Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 20-июну № 355-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кызматтарды электрондук формада көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Жапаров | |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 355-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кызматтарды электрондук формада көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кызматтарды электрондук формада көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу, ушул Протоколду ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.
Протокол төмөнкүлөрдү караган электрондук кызмат көрсөтүүлөргө КНС төлөөнүн эл аралык механизмин бекитүүгө багытталган:
- кызмат көрсөтүүнү керектөө орду боюнча, баруучу өлкөнүн принцибинин окшоштугу боюнча КНС төлөө;
- салык төлөөчүнү керектөө-өлкөсүндө Интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте эсепке алуу же шарттуу каттоо;
- кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө аларды төлөөнү контролдоо механизми жөнүндө протоколдун айрым жоболорун техникалык жактан оңдоо (ЕАЭБ жөнүндө келишимге 18-тиркеме).
Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр түзгөн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү каралган.
Протоколду ратификациялоо ишкер субъекттери үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосунда электрондук формада кызмат көрсөтүүдө жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 5 тескемеси менен Протоколдун долбоору жактырылган жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында Бирликтин мүчө өлкөлөрүнө жиберилген.
Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2022-жылдын 25-апрелиндеги чечими), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2022-жылдын 25-апрелиндеги чечими) менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 309-т тескемеси менен жактырылган.
Протокол жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Аталган Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.