Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 26-декабры №7
«Ж. Атабаев орто мектебинин парта,
стол, стулдарын С. Нышанбаев орто
мектебине өткөрүп берүү жөнүндө».
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р. Назаровдун макулдугунун жана Кызыл-Суу айылдык аймагынын башчысы Н. Абдраевдин Отуз-Адыр айылдык аймагына жолдогон катынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ж. Атабаев орто мектебинин эски парта, стол, стулдарын Кызыл-Суу айыл аймагындагы С. Нышанбаев орто мектебине өткөрүп берүү жагы Отуз-Адыр айылдык өкмөтүнөн суралсын.
2. Эмеректерди баланстан баланска өткөрүп берүү тартибинде жүргүзүлсүн.
3. Жогорудагы токтомду аткаруу максатында 9 адамдан турган комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ташматовго милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Базарбаев |
| Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XVII-сессиясынын №_7__токтомуна тиркеме. |
Ж.Атабаев орто мектебинин парта, стол,стулдарын С. Нышанбаев орто мектебине өткөрүп берүү боюнча комиссиянын курамы.
1. Аликулов Таалай - Отуз-Адыр айыл өкмүтүнүн башчысынын орун басары – комиссиянын төрагасы.
2. Маликов Турдали - Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн юристи, - комиссиянын мүчөсү.
3. Атакулова Гүлүйпа – Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсепчиси – комиссиянын мүчөсү.
4. Апишев Хурбай –. Атабаев орто мектебинин директору - комиссиянын мүчөсү.
5. Сайдуллаев Айтали – айылдык кеңештин депутаты - комиссиянын мүчөсү.
6. Жияналиев Рустам - Атабаев орто мектебинин завхозу - комиссиянын мүчөсү.
7. Орозбаев Куштарбек – С. Нышанбаев орто мектебинин директору - комиссиянын мүчөсү.
8. Досматов Нурсеит - С. Нышанбаев орто мектебинин завхозу - комиссиянын мүчөсү.
9. Сулекеев Айдар - Кыш-Абад айылынын айыл башчысы, - комиссиянын мүчөсү
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин катчысы: |
Зикиров А. |