Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-июлу № 396-т
"Кыргыз Республикасындагы социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда расмий делегациянын башчысынын орун басарына ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасындагы социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, расмий делегациянын башчысы; |
Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Толонов Данияр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Раимбачаева Винера Калыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шакиев Нурланбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Бекташов Талантбек Изатиллаевич | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары. |