Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 22-январы № 21-т
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-февралындагы № 81-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси ММБР ВАМСты башкарууну жана модернизациялоону жүргүзсүн.";
2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
- 2-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"маалымат системасынын оператору - маалымат системасын пайдалануу боюнча ишти, аны техникалык жана программалык коштоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси.";
- 6-пункттун үчүнчү абзацында "санариптештирүү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 180-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |