Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-июлу № 439-т
"Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Hyper Partners" жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыровго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Джумагазиевге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары |
| Б.Э. Торобаев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Hyper Partners" жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ
2023-жылдын "___" ________________ |
| Бишкек ш. |
Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Hyper Partners" жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун (мындан ары - Инвестициялык долбоор) ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында төмөнкүлөр ортосунда түзүлдү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети) атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде иштеген Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган жана иштеген, юридикалык дареги: Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Шахрисабз көчөсү, 4-үй, 2023-жылдын 10-мартында жоопкерчилиги чектелген коом уюштуруу-укуктук формасында катталган "Бишкек Констракшн и Девелопмент" ЖЧКсы адистештирилген жергиликтүү туунду компаниясы бар жана Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 205-үй, 3-батир дареги боюнча жайгашкан, ишеним каттын негизинде иштеген жоопкерчилиги чектелген коом формасындагы "Hyper Partners" чет өлкөлүк ишканасы (мындан ары - Инвестор), мындан ары өзүнчө "Тарап" жана биргелешип "Тараптар" деп аталат.
Ушул Инвестициялык долбоордун маанилүүлүгүн жана артыкчылыгын таануу менен, ошондой эле төмөнкүлөрдү көңүлгө алып:
инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары инвестицияларды өнүктүрүү жана инвестицияларга дем берүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталгандыгын;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Инвестордун төмөндө кол койгон ар бир өкүлү ушул Инвестициялык макулдашууга кол коюуга зарыл болгон мыйзамдуу ыйгарым укуктары бар экендигин ырастайт, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга укуктар жана ыйгарым укуктар берилди деп ырастайт жана кепилдик берет;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Инвестор төмөнкүлөр жөнүндө ушул Инвестициялык макулдашууну түздү:
1. Терминдер жана аныктамалар
1.1. Ушул Инвестициялык макулдашууда колдонулган баш тамга менен жазылган жана башкача аныкталбаган терминдер (анын ичинде анын преамбуласы) төмөнкүдөй маанилерди билдирет:
мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык туруктуу негизде уюштурулган, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укук берилген, республикалык бюджеттен каржылануучу орган;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары - жалпы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
инвестициялык макулдашуу - ушул Инвестициялык макулдашуу, анын ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен анын бардык тиркемелери;
инвестициялык долбоор - ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу обьекттерди практикалык ишке ашырууну жана белгилүү бир мезгилге инвестицияларды өздөштүрүүнү караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси;
инвестор - тике инвестициялар түрүндө өздүк, зайым же тартылган каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген жана отчет берген аткаруу бийлигинин жогорку коллегиялуу органы;
өрт - материалдык зыян келтирүү, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирген көзөмөлсүз күйүү;
тарап - ушул Инвестициялык макулдашуунун ар бир тарабы;
тараптар - ушул Инвестициялык макулдашуунун эки тарабы тең;
расмий уруксат - тармактык мамлекеттик органдын ар кандай уруксаты, лицензиясы, сертификаты, каттоосу, күбөлөндүрүүсү жана башка ар кандай башка жактыруусу же макулдашуусу;
жоготуулар жана зыяндар - жеке же юридикалык жакта келип чыккан ар кандай жоготуулар, чыгашалар, зыяндар, жоопкерчилик, милдеттенмелер, чыгымдар (анын ичинде пайыздар, айып пулдар, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гонорарлар жана чыгашалар), соттук териштирүүлөр, доолор, дооматтар, эсептөөлөр, айып пулдар же зыяндар;
иш күн - Кыргыз Республикасында банктар иштөө үчүн ачык болгон бардык расмий күн;
алынбай калган пайда - алынбаган кирешелер, аларды менчик ээси же жерди пайдалануучу жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында алмак;
форс-мажор (ал жеткис күч) - конкреттүү шарттарда өзгөчө жана болтурбоо мүмкүн болбогон жагдайлар, алар милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну мүмкүн эмес кылат;
юридикалык жак - милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ар кандай компания, корпорация, коом, акционердик коом, шериктештик, ишкана, биргелешкен ишкана, инкорпорацияланбаган биргелешкен ишкана, трасттык фонд же башка бардык уюмдар.
1.2. Чечмелөө.
1.2.1. Ушул Инвестициялык макулдашууну пункттарга жана башка бөлүктөргө бөлүү, ошондой эле аталышын киргизүү ыңгайлуулук үчүн гана болуп саналат жана аны чечмелөөгө таасирин тийгизбеши керек;
1.2.2. эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, пункттарга же тиркемелерге бардык шилтемелер, алардан кийин номер келет, ушул Инвестициялык макулдашуунун аталган пунктуна же тиркемесине тиешелүү;
1.2.3. "Ушул Инвестициялык макулдашуу" деген термин жана ушул сыяктуу сөз айкаштары ушул Инвестициялык макулдашуунун кандайдыр бир конкреттүү пунктуна, тиркемесине же бөлүгүнө эмес, ушул Инвестициялык макулдашууга тиешелүү.
1.3. Чечмелөө.
Эгерде башкасы конкреттүү көрсөтүлбөсө же контекст тарабынан талап кылынбаса, жекелик санды билдирген сөздөргө көптүк санды жана тескерисинче, ал эми бир родду билдирген сөздөр бардык роддорду билдирет жана "анын ичинде" деген сөздөр "анын ичинде, бирок чектелбестен" деген маанини билдирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билдирүүсү жана кепилдиктери
2.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кирген күнүнө карата төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
2.1.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана жүзөгө ашырууга жана ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу ыйгарым укуктарына ээ жана мындай аракеттердин бардыгы талаптагыдай түрдө бардык зарыл жол-жоболор менен санкцияланган (санкциялоо - алдын ала контролдоо жол-жобосу, ал эми документтик текшерүү - бул кийинки контроль);
2.1.2. ушул Инвестициялык макулдашуу мамлекеттик орган тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдуу негизде түзүлгөн жана ал үчүн мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан милдеттүү милдеттенмени түзөт, ал анын шарттарына ылайык аткарылышы мүмкүн.
3. Инвестордун өкүлдөрү жана кепилдиктери
3.1. Инвестор Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген күнгө карата өзү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
3.1.1. Инвестор тийиштүү түрдө түзүлгөн, мыйзамдуу негизде иштейт жана юрисдикция мыйзамдарына ылайык анын мекемесинин коюлган бардык талаптарына ылайык келет, Инвестор азыркы убакта жүргүзүп жаткан жана мындан ары алектенүүнү болжолдогон чарбалык ишти жүзөгө ашырууга мыйзамдуу ыйгарым укуктар берилет;
3.1.2. Инвесторго ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жана Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн бардык ырастоочу документтерди берүү менен бардык зарыл болгон жол-жоболорго ылайык өз тарабынан тийиштүү түрдө макулдашылган бардык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктар берилет;
3.1.3. ушул Инвестициялык макулдашууну түзүү жана аткаруу коллизияга алып келбейт, олуттуу бузууга же олуттуу түрдө аткарылбай калууга алып келбейт, же анын мекемесинин шарттарына же уюштуруу документтерине, же Инвестор тарабы болуп саналган же Инвестор өзү же анын активдеринин кайсынысы болбосун байланышы бар каалаган макулдашууга, токтомго же тескемеге ылайык аткаруу мөөнөтүн кыскартпайт;
3.1.4. ушул Инвестициялык макулдашуу Инвестор тарабынан тийиштүү түрдө жана мыйзамдуу негизде түзүлгөн жана анын шарттарына ылайык аткарылышы мүмкүн болгон мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан ал үчүн милдеттүү милдеттенмени түзөт;
3.1.5. Инвесторго карата эч кандай доолор коюлган эмес, эч кандай соттук иш козголгон эмес, эч кандай териштирүүлөр жана тергөөлөр жүргүзүлбөйт жана кандайдыр бир сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай иш-аракеттерди жасоо коркунучу жок, алар өзүнчө же чогуу анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге алып келиши же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн болгон. Инвестор олуттуу терс таасирлерге милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүнүн начарлашына алып келген кандайдыр бир сот, арбитраж, же кандайдыр бир мамлекеттик орган тарабынан кандайдыр бир тескеме, токтом, буйрук же тыюу салуу боюнча эч кандай мыйзам бузуулар же аткарбоо жөнүндө кабардар эмес;
3.1.6. Инвестор өз өлкөсүнүн же ага карата колдонулуучу башка мамлекеттин бардык мыйзамдарын сактаган, ушуга байланыштуу ага карата эч кандай айып пул, санкциялар, соттук тыюу салуулар колдонулган эмес жана бул жалпысынан ага карата анын чарбалык ишине, финансылык абалына же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизген же олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган эмес;
3.1.7. ушул Инвестициялык макулдашууга киргизилген инвестордун билдирүүлөрүнүн же ырастоолорунун биринде да олуттуу фактылар жөнүндө (ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата Инвесторго белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон) эч кандай жалган дооматтар камтылбайт жана мындай билдирүүлөр жана ырастоолор алар жасалган жана берилген жагдайларды эске алуу менен адаштырбоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кандайдыр бир олуттуу фактыларды (ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата инвесторго белгилүү болгон же белгилүү болушу керек) өткөрүп жибербейт. Инвестор кайсы болбосун финансылык жана башка милдеттенмелер боюнча кайсы болбосун мамлекеттин ишенимсиз (ак ниетсиз) жеткирип берүүчүлөрүнүн (подрядчыларынын) маалыматтар базасына киргизилбеши керек;
3.1.8. Инвестор Кыргыз Республикасынын финансы институттары менен биргеликте План-графикте (1-тиркеме жана 2-тиркеме) көрсөтүлгөн Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга жана ушул Инвестициялык макулдашуунун 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнө бардык ресурстарды тартат.
4. Инвестициялык макулдашуунун предмети жана объекти
4.1. Инвестор Чүй облусунун Бишкек шаарында жана Орто-Сай айылында бизнес-борбордон, мейманканадан, соода борборунан жана социалдык-маданий, окутуу-агартуу комплексинен турган көп функциялуу комплекс куруу максатында "Бишкек Констракшн жана Девелопмент" ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылуучу Инвестициялык долбоорго 300 млн АКШ долларынан кем эмес суммада түз инвестицияларды жүзөгө ашырат.
4.2. Бул Инвестициялык макулдашуу Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелеринде Тараптардын өз ара аракеттенүү жана кызматташуу тартибин аныктоочу негиз болуучу документ болуп саналат. Бул Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мындан ары долбоордун деталдуу спецификациялары ушул Инвестициялык макулдашуунун Тараптары тарабынан кошумча макулдашуулар түрүндө макулдашылат, алар Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:
5.1.1. бул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана контролдоого, аларды өз убагында жана талаптагыдай аткарууну талап кылууга;
5.1.2. Инвестициялык макулдашууну түзүүнүн жана бузуунун шарттарын, тартибин аныктоого, Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана каттоого;
5.1.3. Инвестордон ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестордун милдеттенмелеринин аткарылышын ырастаган маалыматты жана документтерди, ошондой эле Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга катышы бар маалыматты белгиленген мөөнөттө суроого;
5.1.4. жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана өлчөмүн бекитүүгө;
5.1.5. эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, өндүргүч күчтөрдү, мелиорациялоону, химиялаштырууну өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун мурда кабыл алынган схемаларын жана башка чечимдерди жүзөгө ашырууну токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
5.1.6. жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин, имараттарды жана курулмаларды куруу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын, тазалоочу курулмалардын жана башка жаратылышты коргоочу түзүлүштөрдүн иштешин, аларды контролдоо каражаттарын текшерүүгө;
5.1.7. ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
5.1.8. Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбаган учурда, Мамлекеттик орган тарабынан форс-мажордук жагдайлар таанылган учурларды кошпогондо, Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда бөлүнгөн жер участогун (жер участокторун) берүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
5.1.9. Инвестор өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же болбосо убактылуу пайдаланууга берилген жер участогун максатсыз пайдалангандыгы үчүн Инвесторго туумдарды кошуп эсептөөгө;
5.1.10. Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык алар алган жеңилдиктердин жана (же) преференциялардын суммаларынын ордун толтурууну талап кылууга;
5.1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5.2. Инвестор төмөнкүлөргө укуктуу:
5.2.1. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Инвестициялык макулдашуунун жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген аракеттерди жасоого;
5.2.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай формада каржылоону жүзөгө ашырууга, инвестициялардын көлөмүн жана багытын өз алдынча аныктоого, ошондой эле башка инвесторлор, үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана келишимдерди түзүүгө, Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды жана ресурстарды тартууга;
5.2.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык башкы жергиликтүү жана чет өлкөлүк подрядчыларды, анын ичинде долбоорлоо жана курулуш иштерин аткаруу үчүн долбоорлоочу компания, башкы подрядчы, субподрядчылар менен чектелбестен тандоого, ошондой эле Инвестициялык долбоордо каралган объекттерди куруу, аларды оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана өркүндөтүү үчүн башка компанияларды, ошону менен бирге тиешелүү квалификациясы болсо товарларды жеткирүүчүлөрдү тандап алууга;
5.2.4. бул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестор тарабынан берилген Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин бөлүгүн көрсөтүүгө Инвестордун өз каалоосу боюнча тандалып алынган бир же бир нече субподрядчыга, субподрядчылар берилген иштин көлөмүн аткарууга тиешелүү расмий уруксаттарга жана квалификацияларга ээ болгон шартта, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө. Инвестор бул маалыматтарды өткөрүп бергендиги үчүн Мамлекеттик органдын алдында толук жоопкерчилик тартат;
5.2.5. инвестициялар, салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда белгиленген "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык "турукташтыруу режиминин" артыкчылыктарын толук өлчөмдө пайдаланууга, Инвесторлор, ошондой эле белгиленген талаптарга жооп берген инвестициялануучу ишканалар кошумча нарк салыгын кошкондо, салыктарды төлөө боюнча бирок объектти пайдаланууга киргизген күндөн тартып он (10) жылдын ичинде башка кыйыр салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү кошпогондо (мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошпогондо), алар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды тандап алууга укуктуу;
5.2.6. инвестициялык салымдардын объекттерин жана жүзөгө ашырылган инвестициялык салымдардын натыйжаларын пайдаланууга жана тескөөгө;
5.2.7. долбоорду куруунун жана ишке ашыруунун План-графигине (1-тиркеме жана 2-тиркеме) ылайык инвестициялык салымдарга жумшалуучу каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого;
5.2.8. тиешелүү салыктарды жана жыйымдарды төлөгөндөн кийин инвестициялардан жана акча каражаттардан алынган кирешелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоскоолдуксуз пайдаланууга;
5.2.9. ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык капиталдык салымдарды биргелешип жүзөгө ашыруу максатында өздүк жана тартылган каражаттарды башка инвесторлордун каражаттары менен бириктирүүгө;
5.2.10. бөлүнүп берилген жер участокторунда жайгашкан курулуш объекттерин жана башка мүлктөрдү коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктар талап кылгандай кодулоосуз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык экспроприациялоодон адекваттуу коргоону алууга, анын ичинде алар менен байланышкан капитал жана активдер экспроприациялоого же улутташтырууга же тике же кыйыр экспроприациялоого же улутташтырууга алып келүүчү башка чараларга тийиш эмес;
5.2.11. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү, кредиттик жана финансылык уюмдарды өз алдынча аныктоого;
5.2.12. Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик колдоону жана кепилдиктерди алууга укук алат;
5.2.13. бул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
5.2.14. бул Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу түшүндүрүүлөр үчүн жана инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүдө колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылууга.
5.3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:
5.3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын аймагындагы Ибраимов көч., 244 боюнча аянты 1,248 га алты (6) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга жана Чүй облусунун Орто-Сай айылынын Таш-Дөбө айыл аймагында аянты 4,4 га алты (6) жылдык мөөнөткө жер участогун (жер участокторун) шарттарына ылайык мөөнөттүн узартуу укугу менен Инвестициялык долбоордун коммерциялык жана социалдык-маданий объекттерин куруу үчүн бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү;
5.3.2. Инвесторго Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында кепилдиктерди жана колдоо чараларын (жеңилдиктерди жана преференцияларды) ушул Инвестициялык макулдашуу колдонулган мөөнөттө төмөнкүлөрдү төлөөдөн бошотуу түрүндө берүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ушул Инвестициялык макулдашуунун алкагында Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларга, анын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүнө, сырьего жана материалдарга ташып келүү бажы алымынан;
- киреше салыгынан;
- ушул Инвестициялык макулдашуунун алкагында Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларга, анын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүнө, сырьего жана материалдарга кошумча нарк салыгынан;
5.3.3. Инвестор жана анын өкүлдөрү тарабынан Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тартылган бардык подрядчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык импорттолуучу технологиялык жабдууларга, анын комплектөөчү жана запастык бөлүктөрүнө, объекттерди куруу үчүн зарыл болгон сырьего жана материалдарга кошумча нарк салыгын, сатуу салыгын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн, ташып келинүүчү бажы алымдарынан бошотуу;
5.3.4. чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштөөсү үчүн уруксаттарды, жашап турууга убактылуу уруксатты, анын ичинде инвесторго, Инвестордун өкүлдөрүнө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо эгерде алар чет өлкөлүк жарандар болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык визаны берүү;
5.3.5. ушул Инвестициялык макулдашуунун алкагында Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн объекттерди куруу максатында Чүй облусунун Бишкек шаарынын аймагында Ибраимов көчөсү, 244 боюнча аянты 1,248 га жана Орто-Сай айылынын Таш-Дөбө айыл аймагында аянты 4,4 га жер участогунун объекттерин ишке киргизилгенге чейин максималдуу жеңилдетилген шарттарда инвесторго мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү;
5.3.6. социалдык-маданий, окутуу-агартуу комплексин курууда жана пайдаланууга киргизүүдө зарыл болгон шаардык коммуникацияларды, анын ичинде суу менен камсыздоону, жылытууну, электрлештирүүнү жана газдаштырууну, ошондой эле канализация боюнча чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен берүү;
5.3.7. Инвесторго Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн уруксат документтерин берүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөөнү бир жыл мөөнөткө жылдыруу менен келишим түзүү аркылуу төлөөнүн жеңилдетилген режимин берүү, анын ичинде долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизалоо жана суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун, электр энергиясынын, жылуулук менен камсыздоонун инженердик тармактарына жана башка тармактарга техникалык шарттарды жана технологиялык кошулууну берүү;
5.3.8. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен ушул Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган курулуш аянттарында энергетикалык кубаттуулуктарды берүү боюнча келишим түзүүнү камсыз кылуу;
5.3.9. Инвесторго анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүү;
5.3.10. ушул Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Инвестордун укуктарынын туруктуулугун жана инвестицияларды коргоону камсыз кылуу;
5.3.11. Инвестордун чарбалык ишине кийлигишпөө, эгерде бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Инвестициялык макулдашуунун шарттарына каршы келбесе;
5.3.12. Инвестордун Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланышкан жазуу жүзүндөгү сунуштарын кароо;
5.3.13. Инвесторго ушул Инвестициялык макулдашууда жана колдонуудагы мыйзамдарда берилген бардык укуктарды, ошондой эле анын Кыргыз Республикасындагы бардык мүлкүнө менчик укугун экспроприациялоодон, конфискациялоодон, жок кылуудан, бузуудан, укук ченемсиз ээлик кылуудан же кайсы адам тарабынан болбосун кийлигишүүдөн коргоо укугун пайдалануу укугун камсыз кылуу.
5.4. Инвестор өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат:
5.4.1. Ушул Инвестициялык макулдашууга кол коюлган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун План-графигин негизги көрсөткүчтөрү менен (1-тиркеме, 2-тиркеме) киргизүү;
5.4.2. Инвестициялык долбоорду ушул Инвестициялык макулдашууда белгиленген көлөмдө жана мөөнөттөрдө толук жана өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу;
5.4.3. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга 300 млн. АКШ долларынан кем эмес көлөмдөгү инвестицияларды тартуу;
5.4.4. объекттин наркы жогорулаган учурда, Инвестициялык долбоорду толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн ушул Инвестициялык макулдашууда каралган кошумча инвестицияларды камсыздоо;
5.4.5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүүнүн ордуна Чүй облусунун Таш-Дөбө айыл аймагында, Орто-Сай айылында кийин мамлекеттин балансына өткөрүү менен социалдык-маданий, окуу-агартуу комплексин курууну камсыз кылуу;
5.4.6. ушул Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын инвестициялык, салык, бажы, монополияга каршы мыйзамдарын сактоо, ошондой эле санитардык-гигиеналык, радиациялык, экологиялык, өрткө каршы, архитектура-шаар куруу талаптарын сактоо;
5.4.7. жумушка кабыл алууда, бошотууда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, эмгек жана эс алуу режиминин, ден соолугун коргоо, социалдык камсыздоо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөсү үчүн уруксат алуу талаптарын сактоо;
5.4.8. мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алынган жер участогун (участокторун) максаттуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу;
5.4.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алууну, макулдашууну жана мамлекеттик экспертизадан өтүүнү камсыз кылуу;
5.4.10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзүнүн почта дареги же төлөм реквизиттери өзгөргөндүгү, мүлктүн менчик ээсинин кайра уюштурулгандыгы жана (же) өзгөргөндүгү же юридикалык жак катары өзүнүн ишин токтото тургандыгы же токтоткондугу жөнүндө мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө маалымдоо;
