Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 8-августу № 381
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" парламенттик фракциясы тарабынан демилгеленген "Жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана социалдык жардамдарды индексациялоо үчүн жашоо минимумун белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 381 тескемеси менен жактырылган |
"Жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана социалдык жардамдарды индексациялоо үчүн жашоо минимумун белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" парламенттик фракциясы тарабынан демилгеленген "Жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана социалдык жардамдарды индексациялоо үчүн жашоо минимумун белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда пенсия курагындагы жана социалдык жөлөкпул жана социалдык жардам алган адамдар үчүн жашоонун алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу үчүн жашоо минимумунун өлчөмүн индексациялоого жетишүү үчүн 6650 (алты миң алты жүз элүү) сом суммасында белгилөө сунушталат.
Калктын эң маанилүү турмуштук муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды белгилөө жана колдонуу жаатындагы укуктук жөнгө салуунун негиздери "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат деп белгиленет жана аталган Мыйзамдын 20-беренеси менен жөнгө салынат, ага ылайык жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан квартал сайын эсептелет.
"Жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана социалдык жардамдарды индексациялоо үчүн жашоо минимумун белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын кабыл алуу демилгесин кароону улантуу катышууну жана колдонуудагы мыйзамдарга, атап айтканда, жашоо минимумун белгилөөгө тийиштүү жоболорду жана ченемдерди камтыган "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кайрылууну талап кылат. Ошол эле учурда, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин жоболору "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин жоболорун кайталайт.
"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан квартал сайын жана калктын негизги социалдык-демографиялык топтору (эмгекке жарамдуу калк, пенсионерлер, белгилүү курактагы балдар) боюнча эсептелет жана индексацияга жетишүү үчүн калктын бардык топтору үчүн жашоо минимумунун туруктуу жана бирдиктүү өлчөмүн Мыйзамдын долбоору менен белгилөө туура эмес.
Мыйзамдын долбоору менен Социалдык фонддун бюджетинин жана республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде өткөн календардык жыл үчүн республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугун көбөйтүү үчүн пенсияларды индексациялоо жүргүзүү сунушталат.
Негиздеме-маалымкатта жогоруда аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында курагы боюнча пенсия жарандар Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгүнө же төлөбөгөндүгүнө карабастан бардыгына эч кандай чектөөсүз берилери көрсөтүлгөн.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруудагы камсыздандыруу принциптери жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоонун кепилдиктери белгиленген.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында жарандарды мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
Пенсиянын өлчөмү ар бир камсыздандырылган адамдын Пенсиялык фондго кошкон салымынан түздөн-түз көз каранды. Камсыздандыруу төгүмдөрү канчалык көп төлөнсө, пенсиянын өлчөмү ошончолук көп болот жана ошого жараша пенсиялар индексацияланат.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган негизги жана профилдик Мыйзамга ылайык пенсиянын ченемдери жана пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жыл сайын индексациялоонун шарттары мурдатан эле аныкталган.
Эгерде каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынса, анда мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана пенсиялык камсыздоонун орнотулган системасынын бузулушу, калктын пенсиялык системага болгон ишениминин жана жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө болгон кызыкчылыгынын жоголуусуна алып келет, ошондой эле пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жоготууга алып келет. Пенсионердин жашоо минимумунан (мындан ары - ПЖМ) төмөн эмес пенсиянын өлчөмүн белгилөө үчүн 2024-жылы - кошумча 8,9 миллиард сомго, 2025-жылы 10,9 миллиард сомго жакын каражат керектелет (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 484 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуна ылайык ПЖМ болжолдуу түрдө 2023-жылы - 6978,2 сомду, 2024-жылы 7459,7 сомду түзөт), бул жыл сайын республикалык бюджетке Социалдык фонддун тартыштыгына алып келет жана аларды жабууга дотацияны караштырат.
Ошону менен бирге, ушул жылдын октябрь айында пенсионерлердин материалдык абалын жакшыртуу, анын ичинде ПЖМдан төмөн пенсия алган пенсионерлердин санын азайтуу максатында пенсияларды ар жылдык индексациялоонун кезектеги этабын өткөрүү пландалууда, ал эми пенсиянын өлчөмүнүн төмөндүгү (ПЖМга чейин) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин көп сандаган жеңилдетилген категорияларынын болушу жана жаңы пенсияга чыккандардын арасында - жеңилдетилген жана мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандардын басымдуу болушу менен түшүндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу Социалдык фонд тарабынан минималдуу талап кылынган эмгек стажын киргизүү, пенсиянын айрым жеңилдетилген түрлөрүн жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейин жеткирүү, мөөнөтүнөн мурда пенсияларды жоюу жолу менен пенсияларды дайындоонун камсыздандыруу принциптерин күчөтүү максатында пенсиялык системаны реформалоо боюнча кадамдар жасалууда, бул пенсияларды дайындоонун камсыздандыруу принциптерин күчөтүүнүн эсебинен татыктуу пенсия алуу үчүн пенсиялык укуктарды калыптандырууга жарандардын толук финансылык катышуусу үчүн шарттарды түзөт.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;
2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;
4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулдун өлчөмү 1200 (бир миң эки жүз) сомду түзөт жана эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат, ал 1000 сомду түзөт, жашоо минимумум эске алуу менен үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын эске алат.
Бүгүнкү күндө үй-бүлөлөрдүн жөлөкпулга муктаждыгын жана аз камсыз болгондорго жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоочу кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмү төмөн, себеби өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү, алар балдардын жана үй-бүлөлөрдүн минималдуу муктаждыктары камсыз кылынбайт.
Бирок акыркы жылдардагы ар кандай ички жана тышкы факторлор өлкөнүн экономикалык кырдаалына олуттуу таасирин тийгизди, мында мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу өлкөнүн экономикасынын абалынан түздөн-түз көз каранды.
Ошого карабастан, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2021-жылы социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү олуттуу көбөйтүлдү, мында жогоруда аталган токтом менен пенсиялык жактан камсыз болууга укугу жок адамдар үчүн төмөнкүдөй ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү белгиленген:
1) ВИЧ же СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
3) ата-энесинин биринен айрылган балдарга - 3000 (үч миң) сом;
4) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга - 6000 (алты миң) сом;
5) I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
6) II топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 6600 (алты миң алты жүз) сом;
7) III топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 5400 (беш миң төрт жүз) сом;
8) I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 5500 (беш миң беш жүз) сом;
9) II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 3000 (үч миң) сом;
10) III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 2000 (эки миң) сом;
11) баатыр энелерге - 3000 (үч миң) сом;
12) улгайган жарандарга - 2000 (эки миң) сом;
13) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул - 6000 (алты миң) сом.
2023-жылдын 1-июнуна карата социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 6307 сомду түздү (жашоо минимумунун 95%га жакынын түзөт).
Мыйзамдын долбооруна финансы-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн каржылоо булагы аныкталбаган.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда анын ишке ашырылышы республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйүшүн талап кылаа деп белгиленет.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, социалдык төлөмдөр жашоо минимумунун деңгээлине чейин көбөйгөн учурда жыл сайын 27800,7 млн. сом талап кылынат, алардын ичинде:
- "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу - 22228,2 млн. сом;
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм - 1797,6 млн. сом;
- ар айлык социалдык жөлөкпул (АСЖ) - 1607,8 млн. сом;
- кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул - 19,3 млн. сом;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул - 11,4 млн. сом;
- жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсация - 2031,3 млн. сом;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул - 92,8 млн. сом;
- ритуалдык жөлөкпул (сөөк коюуга) - 12,3 млн. сом.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунушун карады.
Кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмдөрүн аныктоо мамлекеттин экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө түз көз карандылыкта болбой коюшу мүмкүн эмес, демек, "мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес мыйзам менен белгиленген өлчөмдөрүн белгилөө боюнча мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси катары түшүнүүгө болбойт, ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралыш керек деп чечти.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.