Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-апрели № 180-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына "булут" технологиялары аркылуу, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде каттоодон өтүүдө түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын акысыз негизде берүүгө ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин "булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүү боюнча программалык камсыздоого кошуу менен байланышкан уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзсүн;
- "булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын алуу мүмкүнчүлүгү жана аларды колдонуу чөйрөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандары менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып алтымыш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |