Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 7-июлу ПТ № 123
Жүргүзүлүп жаткан реформаларды андан ары кеңейтүү боюнча ишти активдештирүү, финансылык жана техникалык көмөк көрсөтүүнү тартуу боюнча чараларды уюштуруу, өлкөнү өнүктүрүүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган, анын ичинде 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өзгөртүп түзүүлөр боюнча чараларды координацияланган жана тездетип аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле 2021-жылдын 13-декабрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Институттук өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун аткаруу максатында:
1. Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитет (мындан ары - Комитет) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары Комитет койгон милдеттерди аткаруу, ошондой эле 2021-жылдын 13-декабрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Институттук өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иштерди артыкчылыктуу тартипте жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Комитеттин чечимдери милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендиги;
2) Комитет зарыл болгон учурда жумушчу топторду түзүүгө (өз кезегинде жумушчу топтор чакан топторду түзүүгө укуктуу), өз ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча), көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды, бизнес-коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги;
3) Комитеттин мүчөлөрү башка кызматка өткөндө анын курамына ушул кызмат орундарына жаңыдан дайындалган адамдар киргизилери;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик органдардын арасында координациялоочу орган болуп саналары.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) Комитеттин, Комитеттин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин суроо-талабы боюнча керектүү маалыматтарды берип турсун жана алардын ишине бардык көмөктү көрсөтсүн.
5. Комитеттин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн жана ага Комитеттин ишинин алкагында реформаларды ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле кийин жумушчу топтордун ишинин жыйынтыктарын талдоо жана Комитеттин кароосуна чыгаруу менен жумушчу топтордун ишине катышуу ыйгарым укуктары берилсин.
6. Комитеттин ишинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгына жана тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, Комитеттин катчылыгынын жетекчиси.
Комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору.