Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-июлу № 400-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салууну киргизүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин үчүнчү айынын 25инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимердик пленкадан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салууну киргизүү боюнча иш-чаралар планы
| Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Индикатор/күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
I. Полиэтилен баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү | |||||
1 | Ысык-Көл облусунда полимердик пленкадан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салууну киргизүү боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимердик пленкадан баштыктарды жана желим буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын июлу-августу | Полимер пленкасынан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча белгилөөчү жана эскертүүчү ченемдерин "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимердик пленкадан баштыктарды жана желим буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | ЖРЭТКМ |
Ысык-Көл облусунда полимердик пленкадан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга белгиленген тыюу салуулар бузулганда чараларды колдонууга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 213-1, 213-2 беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык полимердик пленкадан баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу бөлүгүндө талаптар бузулганда администрациялык чаралар регламенттелген | ||||
II. Полимердик пленкадан баштыктарды жана экоальтернативдик экобаштыктарды өндүрүүнү, КНСтин түшүүлөрүн талдоо, эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү | |||||
2 | ТЭИ ТН коду боюнча 39-топтогу полимердик товарларды жана калдыктарды импорттоону, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимердик пленкадан баштыктарды өндүрүүнү эсепке алуу | ТЭИ ТН коду боюнча 39-топтогу импорттоочулардын, товарларды, калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн акыркы 3 жылда ташып келүүнүн жана өндүрүүнүн санынын өсүү/төмөндөө динамикасын талдоо менен маалыматтар базасын түзүү | 2023-жылдын июлу | ТЭИ ТН коду боюнча 39-топтогу импорттоочулардын, товарларды, калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн акыркы 3 жылда ташып келүүнүн жана өндүрүүнүн санынын өсүү/төмөндөө динамикасын талдоо менен кеңейтилген маалыматтар базасы түзүлдү | ЭКМ, ФМ (МБК) |
3 | Кыргыз Республикасына импорттоодо, товар жүгүртүүдө, ошондой эле полимердик баштыктарды жергиликтүү өндүрүүдө салык салуу | Полимердик баштыктарды импорттоого, товар жүгүртүүгө жана жергиликтүү өндүрүүгө акыркы 3 жылдагы өсүү/төмөндөө динамикасын эске алуу менен КНС чегерүүлөрүн эсептөө жана талдоо | 2023-жылдын июлу | Акыркы 3 жылдагы өсүү/төмөндөө динамикасын эске алуу менен полимердик баштыктарды импорттоодо, товар жүгүртүүдө, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүдө КНС чегерүүлөрүнө талдоо жүргүзүлдү | ЭКМ, ФМ (МСК) |
4 | Ысык-Көл облусунда экологиялык коопсуз альтернативдик (текстиль, кагаз, биологиялык ажырама ж.б.) баштыктардын жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнүн ички рыноктун керектөөлөрүн жабуу кубаттуулугуна, ошондой эле импорттоочулардын мүмкүнчүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Альтернативдик экологиялык коопсуз баштыктарды өндүрүү боюнча импорттоочуларды, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү/тигүү цехтерин инвентаризациялоо, ошондой эле ички рыноктун суроо-талабын жабуу үчүн алардын өндүрүштүк кубаттуулугун эсептөө. Экобаштыктарды өндүрүү технологиясын кайра багыттап өзгөртүү | 2023-жылдын июлу | Үзгүлтүксүз жергиликтүү өндүрүш, экологиялык коопсуз баштыктарды импорттоо камсыздалды. Ысык-Көл облусундагы ички рыноктун керектөөсү толугу менен жабылды. Өндүрүшчүлөрдүн технологиясы кайра багытталып өзгөртүлдү | ЭКМ, жергиликтүү өндүрүүчүлөр, тигүү цехтери, импорттоочулар |
III. Профилактикалоо жана мамлекеттик контроль, полиэтилен баштыктарын пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча кеңири масштабдуу пропаганда жүргүзүү | |||||
5 | Ысык-Көл облусунда полимердик баштыктарды мыйзамсыз сатуу жана пайдалануу чөйрөсүндө укук бузууларды профилактикалоо | Жергиликтүү калктын, туристтердин арасында, эс алуу зоналарында, ден соолукту чыңдоо, курорттук-рекреациялык зоналарда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туруктуу профилактикалык жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүү | Туруктуу | Коомчулуктун арасында, чарбалык субъекттерде, соода түйүндөрүндө, курорттук-рекреациялык зоналарда профилактикалык жана алдын алуу чаралары жүргүзүлдү. Жалпысынан желим калдыктарга тыюу салуу, ошондой эле калдыктарды өзүнчө чогултуу жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугуна жетишилди | Ысык-Көл облусундагы КРПЫУӨ, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөтү жана башка ЖӨБО |
