Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 3
Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин 12.04.2005-жылдагы сессиясынын №2 токтомуна жана 16.10.2009-жылдагы сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү киргизип , ижарага берүүнүн тарифин жогорулатуу жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине шаардык муниципалдык менчик департаменти Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин 12.04.2005-жылдагы сессиясынын №2 токтомуна жана 16.10.2009-жылдагы сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү киргизүү , ижарага берүүнүн тарифин жогорулатуу боюнча 19-июнь 2014-жылы №03\354 сунуш каты менен кайрылган. Сунуш шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссиянын отурумунда маселени сессиянын күн тартибине киргизүү сунушун беришкен.
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине, “Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин 12.04.2005-жылдагы сессиясынын №2 токтомуна жана 16.10.2009-жылдагы сессиясынын № 5 токтомуна Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунушуна ылайык өзгөртүү киргизилип, муниципалдык жер аянтын ижарага берүүнүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин. ( жер аянттарын ижарага берүүнүн тарифи тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 302- “Белгиленбеген жерлерде соода кылуу” жана 556-1-“ Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары” беренелерине ылайык Нарын шаарынын борбордук базарларында жана башка жерлерде мыйзамсыз соода кылган жарандарга чара көрүү Нарын шаардык салык башкармалыгына (К.Насиридинов), Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө(Т.Турпанбаев) тапшырылсын жана шаардык муниципалдык менчик департаменти менен биргеликте жеткиликтүү аракеттер көрүлсүн .
3. Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу, ижарага берүүдөгү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, ижара акыларын өз убагында чогултуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга карата бекитилген планды аткаруу Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык жер аянтын ижарага берүүнүн тарифтери шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) тарабынан жергиликтүү “Теңир-Тоо” гезитине жарыялансын.
5. Бул токтом 1-август 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жыл башында бекитилген планына өзгөртүү киргизүүгө карата 9 айдын жыйынтыгы менен сессияга сунуш киргизүү шаардык мэрияга жана шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Тѳрага: | Э.Турсуналиев |
к/н |
Жер аянттарындагы ишмердик боюнча түрлѳрүнүн аталышы | Борбордук базардын айланасындагы (Шуллер, М.Таранчы,С.Орозбак, С.Андабеков кѳчѳлѳрүндѳгү) | Раззакова (Московская), Ленин 2 (алтымыш тѳрт) аймагынан «лесхоз» аймагына чейинки аралыктагы (Нарын шаарынын түндүк,түштүк тарабы) | Госплем, «РТС» аймагынан «алтымыш тѳрт» аймагына чейинки, «лесхоз» аймагынан «Тѳш-Булак» аймагына чейинки аралыктагы | ||||||
ММДнин сунушу | Мурда бекиген тариф 16.10.2009 № 5 | кабыл алынган баасы | ММДнин сунушу | Мурда бекиген тариф 12.04.2005 №2 | кабыл алынган баасы | ММДнин сунушу | Мурда бекиген тариф 12.04.2005 №2 | кабыл алынган баасы | ||
1 | Соода точкалары: дүкѳн, кафе, павильон, киоск, контейнер ж.б. (1 айга) | 50 сом 1 ч.м. | 31 сом 1 ч.м. | 50 сом 1 ч.м. | 35сом 1 ч.м. | 16сом 80т 1 ч.м. | 35сом 1 ч.м. | 30 сом 1 ч.м | 14 сом 1 ч.м. | 30 сом 1 ч.м |
Соода точкаларынын эшигинин алдына коюлган: канц,, курулуш,чарба, майда кийим-кече,азык-түлүк, спирт ичимдиктери, тамеки ж.б. товарлары (1 айга) | 25с 1.ч.м.
|
- | 25с 1.ч.м.
| 20с 1 ч.м.
|
- | 20с 1 ч.м.
| 15 с 1 ч.м
|
- | 15 с 1 ч.м
| |
Кѳп кабаттуу үйлѳрдүн алдындагы ж.б. соода точкаларына кирүү үчүн тепкичтер жайгашкан жер аянты (1 айга) | 10 сом 1 ч.м.
|
| 10 сом 1 ч.м.
| 10 сом 1 ч.м.
|
| 10 сом 1 ч.м.
| 10 сом 1 ч.м. |
| 10 сом 1 ч.м. | |
2 | - калкка кызмат кѳрсѳтүү: мейманкана, мончо,чач тарач, бут кийим, саат, теле-радио ондоочу жайлар, сулуулук салону, эс алуу жайлар, машина ондоочу,жуучу жайлар, токтоочу жайлар (1 айга) |
50 сом 1 ч.м.
|
31 сом 1 ч.м.
|
50 сом 1 ч.м.
|
35 сом 1 ч.м.
|
16 сом 80т 1 ч.м.
|
35 сом 1 ч.м.
|
30 сом 1 ч.м.
|
14 сом 1 ч.м.
|
30 сом 1 ч.м.
|
Калкка кызмат кѳрсѳтүүчү жайлардын жанындагы эшигинин алдындагы кошумча жер аянттары (1 айга) | 25 сом 1 ч.м
| - | 25 сом 1 ч.м
| 20 сом 1 ч.м
| - | 20 сом 1 ч.м
| 15 сом 1 ч.м
| - | 15 сом 1 ч.м
| |
3 | Капиталдык курулуш куруу укугу менен (курулуш бүткѳнгѳ чейин) курулуш кийин кайра эсептелет (1 жылга) | 50 сом 1 ч.м
| 24 сом 1 ч.м
| 50 сом 1 ч.м
| 50 сом 1 ч.м
| 18 сом 1 ч.м
| 50 сом 1 ч.м
| 50 сом 1 ч.м
| 15 сом 1 ч.м
| 50 сом 1 ч.м
|
4 | - АЗС (пайдаланган жер аянты) май куючу цистерналар турган жери (1 айга) | 30 сом 1 ч.м | 3,6 сом 1 ч.м. | 30 сом 1 ч.м | 25 сом 1 ч.м | 3,6 сом 1 ч.м | 25 сом 1 ч.м | 20 сом 1 ч.м | 3,6 сом 1 ч.м | 20 сом 1 ч.м |
- АЗСтын айланасындагы жашылдандыруу учун жер аянттары (1 айга) | 25 сом 1 ч.м |
| 25 сом 1 ч.м | 20 с 1 ч.м |
| 20 с 1 ч.м | 15с 1 ч.м |
| 15с 1 ч.м | |
5 | Короо, огород, (1 жылга) | 1ч.м 5сом | 1ч.м 1 сом 75 т | 1ч.м 5сом | 1ч.м 5 сом | 1ч.м 1 сом 75 т | 1ч.м 5 сом | 1ч.м 5сом | 1ч.м 1 сом 75 т | 1ч.м 5сом |
6 | гараж, сарай, склад (1 айга) | 1ч.м 10сом | 1ч.м 1 сом 75 т | 1ч.м 10сом | 1ч.м 10сом | 1ч.м 1 сом 75 т | 1ч.м 10сом | 1ч.м 10сом | 1ч.м 1 с 75 т | 1ч.м 10сом |
7 | Автоунаа токтоочу жайлар : (1 орунга 1 күнгѳ) -Жещил автоунаа -БУС, УАЗ, РАФ, -жүк ташуучу автоунаа | 10 сом 30 сом 50 сом |
10 сом | 10 сом 30 сом 50 сом |
10 сом 20 сом 50 сом
|
10 сом |
10 сом 20 сом 50 сом
|
10 сом 20 сом 50 сом
|
10 сом |
10 сом 20 сом 50 сом
|
Нарын шаардык ММДнин начальниги: | М.Мамбетакунов |
Башкы адис-бухгалтер: | М.Анапияева |
№ |
Жер аянттарындагы ишмердик боюнча турлорунун аталышы | Борбордук базардын айланасындагы (Шуллер, М.Таранчы,С.Орозбак, С.Андабеков кочолорундогу)
| Раззакова (Московская), Ленин 2 (алтымыш торт) аймагынан «Городок» аймагына чейинки аралыктагы | Госплем, «РТС» аймагынан «алтымыш торт» аймагына чейинки, «Городок» аймагынан «Тош-Булак» аймагына чейинки аралыктагы | |||
