Загрузка документа…
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин
2014-жылдын 8-июлундагы XII-сессиясынын
№ 66 токтому менен бекитилген.
I БОЛУМ. Жалпы жоболор
1-глава. Шаардык Кенеш
2-глава. Шаардык Кенештин компетенциясы
II БОЛУМ. Шаардык Кенештин тузуму жана органдары
3-глава. Шаардык Кенештин торагасы жана шаардык Кенештин торагасынын орун басарлары.
4-глава. Шаардык Кенештин жооптуу кызматкерлери.
5-глава. Шаардык Кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БОЛУМ. Шаардык Кенештин фракцияларынын ишинин жалпы тартиби
6-глава. Депутаттык фракциялар жонундо жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердуулугу
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен оз ара мамилеси
Шайлоочулардын суроо талаптары
IV.БОЛУМ Шаардык Кенештин ишинин жалпы тартиби
9-глава. Шаардык Кенештин биринчи сессиясы
10-глава. Шаардык Кенештин ишин пландоо
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияларын откоруу тартиби
12-глава. Шаардык Кенештин сессияларын откоруу тартиби
13-глава. Депутаттык мандат
14-глава. Добуш беруу жана чечим кабыл алуу тартиби
15-глава. Шаардык Кенештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору
16-глава. Шаардык Кенештин ченемдик укуктук актылары
17- глава Шаардык мэрия
V. БОЛУМ. Шаардык Кенештин регламенти
18-глава. Шаардык Кенештин регламентине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу тартиби.
I БОЛУМ. Жалпы жоболор
1-глава. Шаардык Кенеш
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Мыйзамына ылайык депутаттардын Сулукту шаардык Кенеши (мындан ары шаардык кенеш) шаардын жергиликтуу оз алдынча башкарусунун окулчулуктуу органы болуп саналат. Шаардык кенеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштуу аймагында жашаган жарандарын жалпы, бирдей жана туз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык моонотко жашырын добуш беруу менен шайлаган депутаттардан турат.
1.2. Шаардык Кенеш Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди оз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жузуно ашырылышына контрол жургузот жана жана юридикалык жак статуска ээ.
1.3. Шаардык Кенештин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик туруно карабастан алардын бирикмелеринин, шаардык оз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу учун созсуз.
1,4. Шаардык кенешке шайланган депутаттар партияга таандуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет.Шаардык кенеште копчулук деп,депутаттык мандаттардын жарымынан кобуно ээ болгон шаардык кенештеги фракциялардын коалициясын тузуу жонундо расмий жарыяланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат.Шаардык кенештин депутаттары депутаттык фракцияларга же копчулуктун фракцияларынын коалициясына бириккен учурда азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга берилет
1.5. Шаардык Кенештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо», «Жергиликтуу кенештердин депутаттары жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык Кенештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук туру- сессия болуп саналат.
1.6. Шаардык Кенештин регламенти шаардык кенештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана откоруу тартибин, шаардык Кенештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.7. Шаардык Кенештин ишин мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий коп турдуулук жана коп партиялуулук, объективдуулук, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык Кенештин сессиялары ачык откорулот. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзамчыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана откорулот.
1.8. Шаардык Кенештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу кенештин депутаттарынын статусу жонундо» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде оздорунун укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
2-глава. Шаардык Кенештин компетенциясы
I. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддордун пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти аткарууга контрол жүргүзүү;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчет угуу;
7) мыйзамчыгарууда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдерин аткарууну контролдоо;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууну пайдаланууга, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, алып чыгуу жана жок кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна ылайык тарифтерди бекитүү;
15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатуунун убактысы жана орду боюнча аларга тыюу салууга чейин чектөөлөрдү, каада-салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
16) ирригациялык тарамдарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипте кармоону аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна ылайык башка маселелерди чечүү;
II. Шаардык кеңештин сессияларында төмөнкү маселелер кошумча чечилет:
1.Шаардын мэрин шайлоо;
2. Тийиштуу мыйзамдарда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
3.Мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.
4. Мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5. Шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
6. жергиликтуу башкаруу иштерине байланыштуу Жоболорду Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде даярдайт,бекитет жана ишке ашырылышын козомолдойт
II БӨЛҮМ Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
3-глава.
Шаардык кеңештин төрагасы
3,1. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык кенештин торагасынын кызматына талапкерлерди корсотуу укугуна копчулук фракциянын же копчулуктун каолициясынын депутаттары ээ
Шаардык кенештин депутаты эгер ага шаардык кенештин жалпы депутаттарынын ичинен копчулук депутаттар добуш берсе,ал шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кенештин торагасынын шайланышы туралуу шаардык кенештин токтому кабыл алынат. . Шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары
акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2 Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же шаардык кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, шаардык кеңештен шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3,3. Шаардык кеңештин төрагасы:
1) шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана откорот;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына контролдоону уюштурат.
4 шаардык кенештин сессиясын жана шаардык кенештин сессиясында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик жургузот.
5) шаардык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт,
6) шаардык кенештин апаратынын ишин контролдойт,
7) шаардык кенештин торагасынын орун басарларынын жана туруктуу,убактылуу комиссияларынын торагаларынын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт,
8) депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына,жарандарды кабыл алууга,депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт,шайлоочулардын алдында отчет берууго комоктошот,аларды маалымат менен камсыз кылат,
9) шаардык кенештин жана анын органдарынын иши жонундо коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт,
10) мамлекеттик органдар,коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамилелер боюнча шаардык кенешке маалымдайт,
11) шаардык кенештин аймактык коомдук оз алдынча башкаруу органдары менен оз ара аракеттенуусун уюштурат,
12) озунун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат,
13) шаардык кенешке болунгон каражаттарды шаардык кенештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат,
14) шаардык кенештин иш кагаздарын жургузуу жонундо Жобону бекитет,
15) шаардык кенештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана жылдын аякташынан уч ай мурун аны шаардык кенештин сессичсында кароого берет,
16) бюджеттик жыл аяктагандан кийин эки айдан кеч эмес шаардык кенештин сессиясына шаардык кенештин откон жыл учун чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келуусу же андан ашып кетиши туралуу жазуу турундогу кенири отчетту кароого берет,
17) шаардык кенештин торагасы шаардык кенештин сессиясына отчет берет.
18) шаардык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат
19). Шаардык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
1. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат
4-глава Шаардык Кенештин жооптуу кызматкерлери.
4.1. Шаардык Кенештин жооптуу катчысы.
-шаардык Кенештин жооптуу катчысы конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, торагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат.
-шаардык Кенештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын отурумдарын жергиликтуу жамааттардын жыйындарын даярдоону жана откорууну уюштурат.
-шаардык Кенештин сессияларында, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен алардын аткарылышын камсыз кылат.
-шаардын тургундарынын инсандык, уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебин жургузууну уюштуруу жана алардын негизинде тийиштуу документерди мыйзам ченеминде жарандарга берууну козомолдойт.
-шаардык Кенештин аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин иштерин уюштурат, аппараттык отурумдарды, окуу семинарларды иш пландардын негизинде откорууну уюштуруу, шаардык Кенешке интернет (токтом сайт) аркылуу тушкон Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарын, укуктук ченемдик актыларын апараттын жооптуу кызматкерлерине жана шаардык Кенештин депутаттарына айына бир жолу билдирип турат.
-жарандардан тушкон арыздарды, даттанууларды, кайрылууларды, сунуштарды Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде карап жарандарга оз моонотундо жазуу турундо билдирет.
-шаардык Кенештин кадрларынын документерин алып барат.
-мыйзамда белгиленген моонотто шаардык Кенештин тийиштуу документерин мамлекеттик архивге откорууну уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
4.2. Шаардык Кенештин башкы адиси.
-шаардык Кенештин башкы адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, торагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардык Кенештин депутаттары менен иш жургузот.
-шаардык Кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында, шаардык Кенештин сессияларында, жергиликтуу жамааттардын окулдорунун Курултайларында жана элдик жыйындарда каралуучу маселелерди даярдоого катышат.
-шаардык Кенештин сессияларда, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынуучу чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдоого катышат.
-шаардык Кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуусун уюштурат.
-шаардык Кенештин сессияларында, Курултайларда, элдик жыйындарда, депутаттардын шайлоочулар менен болгон жыйындарында айтылган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча иш чараларды тузуп анын аткарылышы боюнча жарым жылда бир жолу шаардык Кенешке билдируу берет.
-шаардык Кенештин туруктуу комиссияларынын иш кагаздарын алып барат.
-шаардык Кенештин депутаттары, коомдук озун-озу башкаруу аймактарынын башчылары, ардагерлер, аялдар Кенештери, аксакалдар сотторунун иштерин уюштуруу боюнча жаш кадрларга практикалык методикалык жардамдарды уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
4.3. Шаардык Кенештин жетектоочу адиси.
-шаардык Кенештин жетектоочу адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, тораганын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардын аймагындагы коомдук оз алдынча башкаруу аймактары менен иш жургузот
.-шаардын тургундарынын инсандык уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебтерин жургузот. Чарба китептеринин негизинде жарандарга берилуучу тийиштуу документерди даярдайт.
-шаардын жетекчилери менен коомдук оз алдынча башкаруу аймактарында жолугушууларды уюштурат, жолугушуулар жонундо тийиштуу документерди даярдайт, айтылган сын сунуштардын негизинде атайын иш чара иштеп чыгып анын аткарылышын козомолдойт.
-турмуш шарты начар жардамга муктаж жарандарга коомдук оз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, шаардык социалдык онуктуруу болумунун кызматкерлери менен биргеликте арзан баада комур жана башка жардамдарды беруу боюнча сунуштарды даярдайт.
-шаарды корктондуруу, жашылдандыруу боюнча коомдук оз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, менен ниш жургузот. Ишсиз жарандарды коомдук иштерге тартууну уюштурат.
-шаардын аймагында улгулуу кочо, улгулуу уй-було, улгулуу аймак жана башка конкурс сынактарды откоруу боюнча уюштуруу иштерин жургузот:
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.
5-главаШаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
3. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу» Мыйзамы, шаардык кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
8. Шаардыке кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз
III БӨЛҮМ. Шаардык Кенештин фракцияларынын ишинин жалпы тартиби
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
6.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция (мындан ары-фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка фракцияларга өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутаттын өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
· шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
· шаардык кеңештин өзүн-өзү таркатышында.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
· фракцияны шаардык кеңеште жана анын сыртында сунуштайт;
· фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
· фракциянын чечимине кол коет;
· фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
· фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
· фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
· фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт.
· фракциянын шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
· катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
· фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
7.1. Фракция укуктуу:
· шаардык кеңеште каралган маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
· башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
· шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
· фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
· шаардык кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
· шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
· шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
· - өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
· бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
· шаардык кеңештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө ойун берүүгө;
· фракциянын материалдарын жана документерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеңештин сайтында жарыялоого;
· фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеңештин көпчүлүк же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
7.4. Коалициялык келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
· коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
· коалициянын саясий багыты;
· коалициянын ишинин принциптери;
· коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
· коалициянын ишин токтотуу шарттары;
· коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардыннын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.9. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
· фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюулат;
· коалицияны таркатууда.
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
8.1. Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык кеңеш бедгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5. Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7. Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
IV БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
9.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уютуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
9.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
10.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
10.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
11.1. Шаардык кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
· баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
· шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).
11.2. Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
· баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
· баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
· талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
· баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
· добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
· документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
· негиз катары кабыл алынган документке оңдоолорду киргизүү;
· документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү.
11.4. Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жылпы баа берилет.
11.5. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп, кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.
11.6. Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
11.7. Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
11.8. Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
11.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
11.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.11. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) мөөнөттөр такталат жана пунктарды же токтомду толук ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
11.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
11.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
· аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
· аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
· контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
· контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
· токтомду жокко чыгарууга;
· кошумча токтом кабыл алууга.
11.14. Контрол боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүңдө же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
11.15. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
· шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
· сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
· сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
· добуш берүүнүн жыйынтыгы; (макул, каршы, калыс добуштарды так корсотуу менен)
· сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын шайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
11.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
11.17. Протоколдун туп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
11.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
Негиз катары кабыл алынган документтердин долбоорлорунун текстинин түп нускасы жана алардын оңдоолору шаардык кеңештин аппартында сакталат.
