Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 18-апрели № 186-т
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүү, анын ичинде аны конверсиялоо механизмин колдонуу менен кайра түзүмдөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүү боюнча демилгени ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө колдонуу үчүн мамлекеттик тышкы карызды кайра түзүмдөштүрүү механизмдерин аныктасын;
- улуттук кызыкчылыктарды жана мүмкүн болгон бардык тобокелдиктердин факторлорун эске алуу менен тактикалык маселелерди кошо чечүү жолдорун камтыган сүйлөшүүлөрдүн стратегиясын иштеп чыксын;
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан зарыл маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топту жалпы жетектөө жана ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышына жеке жоопкерчилик ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүү боюнча демилгени ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы; |
Чокоев Заир Линарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Султанбеков Сабырбек Укушович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; |
Абазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Насирдинов Самат Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Ибраимов Бексултан Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; |
Акимов Азирет Доолатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Атаханов Авазбек Койлубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору; |
Аманбаев Умутжан Моминович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги. |