Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 6-июлу № 370-т
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген кырдаалда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |