Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-майы № 283-т
Салттуу үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, балдарды жана жаштарды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоону күчөтүү, ошондой эле үй-бүлөлүк укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө: тиркемеге
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына инвентаризация жүргүзсүн;
- үй-бүлөлүк укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүн ишке тартууга жана маалыматтарды суроого укуктуу деп белгиленсин.
4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары;
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары.