Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 30-майы № 294-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтындагы чополуу сланец кенин иштетүү 1-тиркемеге ылайык;
- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
1-тиркеме |
Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтындагы чополуу сланец кенин иштетүүгө тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13433488 | 4718763 |
2 | 13433155 | 4718765 |
3 | 13432844 | 4718941 |
4 | 13432797 | 4719487 |
5 | 13433830 | 4719952 |
6 | 13434348 | 4719510 |
Аянты 112,0 га | ||
|
| 2-тиркеме |
Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай чополуу сланец аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13432455 | 4718105 |
2 | 13431227 | 4719885 |
3 | 13433837 | 4721415 |
4 | 13436390 | 4722263 |
5 | 13436930 | 4720955 |
Аянты 946,0 га | ||