Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 433-т тескемесине) |
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо электрондук форматта жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукциондорду (мындан ары - электрондук аукцион) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
аффилирленген жак - бардык жеке же юридикалык жактар (берилген ыйгарым укуктардын чегинде алардын ишин контролдоочу мамлекеттик органдардан тышкары), алар бул жак тарабынан, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынуучу чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоого же аларга таасир этүүгө укуктуу, ошондой эле ага карата бул аффилирленген жак мындай укукка ээ болгон бардык жеке же юридикалык жактар. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) дагы таанылат;
электрондук аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн методу, мында бул укук электрондук аукциондун расмий порталында өткөрүлүүчү тоорукка коюлган жер казынасынын объекти үчүн тооруктун жүрүшүндө эң жогорку бааны жана мамлекеттик үлүштүн максималдуу өлчөмүн сунуштаган жана төлөгөн жакка берилет;
электрондук аукциондун расмий порталы - аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернетте жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга жер казынасын пайдалануу укугун аралыктан "жеке катышуусуз" алууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система;
электрондук аукциондун оператору - электрондук аукциондорду өткөрүүнүн расмий порталынын иштешин камсыз кылуучу юридикалык жак;
электрондук аукциондун расмий порталында каттоо - электрондук аукциондун техникалык оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу электрондук аукциондун расмий порталына катышуучуларды киргизүү (жеке кабинет);
жеке кабинет - электрондук аукциондун расмий порталындагы катышуучунун автоматташтырылган жумуш орду;
электрондук аукциондун расмий порталынын жабык бөлүгү - электрондук аукциондун расмий порталында катталган адамдар үчүн гана жеткиликтүү болгон сайттын бөлүгү;
электрондук аукциондун расмий порталынын ачык бөлүгү - иштөө үчүн расмий порталдын системасында каттоону талап кылбаган сайттын жалпыга ачык бөлүгү;
лицензиар - жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
өтүнмө берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жаран;
катышуучу - электрондук аукционго катышуу үчүн расмий порталда белгиленген тартипте катталган юридикалык же жеке жак;
жеңүүчү - электрондук аукциондо утуп алган катышуучу;
жер казынасынын объекттери - пайдалуу кен чыккан жерлер же Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын иштетүү жана/же геологиялык изилдөө үчүн арналган жер казынасынын участоктору;
электрондук аукционго катышуу үчүн жыйым - электрондук аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн, бирок республикалык бюджетке которуу үчүн арналган жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
электрондук аукциондун объектинин баштапкы ставкасы - "жер казынасын пайдалануу укугуна салык" бонусунун суммасына жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын (геологиялык маалыматтын пакети) наркына жана мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы өлчөмүнө барабар болгон аукцион башталган баштапкы ставка;
электрондук аукциондун кадамы - үстөктүн минималдуу өлчөмү, ага электрондук аукциондун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баштапкы ставкасы жана мамлекеттин үлүшү жогорулатылат;
электрондук аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объектине электрондук, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган эң жогорку ставка жана мамлекеттик үлүштүн эң чоң өлчөмү;
электрондук документ - магниттик дискке, магниттик лентага, лазердик дискке жана башка электрондук материалдарды алып жүрүүчүгө жазылган электрондук техникалык каражаттарды пайдалануу менен аны даярдоо, жөнөтүү, алуу же сактоо максатында маалыматты берүүнүн формасы;
маалыматтык билдирүү - маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү логикалык айкалыштырылган маалыматтардын жыйындысы;
өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналы - өтүнмөлөрдү электрондук форматта жазуу үчүн программалык-аппараттык каражат;
электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, атынан маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат.
3. Талапкерлер, катышуучулар, лицензиар жана оператор ортосундагы документ жүгүртүү электрондук аукциондун расмий порталы аркылуу электрондук документтер же документтердин электрондук үлгүлөрү, кагаздагы документтер, сканерлөө аркылуу электрондук санариптик формага которулган, ошондой эле электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) аркылуу кол коюлган документтер түрүндө жүргүзүлөт.
4. Электрондук аукцион өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү жер казынасынын участоктору боюнча жүргүзүлөт, алардын реестри жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын түзүлөт жана бекитилет.
Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участогуна өтүнмө келип түшкөн учурда электрондук аукциондорду өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү ал реестрге киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат.
5. Жер казынасын пайдалануу укугуна электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан электрондук документтер, анын ичинде лицензиардан, өтүнмө берүүчүдөн жана катышуучулардан алынган документтер электрондук аукциондун техникалык операторунда сакталат.
