Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 355-т тескемеси менен жактырылган
|
2014-жылдагы 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 9-декабры
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер, мындан ары мүчө мамлекеттер деп аталып,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 115-беренесин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр боюнча макулдашышты:
1-берене.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 72-берененин 2-пунктунун биринчи абзацы "ушул Келишимдин 18-тиркемесине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколдо (көрсөтүлгөн Келишимге № 18 тиркеме);
2-пункт жыйырма биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр" - маалыматтык-телекоммуникациялык тармак (электр байланыш тармагы), анын ичинде Интернет аркылуу көрсөтүлгөн, маалыматтык технологияларды пайдалануусуз көрсөтүүгө мүмкүн болбогон жана тизмеси Комиссиянын Кеңеши тарабынан бекитилген кызмат көрсөтүүлөр;";
28-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепте турган, жана (же) ишке ашыруу орду башка мүчө мамлекеттин аймагы болуп саналган өкүлчүлүктүн банк эсебин ачууга гана жана (же) ошол башка мүчө мамлекетте кыймылсыз мүлк жана (же) транспорт каражаттарынын бар болушуна байланыштуу ишин аткарбаган (кызмат көрсөтпөгөн) бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнө (уюмуна же жеке ишкерине) салык декларацияларын берүү жана ушул башка мүчө мамлекеттин бюджетине КНС төлөө боюнча милдет жүктөлбөйт.
Ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн салык төлөөчү ишке ашыруунун орду ушул башка мүчө мамлекеттин аймагы деп таанылган жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарганда (көрсөткөндө), ушул башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепте турган сатып алуучу-салык төлөөчү (уюм же жеке ишкер) мындай жумуштар (кызматтар) боюнча ушул башка мүчө мамлекеттин бюджетине КНСтин тиешелүү суммасын эсептөөгө жана төлөөгө (эгерде бул ушул башка мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленсе кармап калууга) милдеттүү.
Ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн салык төлөөчү ишке ашыруунун орду ушул башка мүчө мамлекеттин аймагы деп эсептелген жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарганда (көрсөткөндө), сатып алуучу-жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак, ушул башка мүчө мамлекеттин бюджетине КНСтин тиешелүү суммасын эсептеп чыгууну жана төлөөнү (кармап калууну) жүргүзбөйт.
Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө КНС алуу ушул Протоколдун тиркемесине ылайык тартипте жүзөгө ашырылат.";
29-пунктта:
4-пунктчасында:
экинчи абзацында "маалымат" деген сөздөн кийин "(электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук түзүлүштөрдүн жана маалыматтар базаларынын ар кандай түрлөрү үчүн программалык камсыздоону (электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү үчүн программалык каражаттарды жана маалыматтык продуктуларды) иштеп чыгуу, аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалыматтар базаларын коштоо (тейлөө) жана жеткире иштеп чыгуу боюнча иштер, кызматтар (электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо)";
алтынчы абзац "электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү (мындай кызматтарды сатып алуучунун иш жүргүзгөн жери ушул Протоколдун тиркемесине ылайык аныкталат)";
Төмөнкү мазмундагы 6-пунктчасы менен толукталсын:
"6) ушул мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан ушул пункттун 4-пунктчасында каралган иштер аткарылат, кызмат көрсөтүүлөр (электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо), алар ишти жүзөгө ашырган же башка мүчө мамлекетте туруктуу жашаган жана жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак тарабынан сатып алынат.";
30-пункттун биринчи абзацы "(эгерде ушул Протоколдо башкача каралбаса)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тиркеме менен толукталсын:
|
| "Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколго тиркеме |
Электрондук түрдө кызматтарды көрсөтүүдө кошумча нарк салыгын алуу ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине (мындан ары - Келишим) жана Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколго (Келишимге № 18 тиркеме) ылайык иштелип чыккан (мындан ары - Протокол) жана бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан башка мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнө, ошондой эле жеке жактарга (башка мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жеке ишкерлер жана салык төлөөчүлөр болуп саналбаган, бирок ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган ишти жүзөгө ашыруунун ордун аныктоонун тиешелүү шарттарында) электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө КНС алуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр Протоколдо аныкталган маанилерде колдонулат.
II. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин электрондук түрдө түзүү
3. Комиссиянын Кеңеши бекиткен электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин мүчө мамлекеттер түзөт.
4. Ушул Тартипти жана Протоколду колдонуу максатында электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:
1) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу, эгерде маалыматтык-телекоммуникациялык тармак, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу заказ берүүдө товарларды жеткирүү (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) мындай маалыматтык-телекоммуникациялык тармакты пайдаланбастан ишке ашырылса;
2) материалдык алып жүрүүчүлөрдө жана (же) материалдык алып жүрүүчүлөрдө маалыматтар базасында электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү (компьютердик оюндарды кошкондо) үчүн программалык камсыздоону ишке ашыруу (пайдалануу укугун өткөрүп берүү);
3) маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка, анын ичинде Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.
III. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучунун ишин электрондук түрдө жүзөгө ашыруунун ордун аныктоо
5. Эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу уюмдун ишин жүзөгө ашыруучу жер болуп мүчө мамлекеттин аймагы таанылат:
1) ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, уюм мүчө мамлекеттин аймагында мамлекеттик каттоонун негизинде иш жүргүзсө;
2) кызмат көрсөтүүлөр уюмдун мамлекеттик каттоо орду болуп саналбаган, ушул мүчө мамлекетте жайгашкан уюмдун филиалына, өкүлчүлүгүнө, туруктуу өкүлчүлүгүнө көрсөтүлсө же уюмдун мындай филиалы, өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлчүлүгү үчүн сатылып алынса жана ал тарабынан керектелсе;
3) уюмдун туруктуу иштеген аткаруу органынын жайгашкан жери (башкаруу орду) бул уюмдун мамлекеттик каттоо орду болуп саналбаган ушул мүчө мамлекетте турса жана бул мүчө мамлекетте уюмдун ишкердик иши иш жүзүндө жүзөгө ашырылса, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр керектелсе.
6. Эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, жеке жактын, анын ичинде электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган жеке ишкердин ишин жүзөгө ашыруучу жер болуп мүчө мамлекеттин аймагы таанылат:
1) сатып алуучунун жашаган жери (туруктуу же артыкчылыктуу жашаган жери) ушул мүчө мамлекетте болсо;
2) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн сатып алуучу тарабынан пайдаланылуучу эсеп ачылган банктын же сатып алуучу тарабынан кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө жүзөгө ашырылуучу электрондук акча каражаттарынын операторунун жайгашкан жери ушул мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан болсо;
3) кызматтарды сатып алууда колдонулган сатып алуучунун тармактык дареги ушул мүчө мамлекетте катталса (тиешелүү дарек мейкиндигине кирет);
4) кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу же төлөө үчүн сатып алуучу пайдаланган телефон номеринин өлкөсүнүн эл аралык коду ушул мүчө мамлекет тарабынан ыйгарылса;
7) электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган жеке ишкердин ишин жүзөгө ашыруунун орду бул жеке ишкер катталган мүчө мамлекеттин ушул Тартип күчүнө киргенден кийин кабыл алынган ченемдик укуктук актыларында белгиленсе, уюмдар үчүн колдонулуучу ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган шарттардын негизинде аныкталат.
8) эгерде ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган шарттарга ылайык электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган жеке жактын ишин жүзөгө ашыруучу жер бирден ашык мүчө мамлекеттин аймагы деп таанылышы мүмкүн болсо, сатуучу мүчө мамлекеттин аймагында көрсөтүлгөн шарттардын көбүрөөк санын бир убакта сактоого негизденүү менен мындай жеке жактын ишин жүзөгө ашыруучу жерди аныктайт.
Бир нече мүчө мамлекеттердин аймактарында 6-пунктта көрсөтүлгөн шарттардын бирдей санын бир эле учурда сактоодо сатуучу электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучулардын чектелбеген чөйрөсү үчүн колдонуучу ыкмалардын негизинде мындай жеке жактын ишин жүзөгө ашыруунун ордун өз алдынча аныктайт.
IV. Электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүүдө КНС төлөө
9) КНС төлөө максатында башка мүчө мамлекеттин аймагы ишмердигин жүзөгө ашыруунун орду катары таанылган жеке жактарга электрондук түрдө кызмат көрсөткөн бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү, ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ошол башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепке алынууга тийиш. Эсепке коюу аталган салык органынын Интернет тармагындагы маалыматтык ресурсун (мындан ары-маалыматтык ресурс) пайдалануу аркылуу же эгерде бул мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралса, аймагы мындай кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер болуп саналган мүчө мамлекеттин салык органында шарттуу каттоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
10) КНСти төлөө максатында ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ишин жүзөгө ашыруунун орду башка мүчө мамлекеттин аймагы деп таанылган уюмдарга жана (же) жеке ишкерлерге электрондук түрдө кызмат көрсөткөн бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү, эгерде мындай милдет ушул башка мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо, ошол башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепке алынууга тийиш.
