Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-июну ПТ № 110
Мамлекеттик аудитти реформалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик аудитти реформалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2023-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик аудит системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик аудитти реформалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Акматов Алмазбек Шаршембиевич | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; |
Баатырова Гулнара Маришовна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Алиев Бактыяр Дженишбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы. |