Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезексиз XVI-сессиясы
2014-жылдын 19-августу № 1
Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриянын 28.03. 2014-жылдагы №3-3/463 сандуу каты, «Жалал-Абадсууканал» башкармасы менен Реконструкция жана Өнүктүрүү Европалык банкынын ортосундагы «Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбоордук келишимдин шарттарын жана КРсынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 17.03.2014-жылдагы №33 -буйругу шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын 23.05.2013-жылдагы 8-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилип, 2014-жылдын 1-сентябрь айынан тартып эсептелсин.
3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүу иштерин жүргүзүү жагы “Жалал-Абадсууканал” башкармасына (А.Мусаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Н.Исмаилов |
Шаардык кеңештин
19.08.2014-ж. XVI- сессиясынын
№ 1 токтомуна №1 тиркеме
№ к/н | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 23.05.2013ж. кабыл алган тариф | Сунушталган тариф |
1. | Ичүүчү суу Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 8,81 6,0 10,0 15,08 | 10,51 7,0 12,81 18,67 |
2. | Саркынды суулар (канализация) Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 5,73 4,10 7,0 8,60 | 6,97 5,01 8,67 10,65 |
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |