КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-июну № 324-т
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Эстония Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
|
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Эстония Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Эстония Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
- Тараптардын ортосунда болгон достук мамилелерди кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
- билим берүү жаатында кызматташуу эки Тараптын түшүнүшүүсүн шарттайт деп ишенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ар бир мамлекетте колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эки өлкөнүн ченемдерине ылайык өнөктөштүк жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде билим берүү жаатындагы кызматташуунун ар түрдүү формаларын колдойт.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, билим берүү системасынын түзүмүнө жана уюштурулушуна, окуу планына, дидактикалык материалдарга жана эки Тараптын ийгиликтүү кызматташуусу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарга тиешелүү маалыматтарды жана колдонуудагы ченемдик-укуктук документтерди алмашууга көмөктөшөт.
3-берене.
Тараптар билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну колдойт, илимий кызматташууга, окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын, билим берүү кызматкерлеринин, академиялык персоналдын, илимий кызматкерлердин, эксперттердин жана адистердин мобилдүүлүгүнө көмөктөшөт.
4-берене.
Тараптар жогорку билим берүү, жождон кийинки билим берүү (докторантура), окутуучулар, академиялык персонал жана илимий кызматкерлер үчүн стажировкаларды өтүү жаатында стипендияларды берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Которуу жана каржылоо жол-жобосу эки өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына жана колдо бар болгон финансылык булактарга ылайык өзүнчө программа менен белгиленет.
5-берене.
Аталган иш-чараларды каржылоо ар бир Тараптын финансылык каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
6-берене.
Бул Макулдашууга ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча протоколдорду түзүү жолу менен Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана ишке ашырууга карата Тараптардын ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда жазуу жүзүндө кабарлоо жибербесе, анын колдонулушу ар бир кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
_________ шаарында "___" __________ эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, эстон, орус жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |
| Эстония Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |