Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 27-июлу ПТ № 128
2023-жылдын 13-20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча эл аралык турнирди өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. 2023-жылдын 13-20-августунда Ысык-Кел облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө көк бөрү боюнча эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылдын 13-20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Зулушев Курманкул Токторалыевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Иманбетов Илияз Женишович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Имангазиев Алмаз Кулубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Урмамбетов Октябрь Жолдошевич - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Садыков Улан Асанбекович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Шаршеев Уларбек Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Чек ара кызматынын директору;
Абдымомунов Айбек Тынчылыкович - министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
Кулматов Эделбек Маматкулович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Солтобаев Талантбек Осмонбекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Алишеров Нурдин Куванычбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Жумадылов Калыбек Аманатович - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Самидинов Манасбек Самидинович - "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тилебаев Болотбек Кочкорович - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Рысбеков Алтынбек Дурусбекович - "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Бегалиев Талас Кубанычбекович - "Көк-Бөрү" Федерациясы" (Улак-тартыш) коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча).