КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы N 316-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-июлу № 440-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 597-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 686-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-2023-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планында:
- 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планында:
- 209-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун иштеп чыгууну улантсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары |
| Б.Торобаев |