5.4.11. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты План-графикке (1-тиркеме жана 2-тиркеме), ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашуунун тиркемелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын талабы боюнча берүү;
5.4.12. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон долбоордук-сметалык документтерди, анын ичинде жергиликтүү шарттарды эске алуу менен айлана-чөйрөгө таасирин баалоо, өнөр жай жана өрт коопсуздугу боюнча документтерди тиешелүү катышы бар мамлекеттик органдар менен макулдашуу;
5.4.13. Кыргыз Республикасынын экологиялык, өнөр жайлык жана өрт коопсуздугу, курулуш, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мыйзамдарынын, эмгек мыйзамдарынын жана техникалык коопсуздуктун талаптарын сактоону камсыз кылуу;
5.4.14. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда 200дөн кем эмес жаңы жумуш орун түзүү жана ишке кызматкерлердин 70 пайызынан кем эмесин (жумушчу, инженердик-техникалык/медициналык адистерди, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча адистерди, адистигине жараша башка кесиптерди) Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен тартуу;
5.4.15. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБ) менен өз ара аракеттенүүдө аймагында Инвестициялык долбоор ишке ашырылып жаткан шаарларды/айыл аймактарын/айылдарды социалдык өнүктүрүүгө катышуу.
5.5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн укуктары жана милдеттери, ошондой эле башка шарттар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин же Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурдан тартып өзгөрүүсүз калат.
6. Келишимдин мөөнөтү
6.1. Бул Макулдашуу 6 (алты) жылдык мөөнөткө колдонулат.
6.2. Эгерде Тараптардын бири (же Тараптар) аны колдонууну узартуу жөнүндө каалоосун билдирсе, ал экинчи Тарапка ушул Инвестициялык макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин алты (6) айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
6.3. Эгерде Тараптардын бири (же Тараптар) аны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө каалоосун билдирсе, ал кийинки календардык жыл башталганга чейин кеминде алты (6) ай мурун экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
7. Форс-мажор
7.1. Акча суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди жана ушул пунктта көрсөтүлгөн милдеттенмелерди кошпогондо, ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча кайсы болбосун милдеттенмени (же анын кайсы болбосун бөлүгүн) аткарбагандыгы, өз убагында аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жооптуу болгон кайсы болбосун Тарап ушул Инвестициялык макулдашууда анын аныктамасына ылайык аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбоо Форс-мажордун жагдайларынан улам келип чыккан же келтирилген даражада аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
7.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карата Форс-мажор төмөнкүлөр менен чектелет:
- табигый кырсыктар (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр, циклондор, суу ташкындары, өрттөр, чагылгандар, толкун агымдары, жанар тоолордун атырылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
- согуштар, көтөрүлүштөр жана козголоңдор, террордук актылар, жана эл аралык эмбарго;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акылга сыярлык контролунан тышкары турган, саналып өткөндөр сыяктуу эле мүнөздөбү же жокпу, башка жагдайлар же себептер жана алардын күчөшү.
7.3. Инвесторго карата Форс-мажор Инвесторго өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген, анын акылга сыярлык контролунан тышкары турган, Инвестор тарабынан этиятсыздыктан же ушул Инвестициялык макулдашууну бузуудан улам келип чыкпаган жана шартталбаган ушундай жагдайлар же себептер жана алардын бардык кесепеттери менен чектелет. Ушул пунктка ылайык Форс-мажор ушул берененин башка талаптарына ылайык келген шартта төмөнкүдөй жагдайларды жана себептерди өзүнө камтыйт:
- табигый кырсыктар (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр, циклондор, суу ташкындары, өрттөр, чагылгандар, толкун агымдары, жанар тоолордун атырылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
- согуштар, көтөрүлүштөр жана козголоңдор, террордук актылар жана эл аралык эмбарго, ошондой эле акылга сыярлык контролдон тышкары турган, саналып өткөндөр сыяктуу эле мүнөздөбү же жокпу, башка жагдайлар же себептер жана алардын күчөшү.
7.4. Эгерде бир Тарап экинчи Тарапка отуз (30) календардык күндүн ичинде мындай жагдайлардын келип чыккандыгы жөнүндө өз убагында кабарлабаса, экинчи Тарап көрсөтүлгөн жагдайларга форс-мажордук жагдайлар катары таянуу укугун жоготот. Аймагында ушул форс-мажордук жагдай орун алган өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген ырастоо мындай жагдайлардын бар экендигинин жана алардын узактыгынын жетиштүү далили болот.
7.5. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурдан тартып ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү мындай форс-мажордук жагдайлар болгон убакытка узартылат.
7.6. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары бир (1) жылдан ашык убакытка созулса, Тараптар өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана экинчи Тарапка келтирилген зыянды азайтуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп, айып пул жана (же) туумдарды төлөбөстөн ушул Инвестициялык макулдашууну колдонууну улантуудан баш тартууга укуктуу.
7.7. Тараптар форс-мажордук жагдайлардын кесепеттерин жоюу боюнча бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшоого милдеттүү.
7.8. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттемелерин аткаруу мүмкүндүгүнөн ажырай турган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдар тарабынан Форс-мажор сакталган мезгилде жана анын натыйжасында Инвестор тарткан кандайдыр бир жоготууларды азайтуу үчүн талап кылынышы мүмкүн болгон зарыл чараларды көрүү боюнча бардык зарыл болгон аракеттерди көрөт.
7.9. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин же алардын бир бөлүгүн (акча суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди кошпогондо) аткаруу мүмкүндүгүнөн ажырай турган Инвестор Форс-мажорду сакталган мезгилде жана анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, кайсы болбосун мамлекеттик орган, жеке жак жана (же) юридикалык жак тарткан жоготууларды жана чыгымдарды азайтуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрөт.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
8.1. Инвестор жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8.2. Инвестор төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
- бул Макулдашууга кол коюу жана анын шарттарын аткаруу менен Инвестор өзүнүн уюштуруу документтеринин же Инвестор бир тарабы болуп саналган же Инвесторго же анын мүлкүнө милдеттенмелер жүктөлгөн башка макулдашуулардын эч кандай жоболорун бузбай тургандыгын;
- Инвесторго карата ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон каралып жаткан соттук талаш-тартыштардын, арбитраждык же административдик териштирүүлөрдүн жок экендигин.
8.3. Инвестор жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы мыйзамдарда жоопкерчилик каралган коррупциянын белгилери бар жосундарды жасоодон алыс болууга милдеттенет.
8.4. Инвестор жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда Тараптардын бири тарткан Тараптар ырастаган зыяндын ордун колдонуудагы мыйзамдарга ылайык толтурууга милдеттенет.
8.5. Бул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестициялык долбоорду уюштуруу жана каржылоо камсыздалбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашуунун же колдонуудагы мыйзамдардын шарттарын бузуулар жана (же) кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө Инвесторго жазуу жүзүндө билдирет. Зарыл болгон учурда эки Тарап үч (3) айдын ичинде ушул Инвестициялык макулдашуунун алкагында милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.
8.6. Бул Инвестициялык макулдашуунун 8.5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талабы боюнча ушул Инвестициялык макулдашуу бузулган учурда:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Инвестордон Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында каралган суммаларды жана башка ченемдик актыларды - атайын жеңилдиктерди жана преференцияларды өндүрүп алууга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети инвестициялык иштин. жүрүшүндө алардын коммерциялык тобокелдиктери болгон Инвестордун инвестицияларынын, чыгашаларынын, алынбай калган пайдаларынын жана башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме албайт.
9. Талаш-талаштарды чечүү
9.1. Бул Инвестициялык макулдашууну аткаруу менен байланышкан Тараптардын ортосундагы бардык пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
9.2. Тараптар өз ара сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу ушул Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктерди жана талаш-талаштарды чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
9.3. Тараптар ушуну менен Тараптардын бири кандай болбосун дооматтар, пикир келишпестиктер жана/же талаш-тартыштар жөнүндө экинчи Тарапка билдирүү берген күндөн тартып алты (6) айдын ичинде пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечүүгө мүмкүн болбогон учурда, ушул Инвестициялык макулдашуудан келип чыккан же ага байланыштуу пайда болгон мындай дооматтар, пикир келишпестиктер жана/же талаш-тартыштар ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонулушу аяктаганга же токтотулганга чейин же андан кийин (анын ичинде маселе арбитраждык сот тарабынан каралышы мүмкүндүгү боюнча каалагандай талаш-тартыштар) Кыргыз Республикасынын сот органдарында жана/же Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап сотунда чечиле турганына макулдугун берет.
10. Кабарлоо
10.1. Бул Инвестициялык макулдашууга ылайык берилүүчү каалагандай кабарлоо жазуу жүзүндө түзүлүшү керек жана жеке өзү жана/же заказдык кат же башка байланыш каражаттары аркылуу дайыма жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү керек.
10.2. Кабарлоо жөнөтүү үчүн даректерди жана номерлерди Тараптар төмөндө көрсөтүлгөн тиешелүү даректер боюнча бериши керек:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
Бишкек шаарынын мэриясы
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166;
тел.: | +996 312 611177, |
| +996 312 610705; |
email: bishkek@meria.kg.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспекти, 354;
тел.: | +996 312 609547, |
| +996 312 603402. |
Инвестор:
"Hyper Partners" ЖЧК ЧИ
Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Шахрисабз көч., 4-үй;
тел.: | +998-97-7259801, |
| +998-33-9709700; |
email: | info@hpartners.uz, |
| bcd@hpartners.uz. |
11. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Бул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кабыл алынат жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Инвестициялык макулдашууга кошумча макулдашуу(лар) менен таризделет.
12. Корутунду жоболор
12.1. Бул Инвестициялык макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн мамлекеттик жана орус тилдеринде үч нускада түзүлдү. Макулдашуунун тексттери дал келбеген учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот. Бир нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде, бир нускасы Инвестордо, бир нускасы бирдиктүү инвестициялык саясатты жүзөгө ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органында сакталат.
12.2. Бул Инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын "___" _______________ № _______________ тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга укуктуу ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| "Hyper Partners" ЖЧК ЧИ үчүн |
Абдыкадыров Э.М. |
| Усманов Б.С. |
Бишкек шаарынын мэри |
| Башкы директор |
_______________________________ |
| _______________________________ |
|
|
|
Джумагазиев К.С. |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
|
|
_______________________________ |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Hyper Partners" жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга 1-тиркеме |
Менчик ээси __________________________________________ (инвестор) болуп саналган ____________________________________________ (уюмдун аталышы) тарабынан ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорго капиталдык салымдардын ПЛАН-ГРАФИГИ
Аталышы | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | Бардыгы |
Капиталдык салымдар* |
|
|
|
|
|
|
|
- млн. сом менен |
|
|
|
|
|
|
|
- млн. АКШ доллары менен |
|
|
|
|
|
|
|
Инвестициялык макулдашууга кол коюу учурунда өздөштүрүлгөн капиталдык салымдар* |
|
|
|
|
|
|
|
- сом менен |
|
|
|
|
|
|
|
- АКШ долларында |
|
|
|
|
|
|
|
(*) Эсептик көрсөткүчтөр. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча
__________________________________ тарабынан такталышы мүмкүн.
(инвестор)
Инвестициялык макулдашуу бир жылдын ичинде ишке ашырылган учурда (ишке ашыруу мөөнөтүнө карабастан) капиталдык салымдар квартал боюнча көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Hyper Partners" жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функциялуу комплекстин курулушу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга 2-тиркеме |
Менчик ээси ______________________________________ болуп саналган (инвестор) ______________________________________________________ тарабынан (уюмдун аталышы) товарларды/жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча негизги көрсөткүчтөрдүн ПЛАН-ГРАФИГИ
Аталышы | ТЭИ TH коду | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | 20___-жыл | Бардыгы |
Нарктык мааниде ички рынокто товарларды/жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу*: |
|
|
|
|
|
|
|
|
- млн. сом менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
- млн. АКШ доллары менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
- накталай түрдө (өлчөө бирдиктери) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Анын ичинде товарлардын/жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча: |
|
|
|
|
|
|
|
|
тышкы рынокто (экспорт) |
|
|
|
|
|
|
|
|
- млн. сом менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
- млн. АКШ доллары менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
- накталай түрдө (өлчөө бирдиктери) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Анын ичинде продукциянын түрлөрү боюнча: |
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Эсептик көрсөткүчтөр. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча
__________________________________ тарабынан такталышы мүмкүн.
(инвестор)