Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-июлу № 433-т
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукциондорду өткөрүү механизмдерин киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- 2023-жылдын 1-октябрынан баштап 2024-жылдын 1-октябрына чейин жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукциондорду өткөрүүнүн пилоттук долбоорун (мындан ары - пилоттук долбоор) ишке ашырсын;
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзүп турсун;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукциондорду туруктуу негизде өткөрүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.
2. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо 2023-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме 2023-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет жана 2024-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |