Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 2-октябры №2
«Отуз-Адыр үрөнчүлүк
чарбасы жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-июнунда чыккан №376 токтомун аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Үрөөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17-беренсине ылайык үрөөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана участкаларынын республиканын дыйкан, фермерлерин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөөндөр менен камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ролун күчөтүү максатындагы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-июнунда чыккан №376 токтомунун негизинде жүргүзүлгөн аттестациядан өтпөй калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2013-жылдын 16-сентябрында Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жөнөткөн №149 катына ылайык Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ага карата 2013-жылдын 18-сентябрдагы №230 жооп катынын, ошондой эле Отуз-Адыр Мамлекеттик өндүрүштүк үрөөнчүлүк чарбасынын директору Масиров Тынарбектин арызынын негизинде Отуз-Адыр мамлекеттик өндүрүштүк үрөөнчүлүк чарбасынын иш аракеттерин кароо Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Отуз-Адыр мамлекеттик өндүрүштүк үрөөнчүлүк чарбасынын статусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген убактыга чейин директору Масиров Тынарбек жооптуу болуп эсептелсин.
3. Отуз-Адыр мамлекеттик өндүрүштүк үрөөнчүлүк чарбасынын эскиден сүрүлүп келе жаткан мамлекеттик карыздары, аласа – береселери жана баланста турган турак жайлар, айыл чарба техникаларын тактап эсептеп чыгаруу боюнча комиссия түзүлүп бекитилсин (тиркеме тиркелет) жана ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын 10-октябрына чейин отчет берүү жагы комиссия курамынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жана уюштуруу иштерин тездетүү жактары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы А. Базибай уулуна жана Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы О. Айдаровго милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Айдаров О. |
| Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (4-чакырылыштагы) кезектеги XV – сессиясынын №2 токтомуна тиркеме. |
№ | Фамилиясы, аты | Ээлеген орду | Аткарган кызматы | Жашаган жери |
1 | Нышанов Сыдык | комиссиянын төрагасы | Айыл өкмөтүнүн аренда боюнча адиси | Отуз-Адыр айылы Жаштар көчөсү |
2 | Атамбиев Сыдык | комиссиянын төрагасынын орун басары | Депутат | Отуз-Адыр айылы Жаштар көчөсү |
3 | Бектемиров Максут | мүчөсү | Депутат | Кыш-Абад айылы |
4 | Ташматов Эмилбек | мүчөсү | Депутат | Ынтымак айылы |
5 | Маликов Турдали | мүчөсү | Айыл өкмөтүнүн юристи | КПФ айылы |
6 | Нышанбаев Сагын | мүчөсү | айыл башчы | Жаңы-Кызыл-Суу айылы |
7 | Масиров Тынарбек | мүчөсү | семхоздун директору | Кыш-Абад айылы |
8 | Сатыбалдиева Ыкыбал | мүчөсү | семхоздун эсепчиси | Отуз-Адыр айылы |
9 | Атамбаев Улан | мүчөсү | семхоздун эсепчиси | Отуз-Адыр айылы |
10 | Атамбиева Гулмира | мүчөсү | айыл өкмөттүн эсепчиси | Кара-Дөбө айылы |
11 | Адашов Алмаз | мүчөсү | жаштар комитетинин төрагасы | Кара-Дөбө айылы |
Жооптуу катчы: | Закиров А. |