Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 24-июлу №2
2013-жылдын 01-январына карата
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда
калган 702,3 миң сом каражатын керектүү,
зарыл жумуштарга бөлүү жөнүндө.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 702,3 миң сом акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүнсүн (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Базибай уулу Асанбек).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин (Э. Ташматов).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |
| Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2013-жылдын 24-июлундагы кезектеги XIV –сессиясынын (4-чакырылыштагы) №2 токтомуна тиркеме. |
№ | Мазмуну | суммасы (миң.сом ) |
1 | Башкаруу аппаратындагы электр энергиясы үчүн төлөмдөр | 30,0 |
2 | Резервдик ротанын 3-күндүк окууларына кетүүчү чыгымдар | 43,0 |
3 | Башкаруу аппаратындагы кабинеттерди ремонттоо | 10,0 |
4 | Чогулуш өтүүчү залдын президиумунун столдорун жана стулдарын сатып алууга | 45,0 |
5 | Жаманкулов орто мектебинин китепканасын ремонттоого | 10,0 |
6 | Жаманкулов орто мектебинин музей-кабинетин ремонттоого | 10,0 |
7 | Маданият үйүнө музей ачуу, уюштурууга | 40,0 |
8 | Ар түрдүү чыгымдар, демөөрчүлүк максатында | 20,0 |
9 | Отуз-Адыр мектебин ремонттоого | 5,0 |
10 | Кыш-Абад айылынын ФАПын ремонттоого | 15,0 |
11 | Кыш-Абад айылынын спортсменине жол акы | 10,0 |
12 | И.В. Панфилов мектебинин көмүрүнө | 84,0 |
13 | Оорукананын тосмосун тосууга | 200,0 |
14 | Резервдик фондко | 50,0 |
15 | Башкаруу аппаратындагы жыйындар өтүүчү залдын стул, креслолорун сатып алууга | 60,0 |
16 | №9 М. Тешебаев орто мектебинин туалетин жаңыдан курууга | 50,0 |
17 | Ветсервиздин уруктандыруу пунктуна | 20,3 |
| Жыйынтыгы | 702,3 |
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы: |
Зикиров |