Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 20-июну № 354-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык:
1. Азия-Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 354-т тескемеси менен жактырылган |
Азия-Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Азия-Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашуу (мындан ары - Алкактык макулдашуу) ар кандай деңгээлде өнүккөн өлкөлөр үчүн жеткиликтүү, универсалдуу инструмент катары иштелип чыккан жана укуктук жана техникалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн адистештирилген өкмөттөр аралык механизмди түзүү жолу менен ЭСКАТОго катышкан кызыкдар өлкөлөрдүн ортосунда кагазсыз трансчек аралык соода (маалыматтарды алмашуу) жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Алкактык макулдашуу 2021-жылдын 20-февралында күчүнө кирген. Бул документ кагазсыз соода жүргүзүү чөйрөсүн гана камтыйт жана тараптардын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана билим экономикасына оперативдүү өтүү боюнча инновациялык чараларды көрүүсүнө көмөк көрсөтөт.
Алкактык макулдашуу ДСУнун соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуусун жана кагазсыз соода жүргүзүү жана электрондук коммерция чөйрөсүндөгү башка субрегиондук демилгелерди мындай чараларды натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү менен толуктайт.
Алкактык макулдашуунун максаты электрондук формадагы соода жөнүндө документтерди жана маалыматтарды өз ара таануу жана алмашуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу, ошондой эле эл аралык соода бүтүмдөрүнүн натыйжалуулугун жана транспаренттүүлүгүн жогорулатуу жана ченемдик талаптарды кыйла так сактоону камсыз кылуу максатында "бирдиктүү терезе" улуттук жана субрегиондук системаларынын жана/же кагазсыз сооданын башка системаларынын операциялык шайкештигин жогорулатууга көмөктөшүү аркылуу кагазсыз сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык Алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.
Алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келбейт.