6. Электрондук аукциондорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыз кылуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - аукционду уюштуруучу) тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Электрондук аукционго коюлуучу жер казынасынын объекттери:
- аукциондук объекттердин тизмесине киргизилген жер казынасынын объекттери;
- эки конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталбагандыгынын натыйжасында аларды пайдалануу укугун электрондук аукционго өткөрүү жөнүндө аукциондун уюштуруучусунун чечими кабыл алынган жер казынасынын объекттери;
- электрондук аукционго коюуга арналбаган, бирок жер казынасын пайдалануу укугун алууга эки же андан көп өтүнмө келип түшкөн жер казынасынын объекттери.
8. Жер казынасын пайдалануу төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) геологиялык картага түшүрүү жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөр;
2) геологиялык-издөө иштери;
3) геологиялык чалгындоо иштери;
4) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, анын ичинде жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу;
5) пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды (мунайды, газды жана башка заттарды жана материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка муктаждыктар үчүн) куруу жана эксплуатациялоо;
6) илимий, маданий, тарыхый, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка маанидеги (илимий жана машыгуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы боштуктар) өзгөчө корголуучу объекттерди түзүү.
9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол алынган учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Лицензиарга, электрондук аукциондун техникалык операторуна өтүнмө берүүчү катары чыгууга тыюу салынат.
11. Электрондук аукционду уюштуруучу бир аукционго бир нече жер казынасынын объекттерин коюуга укуктуу. Мында жер казынасынын объекттери тиешелүү номерлерди ыйгаруу менен өзүнчө лотторго бөлүнөт.
12. Электрондук аукционго катышуу үчүн жыйым, электрондук аукцион жокко чыгарылган же өтүнмө ээси электрондук аукцион башталганга чейин өзүнүн аукционго катышууга өтүнмөсүн (мындан ары - аукциондук өтүнмө) чакыртып алган же аукционго катышууга уруксат берилбеген учурлардан тышкары, кайтарылып берилбейт. Жыйым кайтарылып берилген учурда ал 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш.
2. Электрондук аукционду өткөрүү процессин даярдоо
13. Электрондук аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө кабыл алынган чечим (мындан ары - электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө буйрук) саналат, анда жер казынасынын объектин электрондук аукционго коюунун шарттары (мындан ары - аукциондун шарттары) каралган.
14. Электрондук аукциондун шарттары жер казынасын пайдалануунун түрүнө, жер казынасынын объектинин изилденишинин даражасына жана башка факторлорго жараша жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жер казынасынын объекти жөнүндө жалпы маалыматтарды;
- жер казынасынын объектинин геологиялык мүнөздөмөсүн;
- жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды;
- электрондук аукциондун объектинин баштапкы баасын;
- электрондук аукционго катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик төгүмдүн өлчөмүн, ошондой эле аларды төлөө үчүн төлөм реквизиттерин;
- аукциондун кадамын;
- электрондук аукциондорду өткөрүү үчүн, ошондой эле аукциондордо жасалуучу бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн.
Электрондук аукционго катышуунун милдеттүү шарты болуп катышуучуларды расмий порталга каттоо жана квалификацияланган ЭКнын болушу саналат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кенди өздөштүрүү максатында аукциондун жеңүүчүсү тарабынан түзүлгөн юридикалык жактагы акционердин (катышуучунун) укуктарын, юридикалык жактагы акционердин (катышуучунун) укуктарын ишке ашыруу укугун 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык чарба жүргүзүүчү субъектке өткөрүп берет.
15. Электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү лицензиардын расмий веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү күнүнө чейин 45 (кырк беш) календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
16. Электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- объекттин аталышы, жайгашкан жери, пайдалуу казылманын түрү жана жер казынасын пайдалануунун түрү;
- жер казынасынын объектинин аянты жана запастары;
- электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу күнү, убактысы;
- электрондук аукционду өткөрүү тартиби жөнүндө маалымат;
- электрондук аукционго катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтердин тизмеси;
- жер казынасынын объектинин баштапкы ставкасы;
- жүргүзүлүп жаткан электрондук аукцион жана жер казынасын пайдалануу объекти боюнча материалдарды жана маалыматтарды ала турган телефон номери жана сайттын дареги;
- электрондук аукциондун расмий порталынын электрондук дареги;
- расмий порталында катталуу зарылдыгы жана ЭКнын бар экендиги жөнүндө маалымат.
17. Электрондук аукционго катышууну каалаган адамдар расмий порталда электрондук аукцион өткөрүлүүчү датага чейин кеминде 3 (үч) жумуш күн калганга чейин катталууга тийиш.
18. Электрондук аукционго катталуу жана катышуу үчүн катышуучу каттоо жол-жобосун жүргүзөт, анын жүрүшүндө расмий порталда жеке кабинетти түзүү үчүн төмөнкү реквизиттерди киргизет:
1) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен квалификацияланган ЭК менен кол коюлган же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-картаны) пайдалануу менен катталган өтүнмө, ал ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык расмий порталдын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук форманы толтуруу менен берилет.
Бир адам төмөнкү маалыматтарды камтыган бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу:
1) катышуучунун аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;
2) катышуучунун инсандыгын ырастоочу документ же юридикалык жактын укук белгилөөчү документи;
3) байланыш телефондору;
4) электрондук почтанын дареги;
5) квалификацияланган ЭК бар болушу жөнүндө маалымат.
19. Квалификацияланган ЭКнын жардамы менен кол коюлган өтүнмө электрондук аукциондун расмий порталынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган анын электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.
20. Өтүнмөгө PDF форматындагы төмөнкү электрондук документтер тиркелет:
- кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- электрондук аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
21. Өтүнмөнү берүү электрондук аукциондун бардык шарттары менен өтүнмө ээсинин макулдугу катары каралат.
22. Расмий порталдын оператору жеке кабинет аркылуу аукционду уюштуруучуга талапкерлер берген өтүнмөлөргө жана документтерге, ошондой эле өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына кирүүнү камсыз кылат.
23. Расмий порталдын системасында электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыяланган күндөн тартып, электрондук аукционго катышуу үчүн электрондук өтүнмө толтурган талапкерлерге өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейин уруксат берилет.
Мында электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы датасы жана убактысы шарттары менен расмий порталга жайгаштырылган маалыматтык билдирүүдө чагылдырылат.
24. Өтүнмө ээси электрондук аукционго катышууга берилген өтүнмөсүн өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин чакыртып алууга укуктуу.
25. Электрондук аукционго катышууга өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө билдирме берилген өтүнмөнү өтүнмө ээсине токтоосуз кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналат.
26. Өтүнмөнү чакыртып алуу, өтүнмө берүү мөөнөттөрү сакталган шартта, жаңы өтүнмө берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
27. Талапкер расмий порталдагы жеке кабинетинен өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы күнүнөн кечиктирбестен өтүнмөнү чакыртып алууга укуктуу.
28. Талапкер ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте өтүнмөнү чакыртып алган учурда, өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө билдирме бир сааттын ичинде тиешелүү лицензиардын жеке кабинетине келип түшөт, бул жөнүндө тиешелүү билдирме өтүнмө ээсине жиберилет.
29. Электрондук аукционго катышууга билдирмелерди каттоо аукцион өткөрүү жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн өтүнмөлөрдү берүүнүн бүткүл мөөнөтүнүн ичинде тиешелүү өтүнмө берилген күнү расмий портал аркылуу ишке ашырылат.
30. Расмий порталдын системасы берилген өтүнмөлөрдү ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына анын каттоо номерин, келип түшкөн күнүн жана убактысын көрсөтүү менен каттайт.
31. Расмий порталда каттоо маалыматтык билдирүүдө аныкталган убакыттын ичинде жеткиликтүү.
32. Электрондук аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте катталбаган жана кепилдик төлөмдү киргизүү менен электрондук аукционго катышууну ырастабаган катышуучуга электрондук аукционго катышууга жол берилбейт.
33. Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучулардын кепилдик төгүмдөрүн которуу электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
34. Электрондук аукцион электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлөт.
35. Электрондук аукциондун жүрүшү расмий порталдын электрондук журналында жазылат.
36. Расмий порталда электрондук документтерди түзүү, кабыл алуу жана жөнөтүү убактысы, ошондой эле лицензия алуу жол-жобосунун убактысы жергиликтүү убакытка туура келиши керек.
37. Аукциондун кадамы электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан жер казынасынын объектинин баштапкы баасынын жана мамлекеттин минималдуу үлүшүнүн он пайызынан кем эмес белгиленген өлчөмдө белгиленет жана бүткүл электрондук аукциондун жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.
38. Баштапкы баа жана аукциондук кадамдын өлчөмү баштапкы баадан уюштуруучу тарабынан аныкталат жана уюштуруучунун маалыматтык билдирүүсүндө көрсөтүлөт.
3. Электрондук аукционду өткөрүү тартиби
39. Электрондук аукционду расмий портал өткөрөт.
40. Электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукцион өткөрүүгө 3 (үч) жумуш күн калганда жеке кабинет аркылуу берилген өтүнмөлөрдү тартипке жана электрондук аукцион өткөрүү шарттарына (ар бир жер казынасынын объектине карата) ылайык келүүсүнө кароону ишке ашырат.
41. Өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционго катышууга уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
42. Электрондук аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер:
- өтүнмө, өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;
- өтүнмө ээсинен өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө арыз келип түшкөн, бирок өтүнмө буга чейин өтүнмө ээсине кайтарылып бериле элек болсо;
- өтүнмөнүн мазмуну өткөрүлүп жаткан электрондук аукциондун шарттарына жооп бербесе (башка жер казынасынын объекти, электрондук аукциондун датасы көрсөтүлсө).
43. Ушул Убактылуу жобонун 42-пунктунда каралган баш тартуу үчүн негиздер өтүнмө ээсинин аукционго катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жана электрондук аукцион башталганга чейин аныкталган учурда, электрондук аукциондун уюштуруучусу бул өтүнмө ээсинин уруксатын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
44. Электрондук аукционго катышууга уруксат берилген өтүнмө ээлери жана электрондук аукционго катышууга уруксат берилбеген өтүнмө ээлери аукциондун уюштуруучусу тарабынан электрондук аукцион башталганга бир күн калганда кабыл алынган чечимдер жөнүндө расмий портал аркылуу маалымдалат.
45. Биринчи электрондук аукциондун жалгыз катталган катышуучусу экинчи аукционго автоматтык түрдө катышууга уруксат берилди деп эсептелет.
46. Электрондук аукцион расмий порталда ага катышууга уруксат берилген экиден кем эмес катышуучунун катышуусунда өткөрүлөт.
47. Каттоо аяктагандан кийин катышуучулары билдирүү аркылуу расмий порталдагы шилтеме аркылуу чакырылат.
48. Электрондук аукционду өткөрүү расмий порталдын алгоритми боюнча ишке ашырылат.
49. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосунун жүрүшүндө расмий порталдын оператору катышуучуларга расмий порталдын жабык бөлүгүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн жана аларга электрондук аукционго коюлган жер казынасынын объектинин жана мамлекеттик үлүшүнүн баасы жана өлчөмү боюнча сунуштарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет.
50. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып расмий порталдын оператору тарабынан төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) расмий порталдын ачык бөлүгүндө - электрондук аукционду жер казынасынын объектинин аталышын, баштапкы баасын жана учурдагы "аукциондук кадамды" көрсөтүү менен өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалымат;
2) расмий порталдын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары расмий порталдын жабык бөлүгүндө - жер казынасынын объектинин баштапкы баасы жана мамлекеттик үлүшү, алардын келип түшкөн убактысы, баштапкы баа жөнүндө сунуштарды кабыл алуунун аяктоосуна чейин калган убакытты жана жер казынасынын объектинин мамлекеттик үлүшү тууралуу маалымат.
51. Расмий порталдын алгоритми менен төмөнкүлөр камсыздалат:
1) катышуучу тарабынан аукциондук кадамдын көлөмүнө учурдагы баанын жогорулашына ылайык келбеген жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттик үлүшү жөнүндө сунуш берүү мүмкүнчүлүгүн жоюу;
2) эгерде бул катышуучунун мүлктүн баасы боюнча сунушу башка катышуучу тарабынан мурда ушундай эле сунушту бергендигине байланыштуу кабыл алынышы мүмкүн болбосо катышуучуга билдирүү.
52. Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү расмий порталдын алгоритми боюнча электрондук маалымат базасында бекитилет, ал электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол түрүндө электрондук аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттик үлүшү жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган учурдан тартып көрсөтүлөт.
53. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукцион ачык формада өткөрүлөт. Аукциондук кадамдын көлөмү баштапкы баадан он пайыз өлчөмүндө белгиленет.
54. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукцион жер казынасынын объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын объектин пайдаланууга негизги талаптарды, жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартибин жана жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана аукциондук кадамды расмий порталда көрсөтүү менен башталат.
55. Расмий порталдын алгоритми менен таблого жер казынасынын объектинин баштапкы ставкасы чыгарылат жана убакыт эсептелип баштайт.
56. Эгерде расмий порталдын алгоритми менен баштапкы ставка көрсөтүлгөндөн жана 10 (он) мүнөт убакыт аралыгында бул маани үч жолу көрсөтүлгөндөн кийин аукциондун катышуучуларынын бири дагы ставканы көтөрбөсө, аукцион токтотулат жана өткөрүлгөн жок деп таанылат.
57. Ставканы көбөйткөн учурда алгоритм ставканы сунуштаган аукциондун катышуучусунун каттоо номерин жана мамлекеттик үлүштүн өлчөмүн, аукциондук кадамды эске алуу менен ставканы, же эгерде ал аукциондук кадамдан ашса, катышуучунун сунушун эске алуу менен көрсөтөт. Бир нече катышуучулардан сунуштар болгон учурда, алгоритм ставканы жана мамлекеттик үлүштүн өлчөмүн биринчи болуп сунуштаган аукциондун катышуучусунун каттоо номерин көрсөтөт.
58. Расмий порталдын алгоритми менен катышуучунун каттоо номери, өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик үлүштүн баасы жана өлчөмү аныкталгандан кийин аукциондун катышуучулары сунуштарды киргизүү жолу менен ставканы жогорулатууга укуктуу.
59. Расмий порталдын алгоритми катышуучунун каттоо номерин, ал сунуштаган ставканы жана мамлекеттик үлүштүн өлчөмүн көрсөтүү менен ставканын ар бир көтөрүлүшүн белгилейт.
60. Эгерде алгоритм 10 (он) мүнөт убакыт аралыгы менен кезектеги ставканы үч жолу көрсөткөндөн кийин аукциондун катышуучуларынын бири дагы ставканы көтөрбөсө, электрондук аукцион аяктады деп таанылат.
61. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү деп анын номери жана ал сунуш кылган ставка жана мамлекеттик үлүштүн өлчөмү расмий порталдын алгоритми менен акыркы болуп чагылдырылган электрондук аукциондун катышуучусу таанылат.
62. Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм жер казынасынын объектин төлөөнүн эсебине кошулат. Протоколго кол коюудан баш тарткан учурда - кайтарылбайт.
Эгерде электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө башкача каралбаса, электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүү датасына чейин 5 (беш) күндөн кечиктирбестен расмий порталдын операторуна билдирүү менен каалаган убакта расмий порталда өткөрүүнү жокко чыгара алат, ал өз кезегинде электрондук аукциондун катышуучуларына 3 (үч) күндөн кечиктирбестен кабарлайт.
63. Электрондук аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө чечим электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
64. Жеңүүчү ЭКТ аркылуу протоколго кол койгон учурдан тартып, электрондук аукциондун жол-жобосу аяктады деп эсептелет.
65. Протоколго кол коюлгандан кийин бир сааттын ичинде жеңүүчүгө аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү жиберилет, ошондой эле расмий порталдын ачык бөлүгүндө төмөнкү маалымат жайгаштырылат:
1) жер казынасынын объектинин аталышы жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар (лоттун спецификациясы);
2) жер казынасынын объектинин наркы жана мамлекеттин үлүшү;
3) жеңүүчү болгон - жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы.
66. Электрондук аукцион аяктагандан кийин расмий порталда электрондук аукциондун мамлекеттик үлүшү менен баштапкы баасы, ставкалардын толук тарыхы жана расмий порталдын оператору тарабынан ыйгарылган катышуучулардын жеке номерлери көрсөтүлөт. Ошондой эле 1 (бир) сааттын ичинде расмий порталдын оператору уюштуруучунун жеке кабинетине өткөрүлгөн электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду жиберет.
67. Өткөрүлгөн электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол жер казынасынын объекти үчүн толук сумма төлөнгөндөн кийин жеңүүчүгө тапшырылат.
68. Экинчи орунду ээлеген катышуучуну жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү расмий портал, электрондук почта, телефон байланышы аркылуу ишке ашырылат.
69. Жеңүүчү деп таанылган жана эки жолу төлөмдөн качкан электрондук аукциондун катышуучусу (жеке жана юридикалык жактар) баш тарткан учурдан тартып бир жылдын ичинде бардык электрондук аукциондорго катышуу укугун жоготот жана аукциондун уюштуруучусу тарабынан ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
70. Электрондук аукциондун жүрүшүндө тоорукту өткөрүүнүн кайсы учурунда болбосун башка катышуучулардын ставкаларына карата алар койгон ставканын абалын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматты жана электрондук аукциондун катышуучуларынын аракеттерине карата башка реквизиттерди расмий порталда катышуучунун аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүүгө жол берилбейт.
71. Электрондук аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон системанын бузулушу, электр энергиясын берүүсү жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурда аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын, бирок 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен аныктайт.
72. Электрондук аукциондун катышуучусу тарабынан Интернетке туташуудагы үзгүлтүктөр үчүн расмий порталдын оператору жоопкерчилик тартпайт. Аукциондун катышуучулары Интернет түйүнүнө үзгүлтүксүз кошулган техникалык жабдууга ээ болууга тийиш.
4. Электрондук аукциондун жыйынтыктарын тариздөө
73. Электрондук аукциондун жыйынтыктары электрондук аукцион аяктагандан кийин расмий портал тарабынан түзүлгөн протокол менен таризделет.
74. Протоколдо төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- электрондук аукцион өткөрүлүп жаткан жер казынасынын объектисинин аталышы;
- аукциондун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү (аталышы), юридикалык жактын реквизиттери же жеке ишкердин өздүгүн ырастоочу документтин маалыматтары;
- жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна лицензия үчүн ставканын жана мамлекеттик үлүштүн баштапкы ставкасы;
- катышуучунун номерин көрсөтүү менен электрондук аукциондун ар бир катышуучусунун бааларынын акыркы сунуштары;
- электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча белгиленген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия үчүн ставканын жана мамлекеттик үлүштүн акыркы өлчөмү;
- электрондук аукциондун болбогондугу жөнүндө маалымат (себептерин көрсөтүү менен).
75. Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол электрондук аукцион өткөрүлгөн күнү түзүлөт жана ага аукциондун катышуучулары ЭК аркылуу кол коюшат. Электрондук аукциондун катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда расмий порталдын алгоритми менен бул тууралуу тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
76. Электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол аукциондун уюштуруучусу тарабынан эки күндүк мөөнөттө бекитилет жана электрондук аукциондун объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
77. Жеңүүчүнүн протоколго кол коюудан же протоколго кол коюлгандан кийин 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган бааны төлөөдөн баш тартуусу жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тартуу болуп эсептелет.
Бул учурда расмий порталдын оператору үч жумуш күндүн ичинде кезек боюнча кийинки катышуучуларга, алар сунуштаган кийинки эң жогорку баадан баштап жер казынасынын объектисин пайдалануу укугун сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн белгиленген мөөнөт катышуучунун жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тарткан ар бир учурда колдонулат.
Мындай учурда аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алууга макулдук берген катышуучу таанылат.
78. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугунан бардык катышуучулар баш тарткан учурда, электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана электрондук аукционду экинчи ирет өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Мында баш тарткан катышуучуларга кепилдик төлөм төмөнкүдөй учурларда кайтарылбайт:
- катышуучулар катталгандан кийин электрондук аукционго катышуудан баш тартса;
- электрондук аукциондун жыйынтыктарынын протоколуна кол коюудан баш тартса;
- талап кылынган сумманы төлөөдөн баш тартканда;
- лицензия алуудан баш тартканда же электрондук аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып 20 (жыйырма) күндүн ичинде лицензия албаса;
- эгерде өтүнмө ээси электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин өзүнүн өтүнмөсүн кайра чакыртып алса.
79. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан төлөнгөн кепилдик төлөм жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн төлөм катары эсептелет. Калган сумма электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан аукциондун шарттарында көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде төлөнөт. Эгерде төлөнгөн кепилдик төлөмдүн суммасы электрондук аукциондун объектинин акыркы баасынан ашса, ашыкча сумма протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 банктык күндүн ичинде аукциондун катышуучусуна кайтарылып берилет.
80. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын жалпы суммасы электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан 15 (он беш) банктык күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешесине кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин тиешелүү кодуна которулууга тийиш.
81. Электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлгандан кийин жеңүүчү деп таанылган катышуучу 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- эгерде адам өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе, өкүлгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат;
- чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык анын учурдагы юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында катталган компаниялар, анын ичинде Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк компаниялардын филиалдары салык кызматынын мөөнөтү өтүп кеткен салык карызынын жоктугу жөнүндө кошумча маалымкат беришет.