Аймагы электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер болуп саналган мүчө мамлекеттин салык органында салык төлөөчүнү-сатуучуну эсепке алуу боюнча милдет мындай мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралбаган болсо, анда КНСти эсептөө жана төлөө (кармоо) боюнча милдеттерди өзүнүн мүчө мамлекетинин мыйзамдарында каралган тартипте электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган уюмдар жана (же) жеке ишкерлер жүзөгө ашырат.
Эгерде сатуучу-салык төлөөчүлөр мындай башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепке алууну жүзөгө ашырбаса (эсепке коюу боюнча милдет сатып алуучунун ишин жүзөгө ашырган жери боюнча мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган учурда), анда КНСти эсептөө жана төлөө (кармоо) боюнча милдетти өзүнүн мүчө мамлекетинин мыйзамдарында каралган тартипте электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган уюмдар жана жеке ишкерлер жүзөгө ашырат.
Эгерде сатып алуучунун ишин жүзөгө ашыруучу жер деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен мындай мүчө мамлекеттин салык органында жеке жактарга, анын ичинде жеке ишкерлерге же жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга электрондук түрдө кызмат көрсөтүү менен байланышкан негиздер боюнча гана эсепке коюу каралган болсо, бирок салык төлөөчү-сатуучу мындай кызматтарды жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, ошондой эле уюмдарга көрсөтүүнү жүзөгө ашырса, уюмдар жана (же) жеке ишкерлер электрондук түрдө сатып алган кызмат көрсөтүүлөргө карата КНСти эсептөө жана төлөө (кармап калуу) боюнча милдетти сатып алуучунун ишин жүзөгө ашыруучу жер деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган уюмдар жана (же) жеке ишкерлер жүзөгө ашырат.
Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү уюмдардын тизмеси мүчө мамлекеттердин салык органдарынын Интернет тармагындагы расмий сайттарында көрсөтүлгөн уюмдар кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө сатып алуу жүзөгө ашырылып жаткан мүчө мамлекеттин салык органдарында эсепке коюлган датаны, төлөөчүнүн эсептик номерин же салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин же салык төлөөчүнүн каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен жайгаштырылууга тийиш.
11. Бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан ишке ашырылуучу жери катары башка мүчө мамлекеттин аймагы таанылган электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөндө, ошол башка мүчө мамлекеттин салык органдарында каттоодо турган, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучулар менен түздөн-түз эсептешүүгө катышкан уюмдун (жеке ишкердин) ортомчулугу менен электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчү менен келишимдин негизинде КНСти эсептөө жана төлөө (кармоо) салык төлөөчү эмес, эсептешүүлөрдө ушундай ортомчу тарабынан жүргүзүлөт.
Биринчи мүчө мамлекеттин салык органдарында же аймагы мындай кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер катары таанылбаган башка мүчө мамлекеттердин салык органдарында каттоодо турган ортомчулук менен ишке ашырылуучу жери башка мүчө мамлекеттин аймагы болуп эсептелген бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан электрондук түрдө кызмат көрсөткөн мындай салык төлөөчү менен келишимдин негизинде ошол башка мүчө мамлекетте мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучулар менен түздөн-түз эсептешүүгө катышкан уюм (жеке ишкер), КНСти эсептөө жана төлөө (кармап калуу) эгерде ушул башка мүчө мамлекетте эсепке алуу жана салыкты коюу боюнча милдет ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарына ылайык ушундай салык төлөөчүдө пайда болсо, электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчү эмес, эсептешүүлөрдө ушундай ортомчу тарабынан жүргүзүлөт.
Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөр учурунда эсептешүүлөрдө бир нече ортомчулардын катышуусу менен жүргүзүлсө КНСти эсептөө жана төлөө (кармап калуу) ортомчунун салык төлөөчү-сатуучу менен келишими бар экендигине карабастан сатып алуучу менен эсептешүүлөрдү түздөн-түз жүргүзгөндөн өндүрүлөт.
Ушул пункттун биринчи-үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн учурларда, башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепке алуу, салык декларацияларын берүү, КНС төлөө жана салык төлөөчү үчүн ушул Тартип менен аныкталган башка милдеттерди аткаруу боюнча ушул Тартиптин талаптары эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн ортомчуга жайылтылат.
