Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15 майы №108/15-3
“Токмок ш. коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 06.05.14-ж. чыг.№454/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Токмок ш. коомдук тартипти сактоого тартылган коомдук түзүмдөр менен өз ара байланышта иштөөнү бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө” жөнүндө жобонун жаңы редакциясы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасына белгиленген тартипте чыгарылсын.
3.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 25-ноябрындагы №137/22-2 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Таманбаев |
Токмок шаардык Кеңешинин
2014-жылдын 15 май
№108/15-3 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик бийликти реформалоо жана биздин өлкөбүздөгү чоң экономикалык, социалдык өзгөрүүлөр шартында, коомдун алдында ар бир жарандын аң-сезимдүүлүктү жана бийик жооперчилик сезимин түзүү милдети, тартипти жана уюшкандыкты, укук тартибин жана мыйзамдуулукту ар тараптан бекемдөөнү камсыз кылуусу өзгөчө маанилүүлүккө ээ болот.
Бул милдетти чечүүдө мамлекеттик органдар менен катары эле өзгөчө орун, элдик ыктыярдуу кошуундарга тиешелүү.
Шаардыктардын демилгеси менен түзүлгөн элдик кошуундар коомдук тартипти бекемдөө боюнча ишке жигердүү катышышы керек, жалпы жашоо эрежелерин бузуулар жана башка коомго каршы көрүнүштөр менен күрөшүү жүргүзүүлөрү керек.
Өз катарында алдыңкы жана эстүү жарандарды бириктирген ыктыярдуу элдик кошуундардын иши, өлкөбүздүн мамлекеттик жашоосуна жарандардын кеңири жана көбүрөөк катышуусуна негизделген, биздин өлкөбүздөгү демократиялуулуктун үлгүсү болушу керек.
1.1.Ыктыярдуу элдик кошуундар ишканаларда, мекемелерде эмгек жамааттары, ошондой эле жарандардын жашаган жерлери боюнча, коомдук тартипти сактоону күчөтүү жана укук бузуулар менен күрөшүү үчүн түзүлөт.
1.2.Ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык ишмердүүлүгү мыйзамдарды так сактоого негизделет. Кошуундар өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
1.3.Ыктыярдуу элдик кошуундар өндүрүштүк-аймактык принцип боюнча ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, окуу жайларында, турак жай менчик ээлеринин шериктештигинде (кондоминиумдарда), үй башкармалыктарында, жатаканаларда жана у.с.түзүлөт.
1.4.Ыктыярдуу элдик кошуундарга, он сегиз жашка толгон, кошуундун алдына коюлган милдеттерди аткарууга өзүнүн ишкердик жана моралдык саясий сапаттары боюнча аткарууга жөндөмдүү эң жигердүү жаштар кабыл алынат.
1.5.Ыктыярдуу элдик кошуундарды жетектөө, депутаттардын Токмок шаардык Кенеши жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
1.6.Мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана кызмат адамдары, ыктыярдуу элдик кошуундарга, алардын коомдук тартипти сактоону күчөтүү жана укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүнө ар тараптуу жардам көрсөтүшөт.
1.7.Элдик кошуунчулардын коомдук тартипти сактоо менен байланышкан мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө каршы иш-аракеттер, өмүрүнө, ден соолугуна жана кадыр-баркына кол салуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
2.1.Ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо, укук бузуулардын алдын алууга жана аларды четтеттүүгө жигердүү катышуу, коомдук тартипти жана менчиктин бардык түрүн сактоо, жарандарды мыйзамдарды жана жалпы жашоо эрежелерин сыйлоого тарбиялоо ишине катышуу.
2.2.Ыктыярдуу элдик кошуундар, аларга жүктөлгөн, ушул Жобонун 8-пунктундагы милдеттерди аткарууда, колдонуудагы мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен:
а) көчөлөрдөгү, аянттардагы, парктардагы, унаа өзөк жолдорундагы, вокзалдардагы жана башка коомдук жерлердеги коомдук тартипти сактоого, ошондой эле ар түрдүү жалпы иш-чаралар өтүп жаткан убакта тартиптин сакталышын кармоого катышышат;
б) ички иштер, прокуратура, юстиция жана сот органдарына, алардын коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен болгон күрөшү боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүшөт;
в) ээн баштык, аракечтик, мамлекеттик жана коомдук мүлктү, жарандардын мүлкүн уурдоо, өзгөчө кырдаалдар мезгилиндеги талап-тоноолор жана башка укук бузуулар менен болгон күрөшкө катышышат;
г) кароосуз калган балдар жана жашы жете электердин укук бузуулары менен болгон күрөшкө катышышат;
д) унаа кыймылынын жана жөө жүргөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана жол-унаа окуяларынын алдын алууга катышышат;
е) күтүлбөгөн кырсыктан, укук бузуулардан жапа чеккен адамдарга, ошондой эле коомдук жерлерде жардамга муктаждарга тез жардам көрсөтүү боюнча чара көрүшөт, табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда адамдарды, мүлктөрдү сактоого жана коомдук тартиптин сакталышын кармоого катышышат;
ж) жаратылыш байлыктарын коргоо жана сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүүгө жана аңчылык жана балыкчылык эрежелерин бузуулар менен күрөшүүгө катышышат;
3.1.Ыктыярдуу элдик кошуундар, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кошуундун катарына кирүүнү каалаган демилгечи топтор тарабынан чакырылган уюштуруу жыйналышында уюштурулат.
3.2.Жумушчулардын жана окуучулардын саны көп өндүрүш бирикмелеринде (комбинаттарда), ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларында, ыктыярдуу элдик кошуундардын шаардык штабынын чечими менен, өндүрүштүн (филиалдардын) цехтердин, бөлүмдөрдүн, участкалардын, бригадалардын, факультеттердин жана у.с. кошуундары түзүлөт, ошондой эле жетектөө үчүн бул кошуундардын штабдары түзүлөт.
3.3. Шаардык штабдын көрсөтмөсү боюнча, ыктыярдуу элдик кошуундар депутаттардын шаардык Кеңешинен каттоодон өтүшөт. Каттоодон өтүп жатканда, аны түзүү тартибинин сакталышы текшерилет. Кээ бир ыктыярдуу элдик кошуундардын жоюлушу же кайра түзүлүшү, депутаттардын шаардык Кеңешине маалымдоо менен, кошуундун шаардык штабынын чечими менен жүргүзүлөт.
3.4.Ыктыярдуу элдик кошуунга кабыл алуу өз каалоолору менен гана, жеке тартипте, кошуунчулардын жалпы жыйналышында же кошуундун штабынын отурумунда, жеке арызынын жана иштеген жери, окуган жери же кошуунга кирүүнү каалаган жарандын жашаган жери боюнча уюмдун сунушунун негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт.
3.5.Ар бир кошуунчу укук тартибин сактоону жана укук бузуулар менен күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча коомдук милдетти ак ниеттүүлүк жана ишенимдүүлүк менен аткарууга салтанаттуу убада (текст тиркелет) кабыл алат. Салтанаттуу убада, уюмдардын жана эмгек жамааттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен, кошуунчулардын жалпы жыйналышында кабыл алынат. Кошуунга кабыл алынган жарандарга, салтанаттуу убаданы кабыл алуу үчүн, бул убаданын мааниси түшүндүрүлөт, алар менен бул Жобону, коомдук тартипти жана укук бузуулар менен күрөшүүнү, элдик кошуундун ишинин түрлөрүн жана ыкмаларын тартипке салуучу мыйзамдуулук жана башка ченемдик актыларды окуп-үйрөнүү уюштурулат.
Өз милдеттерин, укуктарын так үйрөнгөн жана салтанаттуу убада кабыл алган кошуунчуга, кошуундун штабынын башчысы же башчы бекитилген тартиптеги күбөлүктү, көкүрөк белгисин жана кошуунчулардын негизги милдеттери жана укуктары жазылган эскертмени, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзам жоболорду тапшырат. Ушундан кийин гана кошуунчу өз милдеттерин аткарууга киришет.
3.6.Бул наамга туура келбеген күнөө кылган же өз милдетин аткарбаган кошуунчу, элдик кошуундан чыгарылат. Чыгаруу жөнүндөгү чечим кошуунчулардын жалпы жыйналышында же кошуундун штабынын отурумунда кабыл алынат. Кошуундан чыгарылган, күбөлүгүн жана кошуунчунун белгисин өткөрүп берет. Кошуунчунун милдетинен бошотуп коюу жөнүндө кайрылган кошуунчулар, кошуундун курамынан чыгарылат. Чыгаруу жөнүндөгү чечим штаб тарабынан кабыл алынат, кошуундун курамынан чыккан, штабга күбөлүгүн жана кошуунчунун белгисин өткөрүп берет. Элдик кошуундун курамынан, иштеген, окуган же жашаган жери алмашкандыгына байланыштуу чыккан кошуунчулар, кошуунга жаңы иштеген, окуган же жашаган жери боюнча, өз арызынын жана мурда каттоодо турган кошуундун башчысы же штаб тарабынан берилген мүнөздөмөнүн негизинде кабыл алынса болот.
3.7.Ыктыярдуу элдик кошуунду, кошуунчулардын жалпы жыйналышында ачык добушка коюу менен эки жылга шайлануучу кошуундун башчысы жана анын орун басары жетектейт. Курамы 50 кошуунчудан ашкан кошуунда, анын ишин жетектөө үчүн, ошол эле мөөнөткө кошуундун штабы шайланат.
3.8. Шаардын чегинде ыктыярдуу элдик кошуундун ишин ыкчам жетектөө үчүн, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, кээ бир ыктыярдуу элдик кошуундун штабдын башчыларынан, кошуунчуларынан, ыктыярдуу элдик кошуундун шаардык штабы түзүлөт.
Депутаттардын шаардык Кеңешинин чегинде ыктыярдуу элдик кошуундун шаардык штабы түзүлөт. Шаардык ыктыярдуу элдик кошуундун штабынын башчысы, депутаттардын шаардык Кеңеши, коомдук Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген адам болот. Шаардык ыктыярдуу элдик кошуундун штабынын чечими боюнча, кичи райондордо, ошондой эле кээ бир ишканаларда, АКӨБдө ыктыярдуу элдик кошуундун ишин жетектөө үчүн тиешелүү штабдар түзүлүшү мүмкүн.
3.9.Укук бузуулардын кээ бир түрлөрү менен күрөшүү боюнча ыктыярдуу элдик кошуундун ишин мыкты уюштуруу максатында, кошуундун шаардык штабынын чечими менен, жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу, жол жүрүү кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана башка багыттар боюнча, кошуундардын атайын топтору түзүлөт. Кошуундун шаардык штабдарында, элдик кошуундун курама ыкчам топтору түзүлүшү мүмкүн.
3.10.Элдик кошуундун шаардык штабынын чечими боюнча, жаштар арасында жана жашы жете электердин укук бузуулары менен күрөшүү үчүн, ыктыярдуу элдик кошуундун атайын бөлүгү катарында, ыкчам отряддар түзүлүшү мүмкүн. Ыкчам отряддарды уюштуруу жана ишмердүүлүк тартиби, ушул Жобо менен аныкталат.
4.1. Элдик кошуунчу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге, жарандарды мыйзамдарды сактоого үйрөтүүгө жигердүү катышууга, укук тартиби органдарына, укук бузуулар менен күрөшүү боюнча, алардын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүгө;
б) тапшырманы аткарууда кошуундун башчысынын жана анын штабынын талаптарын, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча бирге өткөрүлгөн иш-чараларда милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так жана ак ниети менен аткарууга;
в) милдеттерин аткарууда колго таңууну тагынып жүрүүгө, жанында күбөлүгүн алып жүрүүгө;
4.2. Элдик кошуунчу төмөнкүлөргө укуктуу :
а) жарандардан бекитилген коомдук тартипти сактоого жана укук бузууну токтотууну талап кылууга;
б) коомдук тартип кара ниеттик менен бузулган учурларда же жаранга, ишканага, мекемеге, уюмга мүлктүк зыян келтирилген учурларда, кийин протоколду кошуундун башчысына (штабдын башчысына) берүү менен протокол түзүүгө;
в) укук бузууга же ага тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн адамдын ким экендигин тактоо керек болгон учурларда, коомдук тартипти бузуучулардан паспортун же башка документтерин көрсөтүүнү талап кылууга;
г) укук бузгандарды же таасир кылуучу чаралардын бардыгы көрүлгөндөн кийин, укук бузууну болтурбоо максатында, ошондой эле бузуучулардын ким экендигин аныктоо жана бузуу болгон жерде мүмкүнчүлүк жок болсо, протокол түзүү үчүн милицияга же ыктыярдуу элдик кошуундун штабына алып келүүгө;
д) коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткарууда, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын телефондорун бекер колдонууга;
4.3.Элдик кошуунчунун коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткарууда пайда болгон убактылуу эмгекке жарамсыздык учурларында, кошуунчуга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул, негизги иш орду боюнча, иштеген эмгек стажысына карабастан, эмгек акысы жүз пайыз төлөнүп берилет.
5.1.Ыктыярдуу элдик кошуундар өз ишмердүүлүгүн төмөндөгүдөй жолдор менен жүргүзөт:
а) көчөлөрдү, аянттарды, парктарды жана башка коомдук жерлерди кайгулдоо жана постторду коюу, укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды аныктоо боюнча рейддерди жүргүзүү;
б) укук бузууларды жасаган адамдар менен жекече тарбиялоо иштерин өткөрүү;
в) укук бузуучуларга материалдарды тариздөө, бул материалдарды тиешелүү мамлекеттик жана коомдук уюдарга жөнөтүү.
6.1.Депутаттардын Токмок шаардык Кеңеши жана Токмок ш. мэриясы өз билгиликтеринин чегинде ыктыярдуу элдик кошуундарга жетекчилик жүргүзүшөт, алардын ишмердүүлүгүн уюштурушат, кошуундардын бекемделишине жана кошуунчулардын катарына эмгек жамааттарынын мыкты өкүлдөрүн тартууга чара көрүшөт, кошуундардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылышат, укук тартибин сактоого катышкан мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттерин уюштурушат, кошуундардын башчыларынын жана штаб башчыларынын билдирмелерин жана отчетторун, ошондой эле кошуундардын иштеринин маселелери боюнча, ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчик түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин билдирмелерин жана отчетторун угушат, кошуундардын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечишет.
7.1.Кошуунчулардын ишин ыкчам жетектөө, штабдын башчысы башкарган штаб аркылуу жүргүзүлөт.
7.2.Ыктыярдуу элдик кошуундун штабынын башчысы болуп, коомдук кеңештин төрагасы саналат, анын милдетине ЫЭКтин кезметин уюштуруу кирет.
8.1.Ички иштер, прокуратура, сот органдары ыктыярдуу элдик кошуундарга, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, ар тараптуу көмөк көрсөтүшүп, ыктыярдуу элдик кошуундардын башчыларына жана штаб башчыларына укук бузуулар жөнүндө зарыл маалыматтарды беришет, аларды усулдук көрсөтмөлөр менен камсыз кылууга жардам көрсөтүшөт, жалпы жыйналыштарга, кароолорго, кошуунчулардын слетуна, кошуундун штабынын отурумдарына катышышат.
8.2.Ички иштер органдары ыктыярдуу элдик кошуундар менен күнүмдүк өз ара аракеттерин уюштурууну камсыз кылышат, зарыл учурларда кошуунчуларга нускамаларды беришет, аларга укук бузуулар менен күрөшүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын үйрөтүшөт, кошуундардын ишин пландаштырууга жана эсебин алууга усулдук жардам көрсөтүшөт, кошуундардын штабынын макулдашуусу менен, коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүшөт. Ушундай иш-чаралардын убагында кошуундардын ишине ыкчам жетекчиликти ички иштер органдарынын тиешелүү кызмат адамдары жүргүзүшөт.
9.1.Укук бузуу менен күрөшүүгө жигердүү катышкан элдик кошуунчулар, депутаттардын Токмок шаардык Кеңеши, Токмок шаарынын мэриясы, мекемелер, ишканалар жана коомдук уюмдар тарабынан, алардын билгилик чегинде төмөндөгүдөй сыйланат:
а) алкыш жарыялоо
б) Ардак грамота менен сыйлоо
в) Ардак тактага каттоо
г) белек же акчалай сыйлык берүү
д) төлөнүүчү кошумча өргүү берүү
9.2.Өз милдеттерин аткарууга ак ниети менен мамиле кылбаган элдик кошуунчулар, жалпы жыйналыштын же кошуундун штабынын чечими менен төмөндөгүдөй жазага тартылышы мүмкүн:
а) эскертүү
б) сөгүш
в) кошуундан чыгарып салуу
10.1.Ишканалар, мекемелер жана уюмдар, тиешелүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ыктыярдуу элдик кошуундарын зарыл имарат, телефон байланышы, эмерек, инвентарь жана унаа менен камсыз кылышат.
10.2.Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ыктыярдуу элдик кошуундарынын кызматтык имараттарын кармоо чыгымдарын, ошондой эле телефон, почта байланышынын жана кошуундардын ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу башка чыгымдар ушуга тиешелүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11.2. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө, “Прокуратура жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Жооптуу катчы | Р.Кадыркулова |