Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 5-ноябры №12/10
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүндө
муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
Баетов айыл аймагында “Баетов таза суу” муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл аймагында “Баетов таза суу” муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
2.Аталган ишкананын аталышын, штаттык бирдигин кароо жана каржы, чарбалык ишмердүүлүгүн аныктоо кийинки сессияга калтырылсын.
3. Түзулгөн ишкананын Уставын Нарын облустук юстиция башкармалыгынан жана башка тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн экономист-статисти жетектөөчү адис Абышбаев Русланга тапшырылсын.
4.Уюшулган ишкананын ишин уюштуруу, ишканага ар тараптуу көмөк көрсөтүп, ишине көзөмол жүргүзүү жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Абдылдаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Рысбаев |
| Бекитемин Баетов айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы:- ____________ Т. Турусбеков “____” __________ 2013-ж |
1.Жалпы жобо
1.1 Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана1999-жылдын 25-мартында №33 “Таза, ичүүчү суулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүзөөгө ашырылат.
1.2 Коммуналдык ишкана “Баетов айыл аймагынын муниципалдык ишкана “Баетов таза суу”” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин указы жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана ушул Уставдын негизинде ишке ашырылат.
1.3 Ишкананын негизги документи болуп ушул Устав эсептелинет.
1.4 Ишкананын өкүлү болуп: Баетов айыл өкмөтү саналат.
1.5 Толук ишкананын аталышы: “Баетов таза суу”
1.6 Ишкананын кыскача аталышы: “БТС”
1.7 Ишкана юридикалык жак жана муниципалдык ишкана болуп саналат жана мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын банктарынан эсептик жана башка счетторду, ошондой эле валюталык ачканга укуктуу.
Ишкана муниципалдык мекеме болуп эсептелинет.
Ишкананын өзүнүн печаты аты жөнү менен кыргыз жана орус тилинде, ошондой эле штамп, бланкасы жана башка атрибуттары болот.
1.8 Чарбалык субект катары өз алдынчаишкана болуп саналат дагы, коммуналдык ишкананын укуктук форманын негизинде түзүлгөн.
Ишкананын баардык аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Уставдын негизинде иш алып барат.
1.9 Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде бүтүмдөрдү, келишимдерди ар тарап менен түзгөнгө укуктуу, чарба жүргүүсүндө өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттемелерге ээ боло алат жана ишке ашыра алат, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алат.
1.10 Дареги: Кыргыз Республикасынын, Нарын обласынын, Ак-Талаа районун, Баетов айыл аймагынын Султаналиев №52
1.11 Чарбалык башкаруунун негизинде түзүлгөн ишкана юридикалык жак жана муниципалдык ишкана болуп саналат, качан Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин.
1.12 Ишкана өзүнө өкүлчүлүк же филиалдарды ачууга укуктуу. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана тарабынан бөлүнгөн мүлктү пайдалана алат жана ишкана тарабынан бекитилген жоболордун негизинде ишин жүргүзүшөт.
1.13 Кээбир маселелер, эгерде ушул Уставдын негизинде чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш жүзүнө ашырылат.
1.14 Эгерде ушул Устав Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына карама-каршы келе турган болсо, ченемдик укук актыларын колдонулат.
2. Ишкананын ишмердүүлүгү жана максаты
2.1 Ишмердигин негизги максаты катары пайда табууну көздөп жана элди коммуналдык-таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле суу түтүкчүлөрүн оңдоо жана коммерциялык иш чараларды жүргүзүү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбесе.
2.2 Ишкананын иш алып баруусунун түрү:
· Айыл аймактын айланасын санитардык жактан таза суу менен камсыз кылуу;
· Суу түтүкчөлөрдүн, башка сооружениялардын авариялык иштерин калыбына келтирип туруу;
· Сапатуу иш алып баруу үчүн техникалар менен камсыз кылуу;
· Айыл үчүн санитардык-техникалык сервис ачуу;
· Электросварочный менен столярный цех ачуу;
· Мыйзам чегинде жана башка коммуналдык кызматтарды аткаруу.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери.
3.1 Ишкана өзүнүн максатын аткаруу үчүн, муниципалдык менчиктин алдында иш алып барылат жана төмөндөгүлөргө укуктуу:
· Юридикалык жана жеке ишмерлерден накталай эмес эсепти өндүрүү;
· Сотто доочу жана жоопкер катары чыгат;
· Өз алдынча юридикалык жана жеке ишкерлер менен келишим түзүүгө укуктуу;
· Жумушчулардын сапатуулугун жогорлатуу максатында келишимдин негизинде тренерлерди чакырып семинар, тренингдерди өткөрүү;
· Жумушчулардын сапатуулугун жогорулатуу менен биргеликте жумушка кызыкчылыктарды жаратуу максатында комондировкага, семинарларга, тренингдерге, выставкаларга жиберүү;
· Ошондой эле ишкана өкүлчүлүгүн жана филиалдарды башка дагы аймактарга ачканга укуктуу жана ушул Уставдын негизинде иш алып барат;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жана Баетов айыл өкмөтүнүн макулдугу менен ишканага бөлүнгөн мүлктөрдү, транспортторду, инвентарларды жана жабдыктарды юридикалык мекемелерге же жеке ишкерлерге алмаштырууга же ижарага берүүгө укуктуу;
· Элдерге, мекемелерге акы төлөөнө турган кызматтарды көрсөтүү;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде жана ушул Уставтан тышкары Баетов айыл өкмөтүнүн макулдугу менен башка дагы кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу;
3.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эмгек кодексине ылайык ишкананын жумушчуларына төмөнкү көрсөткүчтөн, медициналык, социалдык, жана пенсиялык камсыздоодон, социалдык коргоодон төмөн эмес туруктуу эмгек акы белгиленет.
3.3 Ишкананын милдеттери:
· Жумушчуларга коопсуздук шарттарды түзүп берүү менен биргеликте ден соолугуна жана ишмердүүлүгүнө зыян келтирилген учурларда жоопкерчилик тартууга милдетүү;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана түзүлгөн келишимдин негизинде өз милдеттерин аткаруу.
· Ишкананын жумушчуларына социалдык жана медициналык жактан камсыз кылууга милдеттүү;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде налогдорду төлөп туруу жана ошондой эле башка отчетторду тийиштүү органдарга өз убагынан кечиктирбестен тапшыруу;
4. Ишкананыбашкаруу.
4.1 Ишкананыбашкаруу орган болуп – Баетовайылөкмөтү эсептелинет
Ишкананын башкаруу катары баардык суроолорду, ишкананын уставына өзгөртүү жана толуктоолорду, ошондой эле кайра юридикалык жак катары уюштуруу же болбосо жоюу болуп саналат.
4.2 Директор – ишкананын жетекчиси катары жөнгө салат
4.3 Ишкананын директору мамлекеттик же муниципалдык кызматкери боло албайт.
4.4Ишкананын директору Баетов айыл өкмөтү тарабынан 1-жылдык мөөнөткөконтрактык негизде дайындалат.
4.5 Ишкананын директору дайындалгандан кийин ишкананын атынан келишимдерди ишеним каты жок эле жөнгө салат, ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүн жана мулкктүн, финансалык башкаруудагы баардык жоопкерчиликти директор алат жана ички процедуранын аткарылышын камсыз кылат.
Ишкана жетекчиси мекеменин атынан иш жүргүзүп, мыйзам чегинде жана келишимге ылайык мекеменин мүлкүн пайдаланып банктан счет ачканга укугубар.
Ишкананын жумушчуларына өзүнүн укук ченеминде буйрук чыгарып, жумушка кабыл алып жана жумуштан бошотконго укуктуу.
4.6 Мыйзамда каралбаган жоопту кызматтарды ишкананын директору кызмат оордуна дайындайт жана ошондой эле кызматынан бошотулат .
4.7 Ишкананын сапаттык курамы жана түзүмү Баетов айыл өкмөт тарабынан бекитилет.
4.8 Мыйзам чегинде директор тарабынан кошумча жумушчу күчтөр кабыл алынат, акы айлыгы, иштөө мөөнөтү, эс алуу убактысы жана башка ушул сыяктуу суроолорду келишимдин негизинде директор жөнгө салат.
5. Эсеп-кысап
5.1 Баетов айыл өкмөт тарабынан бекитилген иш планынын негизинде ишкана өзүнүн ишин алып барат. Эгерде бекитилген иш план жок болсо ишкана иш план түзүп ишке ашырууга тийиш.
5.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкана өзүнүн бухгалтериялык жана статистикалык отчеттордужүргүзөт жана тапшырат.
5.3 Кыргыз Республикасынын негизинде тийиштүү органдар ишкананын ишин, отчетторун жана кызматтык сапатын текшерүүгө укуктуу.
5.4 Таза сууга болгон төлөм Баетов айылдык кеңеши тарабынан аныкталат.
6. Ишкананынмүлкү жана финансысы
6.1 Ишканага бектилип берилген имараттарды жана мүлкттөрдү иштин кызыкчылыгы үчүн колдонууга укуктуу.
6.2 Ишкананын мүлкүн жана имараттын Баетов айыл өкмөтү тарабынан аныкталат.
6.3 “Ишкананын” финансалык ишин жүргүзүү булактары болуп айылдык бюджеттен жана ишканага түшкөн кирешелерден, ошондой эле акы төлөнө турган кызматтардан түшкөн кирешелер болуп саналат.
6.4 Бюджет Баетов айыл өкмөтү тарабынан суншталып Баетов айылдык Кенеши тарабынан бекитилет жана бекитилген бюджет боюнча Баетов айыл өкмөтү элдерге маалымат берилет.
6.5 Ишканага түшкөн кирешелерди Баетов айыл өкмөтүнүн макулдугу менен ишкананын кызыкчылыгы үчүн жумшалат жана жыл сайын Баетов айыл өкмөтүнө отчет берип турат.
7. Уставка өзгөртүү жана кошумча киргизүү
7.1 Уставка Кыргыз Республикасынын мыйзамына негизинде жана Баетов айыл өкмөтүнүн макулдулугу менен гана өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилет.
8. Ишкананы кайра юридикалык жак катары кайра түзүү же жоюу.
8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда, Баетов айыл өкмөтү тарабынан же сот аркылуу гана ишкананын ишин токтотуп юридикалык жак катары кайра түзүү же жоюуга мүмкүн.
8.2 Ишкана жоюлган учурларда же башка юридикалык жак катары түзүлгөн учурларда жумушчулардын таратылышында компенсация төлөнүп жана башка дагы шарттарды түзүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде кароого милдетүү.
8.3 Мамлекеттик юстициядан каттоодон жоюлду же кайра башка юридикалык жак катары түзүлдү деген күндөн баштап ишкананын иш алып барууса токтотулат.
«Баетов таза суу»
Ишканасынын директору: | Мамбетов Съездбек |