Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 13-июну № 330-т
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан, узундугу 7 км болгон Каракол - Челпек - Октябрь - "Каракол" тоо лыжа базасы автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |