Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 230-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 440-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 22-декабры № 686-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2023-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга кабыл алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-2023-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу ПЛАНЫ
№ | МЖӨ долбоорунун аталышы | Мамлекеттик өнөктөш/МЖӨ долбоорун аткаруучу | Инвестициялардын суммасы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
МЖӨ жөнүндө кол коюлган макулдашуулар | |||||
1 | Кант шаарынын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексиндеги спорттун оюн жана кышкы түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин сууда сүзүү бассейнин оңдоо | "Спорттун оюн жана кышкы түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби" мекемеси, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,2 млн. АКШ долл. | 2022-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
2 | Кампа имаратын, тиричилик тейлөө жайларын жана тигүү цехин куруу | КР Коргоо министрлигине караштуу "Ош батир - эксплуатациялык камсыздоо базасы" мамлекеттик ишканасы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,2 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
3 | Айыл чарба багытындагы 20 га жерге илимий-өнөр жай мөмө-жемиш питомнигин түзүү (сорт сыноо участогу) | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,4 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
4 | Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын күрөш залын куруу | КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,4 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
5 | Балык чарбасын өнүктүрүү, Ала-Арча куюлма суу сактагычындагы Чаша № 1 эс алуу базасын (глэмпинг-кемпинг) уюштуруу | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,7 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
6 | Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан жер участогунун базасында балык чарбасын куруу | КР Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,3 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
7 | Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында "Ош ЖЖРӨБ" филиалынын жер участогунун базасында эс алуу зонасын куруу | КР Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,6 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томографтарды орнотуу | КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 2,4 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
9 | КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасынын "Туратали базары" реконструкциялоо | КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объектилерди башкаруу дирекциясы" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 12 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
10 | Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын аймагында Катта-Талдык өндүрүштүк комплексин түзүү | Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,2 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
11 | "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Чыгыш автобекети" филиалын реконструкциялоо жана модернизациялоо | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтобекети" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,6 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
Муниципалдык инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөр | |||||
12 | Административдик имараттар чөйрөсүндө 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | "Мамлекеттик имараттар департаменти" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 5,2 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
13 | Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов 2а көчөсүндө жайгашкан административдик имаратты куруу | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" ММ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
14 | Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды КУРУУ | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
15 | КТКны утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү уюштуруу | Ош шаарынын мэриясы, ЖӨБ органдары (Бишкек шаарынын мэриясынан тышкары), КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
Билим берүү | |||||
16 | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жатаканасын реконструкциялоо | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,1 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
17 | 3төн кем эмес мектепке чейинки мекемелерди куруу | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), КР Билим берүү жана илим министрлиги, ЖӨБ органдары, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 5,0 млн. АКШ долл. ашык эмес | 2023-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
18 | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймагында беш кабаттуу окуу-билим берүү корпусун куруу | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 2,2 млн. АКШ долл. ашык эмес | 2023-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Саламаттык сактоо | |||||
19 | КР Саламаттык сактоо уюмдарында аралыктан литотрипсия аппараттарын орнотуу | КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,6 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
20 | Магниттик резонанстык томография боюнча медициналык диагностикалык борборду түзүү | КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,3 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
21 | И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу окуу ооруканасын куруу жана эксплуатациялоо | И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 152,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоору боюнча ТЭНди даярдоону аяктоо |
22 | КРда медициналык реабилитацияны өнүктүрүү | КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 17,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоору боюнча ТЭНди даярдоону аяктоо |
23 | Перинаталдык скрининг кызмат көрсөтүүлөрүн түзүү | КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
Транспорт жана байланыш | |||||
24 | Бишкек шаарында автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды өнүктүрүү | Бишкек шаарынын мэриясы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 5,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
25 | Электрондук жыйымдарды алуунун маалыматтык системасын киргизүү | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 40,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын I кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү |
26 | Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүгө түндүк айланма автомобиль жолун реконструкциялоо | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 210,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
27 | "Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерде унаа токтотуучу жайларды уюштуруу | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,1 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
28 | "Бишкек - Күн-Туу- Белогорка - Суусамыр" автомобиль жолун куруу | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 433,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоону ишке киргизүү |
29 | "Токмок-Шамшы-Кочкор" автомобиль жолун куруу | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 222,5 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоону ишке киргизүү |
30 | Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексти каржылоо, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу | КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 20,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
31 | (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 440-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) |
|
|
|
|
Спорт жана маданият | |||||
32 | Бишкек шаарынын Т.Сатылганов атындагы № 69 гимназия-мектебинин бассейнин калыбына келтирүү | Бишкек шаарынын мэриясы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,24 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
33 | Бишкек шаарында Д.Өмүрзаков атындагы чакан спорт аренасын жабык көп функционалдуу жана оюн-зоок комплексин куруу жана реконструкциялоо | КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 3,0 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
34 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында "Алтын-Булак" пансионатын куруу | Бишкек шаарынын мэриясы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,5 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоону ишке киргизүү |
35 | Спорт чөйрөсүндө 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
Энергетика | |||||
36 | Сумбул кичи ГЭСин куруу | КР Энергетика министрлиги, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 0,8 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
37 | ЭКЖБ чөйрөсүндө 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | КР Энергетика министрлиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорлорун демилгелөө |
Айыл чарба жана өнөр жай | |||||
38 | Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк базасын реконструкциялоо жана модернизациялоо | КР Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтеплоэнерго" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,1 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
39 | "Токтогул балык чарбасы" МИнин балык чарбасын өнүктүрүү | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын I кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
40 | Садок курулмаларында товардык балыктарды өстүрүү | КР Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | 1,2 млн. АКШ долл. | 2023-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
41 | Айыл чарба чөйрөсүндө 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | КР Айыл чарба министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
Туризм | |||||
42 | КРнын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей мейманканасы" МИ мейманканасын реконструкциялоо | КР Коргоо министрлиги, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
43 | Талас облусунун Талас шаарындагы "Интурист" МИ мейманканасын реконструкциялоо | КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
44 | Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылындагы К.Жакыпов атындагы балдардын ден соолук лагерин реконструкциялоо | КР Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтеплоэнерго" МИ, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
45 | Туризм чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик пансионаттардын базасында 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | "КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
Башка долбоорлор | |||||
46 | Өнөр жай чөйрөсүндө 3төн кем эмес долбоорду ишке киргизүү | "Кыргызиндустрия" ААКы, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" ММ | - | 2023-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |