Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-августу № 4
Жалал-Абад шаарындагы автоунаа токтоочу жайларды, автоунаа токтотуудан алынуучу төлөмдүн өлчөмүн жана дүмүрчөктүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 1-бөлүгүн негиздеп, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.04.2014-жылдагы чыг.№3-3/497 сандуу катынын жана курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.04.2014-жылдагы №3-чечимине ылайык жана депутаттардын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16.03.2009-жылдагы кезектеги V-сессиясынын № 9-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы автоунаа токтоочу жайлардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана автоунаа токтоочу жайлардын схемалары шаардык архитектура жана шаардык МАИ кызматы менен макулдашуу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Бир автоунааны токтотуудан алынуучу төлөм 10 (он) сом өлчөмүндө бекитилсин жана төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн үлгүсү № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Автоунаа токтоочу жайларды иштетүү жана көзөмөлгө алуу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин башчысына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Н.Исмаилов |
Жалал-Абад шаардык кеңештин
19.08.2014-жылдагы XVI- сессиясынын
№ 4 токтомуна
№1 тиркеме
№ | Муниципалдык автоунаа токтоочу жайлар | Автоунаа токтоочу жайлардын жайгашкан дареги | Аянты кв.м | Көчөлөрдүн кварталдык номери |
1. | ММБКа | Ж.Бакиев көчөсү | 340,00 | 91б |
2. | ММБКа | Ж.Бакиев көчөсү | 643,00 | 42 |
3. | ММБКа | Чехов көчөсү | 360,00 | 21 |
4. | ММБКа | Чехов көчөсү | 707,00 | 93 |
5. | ММБКа | Ленин көчөсү Курорт багытына карай | 164,00 | 24 |
6. | ММБКа | Токтогул көчөсү | 96,00 | 18 |
7. | ММБКа | К.Жуматаев көчөсү (ориентир Гор.больница) | 300,00 | 81 |
8. | ММБКа | Н.Айтаматова көчөсү | 740,00 | 22 |
9. | ММБКа | Н.Айтаматова көчөсү | 102,00 | 22 |
10. | ММБКа | Н.Айтаматова көчөсү | 60,00 | 19 |
11. | ММБКа | Московская көчөсү | 102,00 | 128 |
12. | ММБКа | Московская көчөсү | 80,00 | 128 |
13. | ММБКа | Ю.Абдрахманов көчөсү (ориентир Рынок Автозапчасти) | 57,00 | 129 |
14. | ММБКа | Ленин көчөсү | 102,00 | 23 |
15. | ММБКа | Ленин көчөсү | 105,00 | 23 |
16. | ММБКа | Шопоков көчөсү | 50,00 | 118 |
17. | ММБКа | Курманбек көчөсү | 750,00 | 129 |
18. | ММБКа | Тарсус көчөсү | 480,00 | 136 |
19. | ММБКа | Ю.Абдрахманов көчөсү | 240,00 | 129 |
20. | ММБКа | Эркиндик көчөсү | 240,00 | 24 |
21. | ММБКа | Ленин көчөсү | 480,00 | 18 |
22. | ММБКа | Ю.Абдрахманов көчөсү | 550,00 | 129 |
23. | ММБКа | Ленин көчөсү | 120,00 | 129а |
24. | ММБКа | Исакулова көчөсү | 450,00 | 13 |
25. | ММБКа | Московкая көчөсү | 800,00 | 128 |
26. | ММБКа | Ленин көчөсү | 288,00 | 22 |
27. | ММБКа | Жени-Жок көчөсү | 50,00 | 20 |
28. | ММБКа | Курманбек көчөсү | 75,00 | 129 |
29. | ММБКа | Н.Айтматова көчөсү | 282,00 | 22 |
Жалпысы: | 8711,0 | 1456,0 | ||
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |
Шаардык кеңештин
19.08.2014-ж. XVI- сессиясынын
№ 4 токтомуна №2 тиркеме
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |