Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели №1
Кызыл-Туу айылдык
кенешинин регламентин
кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин типтүү регламентин карап жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешине сунуш кылынган регламент өзгөртүү жана толуктоолорду эске алуу менен кабыл алынсын.
(Регламент тиркелет 7 барак)
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |
| Кызыл-Туу айылдык кенешинин 19.04.2013-ж биринчи сессиясынын №1 токтому менен озгортуулор жана толуктоолор менен бекитилди. |
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
2- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ
3- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА КЕНЕШТИН
ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ
4- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КАТЧЫСЫ
5- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТУРУКТУУ ЖАНА УБАКТЫЛУУ КОМИССИЯЛАРЫ.
6- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН СЕССИЯЛАРЫН ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ.
7– БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМ ДОЛБООРЛОРУН КАРОО ТАРТИБИ.
8- БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ЖАНА БЕКИТҮҮНҮН ТАРТИБИ
Айылдык кенешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кенешинин иш аракет тартибин аныктайт.
БОЛУК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1- БӨЛҮМ
1.1. Айылдык кенеши өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, Жергиликтүү жамааттын Уставына ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кенешинин иш аракети жылдык жана кварталдык иш пландардын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айыл унун кенеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кенеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык кенешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2- БӨЛҮМ
Айылдык кенешинин компетенциясы
Айылдык компетенциясына төмөндөгүлөр кирет
2. 1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө:
2.2. Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалымат угуу:
2.3. Аймактарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык-жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
2.4. Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
2.5. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескоо тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештируу программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдук жүзөгө ашыруу.
2.6. Жергиликтүү оз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескоочу органын иши жөнүндө отчётун угуу.
2.7. Мыйзамдарды белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
2.8. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин айылдык өкмөттүн башчысынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда алуу жөнүндөгу сунушуна макулдук беру (47-ст.,8.2-п.)
2.9. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
2.10. Администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу.
2.11. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, айылдык кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама келген чечимдерин жокко чыгаруу.
2.12. Жергиликтүү кенештин Регламентин кабыл алуу.
2.13. Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
2.14. Өкмөт аныктаган типтуу ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү.
2.15. Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин каттуу калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мызамдарына ылайык бекитүү.
2.16. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо депутаттардын жалпы санынын учтон экиси тарабынан ишеним көрсөтбөө.
2.17. Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл –чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө.
2.18. Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо.
2.19.Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.20. Айылдык кенеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансалык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар откорулуп алынат жана аткарылат.
2.21. Айылдык кенеш белгиленген моонотто өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришуудо төраганын орун басарын жана структурасы жөнүндө чечим кабыл алат.
3- БӨЛҮМ
Айылдык кенешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3.1. Айылдык кенешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенешинин ыйгарым моонотуно шайланат.
Айылдык кенешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык төрагасы :
· Кеңеш сессиясын чакырат
· Сессияга төрагалык кылат.
· Айылдык кенешитин чечимдерине отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коёт.
· Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка фукцияларды аткарат.
3.2. Зарылчылык учурда жүйөөлүү себептердин негизинде убактылуу айылдык кенештин төрагасы шайланат, туруктуу төрага шайланганга чейин төрагалык милдетти аткарат, сессияларды чакырат жана сессияны алып барат.
3.3 Айылдык кенештин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.4. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басарына талапкери төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.5. Кенештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал оз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдеттин аткарат.
3.6. Кенештин төрагасынын орун басары оз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.7. Кенештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 болугунун демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
4- БӨЛҮМ.
Айылдык кенештин катчысы.
4.1. Айылдык кенештин катчысынын милдетин айылдык өкмөттүн жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык кенештин катчысы:
· Айылдык кенештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт.
· Айылдык кенештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
· Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
· Айылдык кенештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат.
· Айылдык кенештин сессия токтомдорун тариздейт жана айылдык кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат.
· Айылдык кенештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5- БӨЛҮМ
Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары:
5.1.Айылдык кенешке киргизүүгө тийиштуу маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын козомолдоо үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айылдык кенеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси алардын сандык курамын шайлоо айылдык унун кенешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык дун кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды тузо алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды тузуу убагында аныкталат.
Убактылуу комиссиялардын ишмердуулугу тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
6-БӨЛҮМ
Айылдык кенештин сессиясын өткөрүү тартиби.
6.1. Айылдык кенештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык кенештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес откорулот.
Айылдык кенештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
Кенештин кезексиз сессиясы депутаттардын 1/3 талабы боюнча чакырылышы мүмкүн.
Кенештин сессиясына чакыруу жөнүндө ар бир депутат кеминде 7кун алдын (кезексиз сессия жөнүндө 2 күн алдын) маалымдалат. Депутат чакыруу менен бирге кун тартибине киргизилген маселердин тизмесин алууга тийиш. Сессияда күн тартибинде бекитилгенден башка маселелер каралбайт.
6.2. Айылдык кенештин депутаттары кенеш сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
Айылдык кенештин сессиясы ачык турундо откорулот. Кенештин чечими менен сессия жабык турундо откорулуусу мумкун.
6.4. Айылдык кенеш ар бир сессияда кун тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат.
6.5. Айырым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.6. Айылдык кенештин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.7. Керек болгон учурларда айылдык кенештин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7– БӨЛҮМ
Айылдык кенештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
7.1.Айылдык кенештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат.
Сессияда томондогу маселелер боюнча чечимдер жабык добуш берүү аркылуу кабыл алынат:
-Кенештин компетенциясына кируучу кызмат орундарына шайлоо, маакулдук берүү, ишеним корсотбоо жана кызмат ордунан алуу жөнүндө.
-Кенеш тарабынан бекитилуучу отчеттор жөнүндө.
-Депутаттардын 1/3 тарабынан жабык добушка коюу сунуш кылынган чечимдер.
Башка чечимдер ачык добуш менен кабыл алынат
7.2. Айылдык кенешине кароого сунушталган токтом долбоору томондогудой болууга тийиш.:
· Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мооноту, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүно киргендиги корсотулот.
· Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштуу аймактык органдардын жергиликтүү бөлумдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш.
· Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же озгортуу боюнча сунуштар камтылууга тийиш.
· Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
· Кенештин тиешелүү туруктуу коммиссиясы тарабынан каралып, комиссия маселени Кенештин сессиясына кароого киргизүү жөнүндөгу сунушу болууга тийиш.
· Долбоор даяр болуп гана сессияга киргизилууго тийиш.
7.3. Айылдык кенештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
7.4. Айылдык кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн озгочо пикирин айыл кенешинин протоколуна киргизүүго укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук болугу добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пунктар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору баардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык кенештин чечимин таратуу кол коюулгандан кийин эки жумалык моонотто кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык кенешин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттуу.
8-БӨЛҮМ
Айылдык кенештин Регламентине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизүүнун жана бекитүүнун тартиби.
8.1. Айылдык кенештин иш Регламентин «Типтуу Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат» жана кенештин сессиясына бекитүүго киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кенешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кенештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке озгортуулорду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө топко кароо үчүн жонотулот.
8.4. Регламент жана Регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын копчулук саны менен кабыл алынат.