Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июну №4
Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине озгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы комиссиясынын корутундусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңештин 12.03.2014-ж. «Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2015-2016 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» № 1-токтомунун 2-тиркемеси аркылуу Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесине 2 даана атайын техника алууга каралган акча каражатын 5000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилгендиги эске алынсын.
2. Жаш өспүрүмдөрдүн жана жеткинчектердин олимпиадалык резервиндеги №3-спорт мектебинин социалдык фондко болгон 244,058 миң сом жана киреше салыгынан болгон 650,942 миң сом кредитордук карыздарын төлөө үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Монголиядагы болуп өткөн Азия чемпионатынын грек-рим күрөшу боюнча күмүш медалынын ээси Асанов Эсенге 200,0 миң сом, коло медалынын ээси Абдуганиев Нурбекке 150,0 миң сом, алыш күрөшу боюнча алтын медалдын ээси Аканов Нурбекке 50,0 миң сом жана машыктыруучусу Салаев Алтынбекке 50,0 миң сом акча каражаты шаардык спорт комитети аркылуу бөлүнүп берилсин.
4. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан уюштурулган алыш күрөш боюнча турнирди Жалал-Абад шаарында өткөрүүгө 350,0 миң сом акча каражаты шаардык спорт комитети аркылуу бөлүнүп берилсин.
5. Дүйнөлук Банктан алынган карызды кайтаруу үчүн 3500,0 миң сом акча шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу бөлүнүп берилсин.
6. Жогорудагы кошумча бөлүнгөн каражаттар шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2014-жылга бекитилген сметасында от казандардын ремонтуна каралган каражаттан 4982,2 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга өнүктүрүү бюджетине каралган каражаттан 212,8 миң сом кыскартылгандыгынын эсебинен каржылансын.
7. Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесинин атайын эсеп каражаттарынын кошумча чыгымдоо сметасы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Н.Исмаилов |
| Шаардык кеңештин 9.06.2014-жылдагы XV-сессиясынын №4 токтомуна №1-тиркеме |
к/б № | Мекемелердин аталышы | Кошулду | Кошумча маалымат |
| Жалал-Абад Тазалык | 752,0 | 6 штат бирдигин кармоого эмге акы |
| Жалал-Абад Тазалык | 129,7 | соц.фондго чегеруу |
| Жалал-Абад Тазалык | 160,0 | Зил автоуунасын сатып алууга |
| Жалал-Абад Тазалык | 30,0 | Таштанды таштоочу жайга тротуар курууга |
| Жалал-Абад Тазалык | 600,0 | ГСМ мото час |
| Жалал-Абад Тазалык | 50,0 | Мекеменин конторасын ремонтттоо учун |
| Жалал-Абад Тазалык | 30,5 | Мекемеге эмерек алууга |
| Жалал-Абад Тазалык | 50,0 | Свалканын кароол канасын чатырын ремонттого |
| Жалал-Абад Тазалык | 275,0 | 50 даана контейнер жасоого |
| Жалпы автобазага | 2077,2 |
|
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |