Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы.№01-01/95
«Шаардык мэриянын алдындагы
«Жерге укук берүү» комиссиясынын
курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы, шаардык мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, шаардык Кеңештин фракцияларынын башчыларынын сунушун карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 01-апрелиндеги «Жерге укук берүү комиссиясын бекитүү жөнүндө» № 01-01/32 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Шаардык мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиясынын курамы он үч мүчөдөн түзүлүп шаардык Кеңештин эки депутаты кошулуп бекитилсин.
3. Мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиянын курамына, эки депутатты сунуш кылуу, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Т.Абдрамановго тапшырылсын.
4. Мэриянын алдындагы «Жерге укук берүү» комиссиясынын аткарган иштерин көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Т.Абдрамановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага жүктөлсүн.
.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.Артыков
|