "мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берген бүдөмүк мүнөзгө ээ.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамасын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүндө шилтеме берилген ченемдик укуктук актыларды талдоо жана алардын тармагын же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 7, 13, 14, 23, 24, 33-беренелери боюнча да ушундай.
8. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында кооптуулуктун I-IV классындагы калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча иштин түрлөрү мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде лицензияланууга тийиш экендиги каралган.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык коркунучтуу калдыктар менен иштеген юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде коркунучтуулуктун I-IV класстарындагы калдыктарды чогултуу, ташуу, кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча лицензия алууга милдеттүү.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 2-бөлүгүндө коркунучтуу калдыктарды ташуу боюнча иш мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде лицензияланууга тийиш деп каралган.
Ушундай эле Мыйзамдын долбоорунун 22-беренеси менен юридикалык жана жеке жактардын коркунучтуулуктун I-IV класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча иши "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш деп белгилөө сунушталат.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна кайталануучу ченемдерди киргизүүгө жол берилбейт деп эсептейбиз.
Ошондой эле "Лицензиялык-уруксат берүү иши жөнүндө" Мыйзамдын 15-17-беренелеринин жоболорун коркунучтуулуктун I-IV класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча ишти лицензиялоо маселелерин жөнгө салуунун толуктугуна карата талдоо зарыл.
Зарыл болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
9. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүндө өндүрүш калдыктарын ташууга өндүрүш калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документ болгондо жол берилет деп белгилөө сунушталат.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүндө өндүрүш калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документте ташылуучу өндүрүш калдыктарын өндүрүүчү жөнүндө, ташылуучу өндүрүш калдыктарынын менчик ээси жөнүндө, эгерде ал өндүрүүчү болуп саналбаса, ташылуучу өндүрүш калдыктарын алуучу жөнүндө, өндүрүш калдыктарын ташуучу юридикалык жак же жеке ишкер жөнүндө, өндүрүш калдыктарын ташуучу транспорт каражаты жөнүндө, ташылуучу өндүрүш калдыктарын таңгактоо жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеги саналган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам - бул белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү кыйла маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 3-бөлүгүндө аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы өндүрүш калдыктарын ташууга коштоочу документтин формасын бекитет, ошондой эле аны тариздөө тартибин белгилейт деп белгиленген. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүн өндүрүш калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документ үчүн талаптар жана зарыл болгон маалыматтар аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет деп баяндоону сунуштайбыз.
Ага ылайык коштоочу документ үчүн жогоруда саналган зарыл талаптарды Мыйзамдын долбоорунан алып салуу зарыл.
10. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузууларга калдыктар менен иштөө боюнча документтерге мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун жоктугу кирет деп белгилөө сунушталат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси экологиялык экспертизанын жоктугу үчүн кандайдыр бир жоопкерчиликти камтыбайт. Ошону менен бирге, жогоруда аталган Кодекстин 209-беренесине ылайык: "мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет".
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 209-беренесине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 3-бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 4-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде калдыктар менен иштөөгө мониторинг жүргүзөт деп белгилөө сунушталат.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде калдыктар менен иштөөнүн мониторинги боюнча тиешелүү жоболор камтылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
12. Мыйзамдын долбоорунун 31-беренесинде бул товарлардын керектөө касиеттерин жоготкондон кийин пайда болгон калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү үчүн утилизациялык төлөмдү белгилөө сунушталат. Ошону менен бирге сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана пластик пакеттерди кайра иштетүүгө Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык утилдештирүү жыйымы белгиленген.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору өндүрүш жана керектөө калдыктарын түзүү, чогултуу, сактоо, кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө саларын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун түшүнүк аппаратында утилдештирүүчү жыйымга толук камтыган аныктоону караштырууну сунуштайбыз.
Муну менен катар таштандылардын полигонго түшүү көлөмүн азайтууга багытталган экономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу мамлекеттик моделин түзүү жана өндүрүүчүлөргө кеңейтилген жоопкерчилик системасын киргизүү аркылуу экинчи ресурстарды өндүрүшкө кайтарууну камсыз кылуу максатында Мыйзамдын долбооруна утилдештирүү жыйымын администрациялоо механизмин кароону сунуштайбыз.
13. "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзам жаңы редакцияда кабыл алынып жаткандыгын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 8, 18, 20, 26, 28-беренелеринен колдонуудагы мыйзам алдындагы актыларга шилтемелерди алып салуу зарыл.
14. Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде күчүнө кирет деп каралган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 30-беренесине ылайык, эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушуга байланыштуу 35-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.";
15. Мыйзам долбоорунун 35-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыны толугу менен же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу, эгерде күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса, ушул актыны же анын структуралык бөлүгүн күчүн жоготту деп тапкан ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып аталган ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу токтойт дегендикти билдирет.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 17-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө бардык мыйзамдарды күчүн жоготту деп таанууну караштыруу зарыл.
16. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 42 жана 43-пункттарына ылайык келтирүү зарыл, анда айрым беренелер тегерек кашаа менен жабылуучу араб цифралары менен белгиленүүчү пункттарга бөлүнөт.
Пункттар мамлекеттик тилдин алфавитинин кичине тамгалары менен белгиленүүчү, тегерек кашаа менен жабылуучу пунктчаларга бөлүнөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жогоруда айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.