Автотранспортту токтотуу, Ысык-Көл облусуна киргенде, желим буюмдарды (баштыктар, бөтөлкөлөр жана бир жолу колдонулуучу идиштер) ташып кирүүгө тыюу салынгандыгы жана атайын урналарга калтыруу жөнүндө түшүндүрүү | Ысык-Көл облусуна киргенде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана желим буюмдар (баштыктар, бөтөлкөлөр жана бир жолу колдонулуучу идиштер) атайын урналарга калтырылды. Желим буюмдарды ташып келүүнүн саны кыскарды | ИИМ (МАИ), волонтерлор, ЖӨБО, ЖРЭТКМ | |||
6 | Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз товар жүгүртүү жана полимердик баштыктарды пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик контроль | Ысык-Көл облусунда юридикалык жана жеке жактар тарабынан полимердик баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүү | Туруктуу | Аныкталган бузууларды четтетүүгө жазма буйруктар берилген, полимердик баштыктарды мыйзамсыз сатуу жана пайдалануу боюнча административдик айыптар салынган, бул желим калдыктардын олуттуу кыскарышына алып келди | ЖРЭТКМ |
Браконьердик фактыларга бөгөт коюу боюнча оперативдүү рейддерди жүргүзүү, мыйзамсыз балык уулоо үчүн тыюу салынган синтетикалык (полимердик) торлорду алып коюу | Балык запастарына келтирилген зыян үчүн доолор коюлду. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар, конфискаттар (браконьердик курал, балык уулоочу торлор) укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилди | ||||
7 | Ысык-Көл облусунда полимердик баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча чараларды методикалык жана маалыматтык камсыздоо | Желим буюмдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны жөнүндө таркатылуучу методикалык окуу куралдарын, буклеттерди иштеп чыгуу, экобаштыктарды таратуу. Коомчулуктун арасында, соода түйүндөрүндө түшүндүрүү иштери, Массалык экологиялык акцияларды, марафондорду өткөрүү | 2023-жылдын июну-сентябры | Методикалык окуу куралдары, буклеттер, экобаштыктар таркатылды. Полимердик баштыктардын жана буюмдардын калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны жөнүндө темага арналган массалык экологиялык акциялар, марафондор өткөрүлдү | ЖРЭТКМ, ЭКМ (Монополияга каршы кызмат, Туризм департаменти), ММСЖСМ, "Эко Деми" КФ, ЖӨБО, ӨЭУ, экоактивисттер, волонтерлор |
8 | Ысык-Көл облусунда полимердик баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө кеңири-масштабдуу пропагандалоо жүргүзүү | Концепцияны иштеп чыгуу - жарнамалык компанияны жүргүзүү үчүн бирдиктүү комбинацияны түзүү үчүн Брендбук (дизайн, логотип, ураан ж.б.) | Туруктуу | Бардык тиешелүү атрибуттары менен бирдиктүү бренд макулдашылды жана кабыл алынды (Ысык-Көлдү сактайбыз) | "Эко Деми" КФ ЖРЭТКМ |
9 | Ысык-Көл облусунда Бишкек-Каракол автотрассасын бойлой полимердик баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө кеңири жарнамалык компанияны түзүү | Желим буюмдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны жөнүндө көрсөтмөлүү сүрөттөр менен Бишкек-Каракол автотрассасында билборддорду (такталарды) инвентаризациялоо жана орнотуу. Полиэтилен баштыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны, аларды турмуш-тиричиликте туура пайдалануу жөнүндө видеороликти даярдоо жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жайылтуу | 2013-жылдын июну-июлу | Бишкек - Каракол - Ысык-Көл облусу автотрассасында бардыгы 65 жарнамалык такта (мега-билборддор) орнотулду. Коомчулукка желим буюмдардын зыяны жөнүндө маалымдоо үчүн көрсөтмөлүү жарнама камсыздалды | ЭКМ (Туризм департаменти), Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы КРПЫУӨ, ЖРЭТКМ |
10 | Түрлөрү боюнча полимердик буюмдарды чогултуу үчүн орундарды уюштуруу (полиэтилен баштыктары, бөтөлкөлөр жана бир жолу колдонулуучу желим идиштер) | Полиэтилен баштыктарын, бир жолу колдонулуучу желим идиштерди жана бөтөлкөлөрдү андан ары кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө берүү үчүн өзүнчө чогултууга маркировкасы бар контейнерлерди орнотуу | 2023-жылдын июну-июлу | Ысык-Көл облусуна кире бериште 3 жерде желим буюмдарды чогултуу үчүн маркировкасы бар ар кандай формадагы бардыгы 30 урна орнотулган. Кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө берилген | ЖРЭТКМ, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы КРПЫУӨ, ЖӨБО, кайра иштетүүчү жана коммуналдык ишканалар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
КРПЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
КФ | - | коомдук фонд |