Загрузка документа…
СYЛYКТY ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 66
«Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин регламенти жонундо» Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 20-апрелиндеги №25 токтомуна толуктоолорду жана озгортуулорду киргизуу жонундо.
Депутаттардын Сулукту шаардык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» жонундогу Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин регламентине томонкудой толуктоолорду жана озгортуулорду киргизуу жонундо
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Шаардык кенештин регламентине томонкудой толуктоолор жана озгортуулор киргизилсин:
1.I-болумдун 1-главасы томонкудой мазмуундагы 1,4-пункту менен толукталсын:
1. 4 Шаардык кенешке шайланган депутаттар партияга таандуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет.Шаардык кенеште копчулук деп,депутаттык мандаттардын жарымынан кобуно ээ болгон шаардык кенештеги фракциялардын коалициясын тузуу жонундо расмий жарыяланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат.Шаардык кенештин депутаттары депутаттык фракцияларга же копчулуктун фракцияларынын коалициясына бириккен учурда азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга берилет
2. I-болумдун 2-главасы томонкудой мазмуундагы 4, 5жана 6 пункуттар менен толукталсын:
4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет. К.Р Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо 2014-ж 28-февралындагы №36 мыйзамынын 31-беренесинин 4-5-пунктарына ылайык
6)жергиликтуу башкаруу иштерине байланыштуу Жоболорду Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде даярдайт,бекитет жана ишке ашырылышын козомолдойт
3.II-болум томонкудой мазмуундагы «Шаардык кенештин торагасынын орун басарлары жонундогу главалар менен толукталсын:
1. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат
4. II-болумдун 4-главасынын 4,1 4,2 4,3 пунктары томонку редакцияда баяндалсын
4.1. Шаардык Кенештин жооптуу катчысы.
-шаардык Кенештин жооптуу катчысы конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, торагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат.
-шаардык Кенештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын отурумдарын жергиликтуу жамааттардын жыйындарын даярдоону жана откорууну уюштурат.
-шаардык Кенештин сессияларында, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен алардын аткарылышын камсыз кылат.
-шаардын тургундарынын инсандык, уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебин жургузууну уюштуруу жана алардын негизинде тийиштуу документерди мыйзам ченеминде жарандарга берууну козомолдойт.
-шаардык Кенештин аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин иштерин уюштурат, аппараттык отурумдарды, окуу семинарларды иш пландардын негизинде откорууну уюштуруу, шаардык Кенешке интернет (токтом сайт) аркылуу тушкон Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарын, укуктук ченемдик актыларын апараттын жооптуу кызматкерлерине жана шаардык Кенештин депутаттарына айына бир жолу билдирип турат.
-жарандардан тушкон арыздарды, даттанууларды, кайрылууларды, сунуштарды Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде карап жарандарга оз моонотундо жазуу турундо билдирет.
-шаардык Кенештин кадрларынын документерин алып барат.
-мыйзамда белгиленген моонотто шаардык Кенештин тийиштуу документерин мамлекеттик архивге откорууну уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
4.2. Шаардык Кенештин башкы адиси.
-шаардык Кенештин башкы адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, торагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардык Кенештин депутаттары менен иш жургузот.
-шаардык Кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында, шаардык Кенештин сессияларында, жергиликтуу жамааттардын окулдорунун Курултайларында жана элдик жыйындарда каралуучу маселелерди даярдоого катышат.
-шаардык Кенештин сессияларда, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынуучу чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдоого катышат.
-шаардык Кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуусун уюштурат.
-шаардык Кенештин сессияларында, Курултайларда, элдик жыйындарда, депутаттардын шайлоочулар менен болгон жыйындарында айтылган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча иш чараларды тузуп анын аткарылышы боюнча жарым жылда бир жолу шаардык Кенешке билдируу берет.
-шаардык Кенештин туруктуу комиссияларынын иш кагаздарын алып барат.
-шаардык Кенештин депутаттары, коомдук озун-озу башкаруу аймактарынын башчылары, ардагерлер, аялдар Кенештери, аксакалдар сотторунун иштерин уюштуруу боюнча жаш кадрларга практикалык методикалык жардамдарды уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
4.3. Шаардык Кенештин жетектоочу адиси.
-шаардык Кенештин жетектоочу адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, тораганын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардын аймагындагы коомдук оз алдынча башкаруу аймактары менен иш жургузот
.-шаардын тургундарынын инсандык уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебтерин жургузот. Чарба китептеринин негизинде жарандарга берилуучу тийиштуу документерди даярдайт.
-шаардын жетекчилери менен коомдук оз алдынча башкаруу аймактарында жолугушууларды уюштурат, жолугушуулар жонундо тийиштуу документерди даярдайт, айтылган сын сунуштардын негизинде атайын иш чара иштеп чыгып анын аткарылышын козомолдойт.
-турмуш шарты начар жардамга муктаж жарандарга коомдук оз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, шаардык социалдык онуктуруу болумунун кызматкерлери менен биргеликте арзан баада комур жана башка жардамдарды беруу боюнча сунуштарды даярдайт.
-шаарды корктондуруу, жашылдандыруу боюнча коомдук оз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, менен ниш жургузот. Ишсиз жарандарды коомдук иштерге тартууну уюштурат.
-шаардын аймагында улгулуу кочо, улгулуу уй-було, улгулуу аймак жана башка конкурс сынактарды откоруу боюнча уюштуруу иштерин жургузот:
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
5. IV-болумго кошумча “Шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан шаардык кенештин депутаттарынын, жергиликтуу жамааттардын мучолорунун тартиби жана этикасы жонундо” 15 глава менен толукталсын:
15.1. Өз ишинде шаардык кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, шаардык кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
15.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
- саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
- шаардык кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга,
- өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык штер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
- шаардык кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдалнууга;
- депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
15.3. Депутаттар, шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
15.4. Ушул жоболор бузулган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
15.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
15.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар шаардык кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
15.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
15.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
15.9. Шаардык кеңештин сессияларына төрт жолудан ашык катары менен жүйөлүү себептерсиз дайыма катышпаган, ошондой эле шаардык кенештин чечимидерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы учун шаардык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын копчулук добушу менен ал депутатты чакыртып алуу жонундогу маселени козгоого укуктуу.
15.10 Шаардык кенештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштерине, шаардык кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар шаардык кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга берилет.
6. IV-болумдун 17-главасы томонкудой редакцияда баяндалсын:
17,1 Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоо, ага киришүү жана андан бошотуунун тартиби,шаардык мэрдин ыйгарым укуктары, шаардык мэриянын компетенциясы К.Р Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо 2014-ж 28-февралындагы №36 мыйзамынын 5-главасынын ченеминде аныкталат.
II. Шаардык кенештин регламентин тийиштуу органдардан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Г.Эрназаровага жуктолсун
III. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенештин мыйзамдуулук,депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Шаардык кеңештин тѳрагасы: | К.Исмаилов |