Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 13/2
Кум-Дөбө айылына турак жай куруу үчүн жер
участогун бөлүү жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бугучу, Кум-Дөбө калктуу конуштарынын жер аянттарын турак жай курулуштарын жүргүзүү үчүн кеңейтүү максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” калктуу конуштардан жерлер категориясына которуп, трансформацияланып берилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бугучу, Кум-Дөбө айылдарына турак жайга бөлүнүүчү аянттарды тактап, райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнө тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын жеке менчик турак үй курууга бир жолу акысыз жер берүү Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, айыл жеринде учётто турган, үйлөнүп жайланган жаңы үй бүлөлөргө 0.20 га жер ар бир атуулга берилсин.
4. Үй курууга берилүүчү жер аянтына арыз менен кайрылгандардын тизмесин тактап, аны көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
5. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор аймактык кошмо жыйынынан суралсын.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кенешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин
17.06.2014-жылдагы кезектеги ХШ-сессиясынын
№ 13/2 токтомуна тиркеме
1. Арал-Сай участкасынан 20 га жер
2. Кара-Дөбө участкасынан 40 га жер
3. Желе-Дөбө участкасынан 20 га жер берилсин.