Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 18-майы № 257-т
Түрк тарап менен проблемалуу маселелерди кароо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Түрк тарап менен проблемалуу маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча жумушчу топторду түзүүгө.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга жүктөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Түрк тарап менен проблемалуу маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Торобаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Молдогазиев Айбек Бейшеевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Сыдыков Бактыбек Усенович | - | "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Алишеров Нурдин Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары; |
Бариев Ырысбек Жантаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Мамадалиев Тилек Абдыганиевич | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Туманов Алмазбек Жаныбаевич | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Рыскулов Канат Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары; |
Кошоков Каныбек Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары; |
Ызакова Сайра Темирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын начальниги; |
Сатарова Эльдана Таалайбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Усманов Карим Александрович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин абада ташууларды стратегиялык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Молдобаев Өзөрбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Калмаматов Калдарбек Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын начальниги; |
Аданов Азиз Абдурахимович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин үчүнчү катчысы, Түркия Республикасынын куратору; |
Мурзабеков Бектур Манапович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгынын начальниги; |
Расулов Адилет | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын начальниги; |
Айдыралиева Нурайым Ниязовна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Өмүржанова Ширин Өмүржановна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. |