Ушул пункттун жоболору салык төлөөчү-сатуучу тарабынан электрондук түрдө кызмат көрсөтүү учурларына өз алдынча, ошондой эле анын филиалы, өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлчүлүгү аркылуу электрондук түрдө кызмат көрсөтүү орду болуп саналган мүчө мамлекетте жайгашкан учурларга жайылтылбайт.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн эсептөөлөрдө мындай кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчүлөрдү жана ортомчуларды салык органында эсепке коюунун (эсептен чыгаруунун) тартиби, салыктык база, КНСтин ставкалары, КНСти эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби, салыктык жеңилдиктер (салык салуудан бошотуу), ошондой эле КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүүнүн (эсепке алуунун) тартиби, эгерде ушул Тартиптин 15-пунктунда башкача каралбаса, аймагы мындай кызматтарды ишке ашыруучу жер деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат.
13. Эгерде бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү ушул башка мүчө мамлекеттин аймагында көрсөтүлгөн электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНСти төлөө үчүн башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепте турса жана мында Протоколдун 29-пунктунун 1-4-пунктчада каралган иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча башка операцияларды жүзөгө ашырса, аларды ишке ашыруунун орду ушул башка мүчө мамлекеттин аймагы деп таанылса, анда ушул башка операциялар боюнча КНС төлөө, эгерде ушул башка мүчө мамлекеттин мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
14. Эгерде бир мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү ушул Тартиптин 9-11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча эсепке коюлууга тийиш болсо же башка мүчө мамлекеттин салык органында эсепте турган болсо, анда ал аймагы кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген форма боюнча же ошол мүчө мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан бекитилген форма боюнча тиешелүү салык декларациясын салык органына берет. Көрсөтүлгөн салык декларациясы мүчө мамлекеттин салык органынын маалыматтык ресурсу аркылуу салык органына берилет, анын аймагы кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер деп таанылат.
Эгерде салык декларациясы мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык берилбесе, анда салык төлөөчү ушул пункттун биринчи абзацында каралган салык декларациясын салык органына берүү милдеттенмесин аткарбастан белгиленген мөөнөткө КНС төлөөнү жүргүзөт.
Контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында аймагы электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун орду деп таанылган мүчө мамлекеттин салык органы мындай кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчүдөн кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун ордун, КНСтин толук жана өз убагында төлөнгөндүгүн тастыктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана белгиленген мөөнөткө карата КНСтин төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документин (документтерин) же анын көчүрмөсүн талап кылууга укуктуу.
Талап кылынуучу документтер салык органынын талаптарында көрсөтүлгөн датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде сураткан салык органына электрондук түрдө берилүүгө тийиш. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде салык органы маалыматтарды жана (же) төлөм документтерин берүү мөөнөтүн узарта алат.
15. Салык төлөөчү тарабынан бир мүчө мамлекет электрондук түрдө көрсөтүлгөндө жана Протоколдун 29-пунктунун 1-4-пунктчада каралган иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча башка операциялар жүргүзүлгөндө, аны ишке ашыруунун орду башка мүчө мамлекеттин аймагы деп таанылат, салык базасын аныктоо учуру (датасы) көрсөтүлгөн кызматтар (аткарылган иштер) үчүн акы (жарым-жартылай төлөө) же алдыдагы кызмат көрсөтүүнүн (жумуштарды аткаруунун) эсебине акы төлөө (жарым-жартылай төлөө) келип түшкөн кварталдын же айдын акыркы күнү (эгерде мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салыктык мезгил болуп саналса) болуп саналат.
Салык базасын аныктоодо чет өлкөлүк валютадагы көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркы, эгерде аймагы мындай кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды) ишке ашыруу орду деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык базасын аныктоо учуруна (датасына) ылайык келген күнгө карата мүчө мамлекеттин улуттук (борбордук) банкынын курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет.
16. Ушул Тартиптин 9 жана 14-пункттарында каралган Маалыматтык ресурстар түзүлгөнгө чейин электрондук түрдө кызмат көрсөткөн уюмдарда же ортомчулугу менен ушундай кызматтарды көрсөтүү жүзөгө ашырылган уюмдарда КНСти эсептөө жана төлөө (кармап калуу) боюнча милдеттер пайда болбойт.
Мындай милдет тиешелүү түрдө электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган уюмга (жеке ишкерге) жүктөлөт, эгерде бул милдет анын аймагы электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер болуп саналган мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо.
Ушул пункттун жоболору аймагы электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруучу жер болуп саналган мүчө мамлекеттин салык органында шарттуу каттоодон өткөн салык төлөөчү-сатуучуга жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду мүчө мамлекеттер аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү депозитарий дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында орус тилинде бир түп нускада түзүлгөн.
Бул Протоколдун түп нускасы Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ал ушул Протоколдун депозитарийи болуп саналып, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир мүчө мамлекетке жөнөтөт.
Армения Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Беларусь Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Россия Федерациясы үчүн |
|
|