Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 8-августу № 421-т
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Экономикалык диверсификациялоо программасы - 3-чакан программа" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Экономикалык диверсификациялоо программасы - 3-чакан программа" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Экономикалык диверсификациялоо программасы - 3-чакан программа" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, расмий делегациянын башчысы; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
макулдашуу боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин өкүлү; |
макулдашуу боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Токтоматов Нурмамбет Талгатович | - | "Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо программасын колдоо" техникалык жардамынын консультанттар тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |