Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 29-августу №9-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, ФЭБнун башчыларынын
2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткар-
ган иштери боюнча 6- айлык отчеттору жана
кошумча кирешелер жөнүндө.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевдин жана ФЭБнүн башчысы Т.Исмановдордун 2013-жылдын 6-ай ичинде аткарган иштери тууралуу, кошумча булактардан түшкөн кирешелер жөнүндө отчетторун угуп жана талкуулап, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевдин 2013-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы тууралуу ФЭБнун башчысы Т.Исмановдун 2013-жылдын биринчи жарым жылдык ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында кошумча булактардан түшкөн 497 200 (төрт жүз токсон жети мин эки жүз) сомдук кошумча сметасы кабыл алынсын жана мыйзамга ылайык статьяларга бөлүнүп төмөнкү багыттарга иштетүүгө макулдук берилсин. (кошумча сметанын таблицасы тиркелет).
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата сметада бекитилип иштетилбей калган каражаттарды зарылчылыкка карап мыйзам чегинде башка зарыл иштерге иштетүүгө уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Көк-Жар Айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Абдуллаев |
| «Бекитемин» Көк-Жар айылдык округунун башчысы __________Н.Козуев |
I. Киреше бөлүгү.
Катары | Кирешелердин аталышы | Статья | Сумма | Кварталдар | |
III | IV | ||||
1 | Лицензияны кармап тургандыгы учун | 14151200 | 497,2 | 497.2 |
|
| жалпысы |
| 497,2 | 497.2 |
|
II-чыгаша бөлүгү.
Катары | Чыгашалардын аталышы | Разд | Статья | Сумма | III-кв |
|
| ||||
1 | Өкмөттүк аппарат кызматкерлерине 1айлык акы (толук)сыйлык | 70111 | 2111100 | 132,4 | 132,4 |
2 | Соц фонд | 70111 | 2111100 | 22,8 | 22,8 |
6 | Борбаш айылындагы бакчасынын жылытуу системасын ондоого | 70911 | 31113290 | 90,0 | 90,0 |
7 | Борбаш айылындагы Резоруарды тазалоо учун | 706 | 22156900 | 160,0 | 160,0 |
8 | Резервдик фонд | 70111 | 28215200 | 62.0 | 62.0 |
9 | Кызматтык машынаны ондоо үчүн | 70111 | 2214 | 30.0 | 30.0 |
| Жалпысы |
|
| 497.2 | 497.2 |
ФЭБ башчысы: | Т.Исманов |