Мурдагы тариф менен түшѳ турган акча каражат | Жаны бекитилген тариф менен түшѳ турган акча каражат | Мурдагы тариф менен түшѳ турган акча каражат | Жаны бекитилген тариф менен түшѳ турган акча каражат | Мурдагы тариф менен түшѳ турган акча каражат | Жаны бекитилген тариф менен түшѳ турган акча каражат | ||
| Соода точкаларынын аянты (баа аянтына кѳбѳйтүлѳт) дукон, кафе, павильон, киоск. - калкка кызмат корсотуу: мейманкана, мончо,чач тарач, бут кийим, саат, теле-радио ондоочу жайлар, сулуулук салону, эс алуу жана конул ачуу жайлар,машина ондоочу,жуучу жайлар |
1347,0 ч.м 208785 сом 5 ай 41757 сом1 айга
|
1347,0 336750 сом 5 ай 67350 сом 1 ай |
1427,6 ч.м 119918 сом 5ай 23985 сом 1 ай |
1427,6 249830сом 5 ай 49966 сом1 айга
|
1112,6 ч.м 77840 сом 5 ай 15568 сом 1 ай
|
1112,6 ч.м. 111260сом 5 ай 22252 сом 1 айга
|
| |||||||
| - АЗС (пайдаланган жер аянты) май куючу цистерналар турган жери
| - | - | 94 ч.м. 1053 сом1 айга 5265 сом 5 ай 12636 сом 1 ж | 94 ч.м. 2350 сом 1 ай 11750 сом 5 ай 28200 сом 1жыл | 400 ч.м 1440 1 айга 7200 сом 5 ай 17280 сом 1 ж
| 400,0 ч.м. 8000 сом 1 айга 40000 сом 5 ай 96000 сом 1 ж |
| - АЗСтын айланасындагы жашылдандыруу учун жер аянттары | - | - | 1562 ч.м 1140 сом 5 ай 2733 сом 1 жыл | 1562 ч.м 6508 сом 5 ай 15620сом 1 жыл | 5708 ч.м. 4150 сом 5 ай 9989 сом 1 ж | 5708 ч.м. 23783 сом 5 ай 57080 сом 1 жыл |
| Короо,огород, | 102897 ч.м. 180071 сом 1 жыл 75030 сом 5 ай 15006 сом 1 ай | 102897 ч.м. 308691 сом 1 жыл 128621 сом 5 ай 25724 сом 1 ай | Шаар ичиндеги ижарага келишим түзүлгѳн жалпы жашылдандыруу үчүн аянты 102897,0 ч.м | |||
| гараж,сарай,склад | 4901,1 ч.м 8574 сом 1 ай 102921 сом 1 жыл 42870 сом 5 ай | 4901,1 ч.м. 24505 сом 1айга 294060 сом 1 жыл 122527 сом 5 ай | Шаар ичиндеги ижарага келишим түзүлгѳн жалпы гараждар жайгашкан жер аянты 4901,1 ч.м | |||
Жалпы мурда бекитилген тариф боюнча 2014-жылдын 1-августунан баштап жылдын аягына чейин 5 айда түшѳ турган акча каражат 208785+119918+5265+1140+77840+7200+4150+75030+42870ѳ542198 сом
Жалпы жаны бекитилген тариф боюнча 2014-жылдын 1-августунан баштап жылдын аягына чейин 5 айда тушо турган акча каражат
336750+249830+111260+11750+6508+40000+23783+128621+122527ѳ1031029 сом 1,9 эсе
Нарын шаардык ММДнин начальниги: | М.Мамбетакунов |
Башкы адис-бухгалтер: | М.Анапияева |