82. Бонустун суммасын жана геологиялык маалымат пакетинин баасын алып салуу менен электрондук аукцион объектинин акыркы баасы төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 93 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 7 пайызы жер казынасынын объекти жайгашкан жери боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулат. Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуу лицензия алган аукциондун жеңүүчүсүнө жер участогун пайдаланууга берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда иш жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.
83. Аукциондун уюштуруучусу бир айлык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында аукциондун жеңүүчүсүнө объекттин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жөнүндө маалыматты жарыялоого милдеттүү.
84. Электрондук аукциондун жыйынтыгы, электрондук аукционду болгон жок деп таануу же аны токтотуу жөнүндө протокол аукционду уюштуруучунун расмий сайтында чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.
85. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин - чет өлкөлүк жеке же юридикалык жакка жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилгенге чейин аукциондун жеңүүчүсү 100% үлүштүк катышуусу менен туунду юридикалык жакты түзүүгө жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.
86. Лицензиялык макулдашууда электрондук аукциондун ажырагыс шарттары болуп саналган жана электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан кабыл алынган жер казынасынын объектин пайдаланууга негизги талаптар (инвестицияларды салуу, квалификациялуу адистерди тартуу, иштеп чыгууну баштоонун мөөнөттөрү, фабриканы куруу ж.б.) кошумча белгиленет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасында лицензиат тарабынан түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин 100 пайыздык үлүшү бар ыйгарым укуктуу чарбакер субъекттин лицензияны колдонуунун бүткүл мезгилине бекитилген үлүшүн сактоо жөнүндө милдеттенме аукциондун протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө лицензиялык макулдашуунун шарттарына киргизилүүгө тийиш.
87. Аукциондун жеңүүчүсү мындан ары жер казынасынын объектин пайдалануунун негизги талаптарын аткарбаган учурда, кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн кечиктирген ар бир күн үчүн жер казынасын пайдалануучу төлөгөн жер казынасынын объектинин наркынан ага күнүнө 0,1 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы колдонулат.
5. Электрондук аукционду жылдыруу, электрондук аукционду жокко чыгаруу, электрондук аукционду жараксыз деп таануу
88. Электрондук аукционду белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө тоскоол болгон жагдайлар келип чыккан учурда, электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан электрондук аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Бул жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
- ал жеткис күчтөрдүн, ошондой эле бул жагдайлардын шарттарында өзгөчө жана болтурбоочу жагдайлардын пайда болушу;
- электрондук аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон сот актысынын болушу.
89. Эгерде электрондук аукционду жылдыруу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алынса, анда өтүнмөлөрдү берүүнүн жаңы мөөнөтү белгиленет.
Электрондук аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшкөн өтүнмөлөр ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте катталат жана каралат.
Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымдоо электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү берилгендей тартипте жана ыкмада жүзөгө ашырылат, ошондой эле электрондук аукционго катышууга өтүнмө берген өтүнмө ээлерине ыкчам тартипте билдирилет.
Ушул Убактылуу жобонун максаттарында ыкчам тартипте деп телефондук байланыш, факсимилдик байланыш же электрондук почта каражаттары аркылуу маалымдоо түшүнүлөт.
90. Эгерде электрондук аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынса, анда өтүнмөлөрдү берүүнүн мурда белгиленген мөөнөтү өзгөрбөйт.
Бул учурда мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат электрондук аукционго катышууга өтүнмө берген өтүнмө ээлерине ыкчам тартипте билдирилет.
91. Электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
- электрондук аукционду өткөрүүнү даярдоо процессинде мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда электрондук аукционду өткөрүү датасына чейин үч күндөн кечиктирбестен;
- электрондук аукционду өткөрүү күнү соттук актылардын негизинде же ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринен улам.
Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна электрондук аукционду жокко чыгаруу тууралуу чечим аукциондун уюштуруучусунун буйругу менен таризделет. Аукцион жокко чыгарылган учурда, мурда берилген өтүнмөлөр жана төлөнгөн кепилдик төгүмдөр өтүнмө ээлерине кайтарылып берилет.
92. Ушул Убактылуу жобону бузуу менен өткөрүлгөн аукцион, эгерде бул бузуулар электрондук аукциондун жыйынтыктарына таасир тийгизсе, кызыкдар жактардын өтүнмөлөрү боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Электрондук аукционду жараксыз деп таануу электрондук аукциондо утуп алган адамдын жер казынасын пайдалануу укугунун жараксыздыгына алып келет.
