Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-майы № 18/61
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014–жылга жалпы бюджетин, жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына төлөнүүчү салыкты, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014–жылда аткарылуучу жылдын иш планын жана түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КыргызРеспубликасынын 2011–жылдын15–июлундагы № 101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин ишкерлер,өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014–жылга жалпы бюджети №1–тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытынан пайдаланган жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына бир айга төлөнүүчү салык № 2–тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014–жылда аткарылуучу жылдын иш планы № 3–тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2013–жылдын 13–сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобону ишке ашыруу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы № 4–тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөржай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
(V чакырылышы) 2014–жылдын
16–майындагы кезектеги
18–сессиясынын № 18/ 61 токтомуна
№ 1–тиркеме
Бюджеттин киреше бөлүгү
№ | Малдын түрү | Малдын башы | 1 айга алынуучу нарк | Ай сайын | Бардык сом менен |
1 | Уйлар | 319 | 60 | 3 | 57420 |
2 | Жылкылар | 36 | 100 | 3 | 10800 |
3 | Кой-Эчки | 950 | 20 | 3 | 57000 |
4 | Башка максаттарда жайыт пайдалануудан | - | - | 12 | 19495 |
5 | Башка булактар шахта,карер | - | - | - |
|
6 | Бардык киреше |
|
|
| 144715 |
Бюджеттин чыгаша бөлүгү болжол менен
№ | Мазмуну | статьясы | 1 айга берилип | Бардыгы сом менен | Эскертүү |
1 | Жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына | 21111100 | 3500 | 42000 |
|
2 | Жайыт комитетинин бухгалтери |
| 3000 | 18000 |
|
3 | Жер налогу |
| - | 14376 |
|
4 | Транспорттук чыгымдар |
| 975 | 11700 |
|
5 | Конц товар алуу |
| 500 | 6000 |
|
6 | Сапардамалык чыгымдар |
| - | 5000 |
|
7 | Инфраструктуралык жакшыртуу |
| - | 22639 |
|
8 | Башка чыгымдарга |
| - | 10.000 |
|
9 | Жергиликтүү бюджеттен алган кредитти кайтарууга |
| - | 15.000 |
|
10 | Бардык чыгаша |
| - | 144715 |
|
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
|
Р. Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: |
А. Маматов |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
(V чакырылышы) 2014–жылдын
16–майындагы кезектеги
18–сессиясынын № 18/ 61 токтомуна
№ 2–тиркеме
1. Ири мүйүздүү бодо малга 1 башка – 60(алтымыш) сом;
2. Музоого 1 башка – 30(отуз) сом;
3. Майда мүйүздүү кой – эчкиге 1 башка – 20(жыйырма) сом;
4. Жылкы – эшеке 1 башка – 100(жүз) сом;
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
|
Р. Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: |
А. Маматов |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
(V чакырылышы) 2014–жылдын
16–майындагы кезектеги
18–сессиясынын № 18/ 61 токтомуна
№ 3–тиркеме
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким тарабынан аткарылат | Эскертүү |
1 | Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин уюштуруу иштери боюнча жалпы жыйыны | январь | ЖПБнын төрагасы |
|
2 | Караван аймактык башкармалыгындагы жайыт комитетиндеги жайыт жана мал башын инвентаризациялоо | 1–2–квартал | ЖПБнын төрагасы, ветеринар, Аймактык башкармалыктагы жер адиси, инспектор |
|
3 | Жайытка чыгаруучу малдарды жайытка чыгуу алдында эмдөө жүргүзүү жугуштуу ооруларга каршы мезгилдүү эмдөө жүргүзүү | 1–2–квартал | Ветеринар кызматкерлери |
|
4 | Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына төлөнүүчү салыкты белгилөө жана жайыт комитетинин бюджетин иштеп чыгуу, шаардык кеңештин сессиясында бекитүү. | 2–квартал | ЖПБ администрациясы шаардык кеңештин депутаттары |
|
5 | Жайыт пайдалануучулар менен пайдалануу боюнча жана жайыт билеттерин мал башына акы өндүрүү боюнча иш алып баруу | 2–3–4–квартал | ЖПБ администрациясы |
|
6 | Кызыл-Кыя шаардык администрациясы тарабынан түзүлгөн, комиссиянын курамы менен бирдикте чектеш айыл округдары менен жана токой чарба чек ара маселелерин тактоо, картасын алуу. | 1–4–квартал | Кызыл–Кыя шаардык комиссия менен ЖПБ жайыт комитетинин администрациясы |
|
7 | Мал жайуучу жарактуу жерлерди аныктоо жана ижарага алган жайыт аянттарын аныктоо, жайыт сезонунда малдарды көчкөн маршруттарын аныктоо | 2–4–квартал | ЖПБ администрациясы |
|
8 | Жайыттардын инфраструктурасын оңдоо боюнча иш чараларды жүргүзүү | 3–4–квартал | ЖПБ жана ЖК тарабынан |
|
9 | Караван аймактык башкармалыгынын жайыттардын ичинде жайгашкан жайыттары мал короо сарайларын инвентеризация жүргүзүү | 3–4–квартал | ЖПБ администрациясы |
|
10 | Мурдагы Кызыл–Кыя совхозундагы жайыттар пайдаланып келген «Чаувай–Карагаты Катта яш жайлоолорун Ак–Булак ЖПБнан мүчөлөрүнө ижарага алып берүү | Жыл ичинде | ЖПБ администрациясы |
|
11 | Жайыт пайдалануучулар бирикмесине арыз даттануулар боюнча иш алып баруу | Жыл ичинде | ЖПБ администрациясы |
|
12 | Жайыт комитетинин жыл ичинде аткарган иштери боюнча жыйынтыктоо отчетторду тиешелүү органдарга тапшыруу. | Жыл ичинде | ЖПБ администрациясы |
|
Эскертүү: Жайытка чыгуу мезгили май, июнь жана июль айлары.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
|
Р. Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: |
А. Маматов |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
(V чакырылышы) 2014–жылдын
16–майындагы кезектеги
18–сессиясынын № 18/ 61 токтомуна
№ 4–тиркеме
1. Маматов Абибула Каратаевич – Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
2. Саланов Ысмайыл – Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын жер боюнча адиси;
3. Аширов Абдилазиз – Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын Караван айылынын айыл башчысы;
4. Шарипов Равшанбек Турсунбаевич – Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын Ак–Булак аыйлынын айыл башчысы;
5. Турдалиев Мурзали Жакшыбаевич – Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси;
6. Султанов Жалалидин – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
7. Ажиминаваров Айдарали ажи – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
|
Р. Абдукаюмов |
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: |
А. Маматов |