93. Тараптардын ортосунда келип чыккан жана ушул Убактылуу жобо менен жөнгө салынбаган талаш-тартыштар администрациялык тартипте же Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен чечилет.
94. Өткөрүлгөн электрондук аукциондордун бардык материалдары, анын ичинде аукциондун бардык катышуучуларынын өтүнмөлөрү жана алар берген документтер, аукцион өткөрүү датасына чейин кайра чакыртып алынган өтүнмөлөр боюнча документтерди кошпогондо, аукциондун уюштуруучусу тарабынан 3 (үч) жылга чейин сакталат.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
Электрондук аукционго катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ Юридикалык жактар үчүн: Мен, __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы) _______________________________________________________________________________________ (укук белгилөөчү документ, инсандыгын ырастоочу документ) _______________________________________________________________________________________ (документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) (юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, катталган күнү жана каттаган орган, дареги, банктык реквизиттери) атынан, (адам кайсы документтин негизинде иш алып баргандыгы, эгерде өкүл ишеним кат боюнча иш алып барса - анда ишеним каттын реквизиттери көрсөтүлөт) негизинде аракеттенүүдөмүн.
Жеке жактар үчүн: Мен, __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү) ______________________________________________________________________________________ (инсандыгын ырастоочу документ) ______________________________________________________________________________________ (документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) Дареги боюнча жашаган: ________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ (шаар, айыл, көчө, үй жана батир №) ушуну менен __________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ (жер казынасынын участогу (участоктору) боюнча орду жана убактысы) _____________________________________________________________________________________, лоту (лоттору) боюнча өткөрүлө турган электрондук аукционго катышуу ниетин билдирем. Ушул ниетиме ылайык кепилдик төгүм жана электрондук аукционду өткөрүү үчүн мамлекеттик алым ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________ сом өлчөмүндө төлөндү, (жазуу түрүндө) _____________________________________________________________________________________; квитанциясы (квитанциялары) боюнча: - ___________________________________________________________________________________; - __________________________________________________________________________________. ошондой эле электрондук аукционго катышуу үчүн _________________________________________ _____________________________________________________________________________________ ________________________________________________________ сом өлчөмүндө жыйым төлөдүм, (жазуу түрүндө) квитанциясы (квитанциялары) боюнча: - ___________________________________________________________________________________; - __________________________________________________________________________________. Электрондук аукциондун тооруктарында жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем: 1) аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга; 2) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук аукциондо сатып алынган участоктун жер казынасын пайдалануу укугунун наркын электрондук аукциондун шарттарында аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө; 3) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл төлөмдөрдү төлөөгө; 4) белгиленген жер казынасынын участогун электрондук аукционго коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган жер казынасынын участогун пайдаланууга карата электрондук аукциондун уюштуруучусунун талаптарын аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда - Жер казынасын пайдалануу укугуна электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобонун 88-пунктунда белгиленген айып санкцияларын төлөөгө. Мен тооруктун жеңүүчүсү болуп таанылган жана кийин электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же жер казынасын пайдалануу укугунан баш тарткан учурда төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарылып берилбей тургандыгына макулмун. Участоктун жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алганга чейин ушул өтүнмө электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен бирге жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өтүнмө ээсинин ортосундагы келишимдин күчүнө ээ. Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет: 1. ____________________________________________________________________________________; 2. ____________________________________________________________________________________; 3. Кепилдик төгүмдүн жана электрондук аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү берүүдө паспортту өзү көрсөтөт. Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: Дата 20___-жылдын "___" __________
Кабыл алынды: _________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________. (өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызмат орду, так убакытты көрсөтүү менен өтүнмө кабыл алынган күн, өтүнмөнү кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу) |
|
|
| Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо ЖУРНАЛЫ
Журнал таблица формасында түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблицанын саптарында төмөнкү маалыматтар камтылат:
- каттоо номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык жак/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү, колу;
- инсандыгын ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана жери;
- юридикалык жак үчүн: аталышы, каттоо номери жана датасы, каттаган органдын аталышы;
- дареги, телефону;
- кепилдик төгүмдү кайтаруу үчүн банктык реквизиттер жана эсептин номери;
- кепилдик төгүм төлөнгөн дата, төлөө тапшырмасынын мүнөзү жөнүндө маалымат;
- кепилдик төгүмдү төлөөнүн суммасы;
- электрондук аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөнүн ырастаган документтин реквизиттери;
- каттоо датасы жана убактысы.