11.19. Документти кабыл алгандан кийин бир жуманын ичинде шаардык кеңештин аппартынын кызматкерлери документтин долборунун аткаруучусу менен бирге аны жол жоболоштурууну жүргүзөт. Шаардык кенештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын кол коюусунан кийин шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
11.20. Шаардык кенештин сессиясында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуудан кийин 3 күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизме боюнча башка кызыкдар жактарга жөнөтүлөт.
Шаардык кенештин кайрылууларынын текстери кезеги менен алардын даректерине жөнөтүлөт
12-глава. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
12.1. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталда бир жолудан кем эмес чакырылат. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сессиянын ишинин башталышына бир жума калганда кечиктирилбестен депутаттарга билдирилиши керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес катышуусунда укуктуу.
Сессияда каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан сессиянын башталышына 20 күн калганда киргизилет.
Шаардык кеңештин белгиленген мөөнөттөрдө чакырылуучу сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар да өткөрүлөт.
Сессияда каралуучу маселелер шаардык кенештин төрагасы, туруктуу комиссия жана депутаттардын фракциясы жана шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин жабык сессиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
12.2. Жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте чогулат.
12.3. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери шаардык кеңешти төмөнкү уюштуруучулук-техникалык камсыздоону жүргүзөт:
· депутаттарды кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтердин долбоорлорун жана башка зарыл болгон маалымат менен сессиянын башталышына 1 жума калганда, анын ичинде шаардык кеңештин маалымат тутуму аркылуу камсыздайт;
· шаардык кеңештин депутаттарына сессиянын күн тартибиндеги долбоорлорду, документтердин долбоорлорун жана алардын оңдоолорун сессияга даярдоо маселелеринде жардам көрсөтөт, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын заманбап өз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
· шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкуулоого зарыл болгон жактарды шаардык кеңештин сессиясына чакырат;
· депутаттарды каттоо жүргүзөт;
· төрагалыкка сессияны өткөрүүгө жардам берет;
- шаардык кеңеш кабыл алган документтерди жол жоболоштурат жана аларды чыгарат;
12.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жүргүзүлөт.
12.5. Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселелерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. Бур учурда (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
12.6. Сессияга катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.7. Бир жылдын ичиндеги жүйөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларына бир жылдын ичинде катары менен 4 жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселеси тиешелуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актыларынын ченеминде жургузулот.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер эсептелинет.
12.8. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комисиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.9. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.10. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тарибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.11. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тариби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Муну менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына бир жума калгандан кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.
12.12. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылган алып барат. Сессиядагы төрагалык кылган шаардык кеңештин төрагасы болуп саналат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары төрагалык кылат. Сессияда төрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.13. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
· эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
· шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
· депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
· пландалбаган кайымайтыштарды токтотууга;
· депутатты тартипте чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого;
· сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
12.14. Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
12.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
· Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
· сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыздоого;
· сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого;
· сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
· бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
· кезеги менен сөз берүүгө;
· сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
· сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
· эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
· аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө
13-глава. Депутаттык мандат
1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) Катары мененен торт жолудан ашык шаардык кенештин сессияларына жуйолуу себепсиз дайыма катышпагандыгы учун,ошондой эле шаардык кенештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы учун шаардык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын копчулук добушу менен шаардык кенештин депутатын чакыртып алуу жонундогу маселени кароого укуктуу.
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
14-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
14.1. Азыркы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
· шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
· отурумда катышкандардын саны – добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
14.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашырын добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөтүү тууралуу шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет. Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
14.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындгы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеңештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссия тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык кеңештин ар бир депутаттына анын депутаттык кубөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюлууга тийиш.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы печаттаган атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын ойун билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ойу аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюулат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.
14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат
15-глава Шаардык кенештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан шаардык кенештин депутаттарынын, жергиликтуу жамааттардын мучолорунун тартиби жана этикасы.
15.1. Өз ишинде шаардык кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, шаардык кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
15.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
- саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
- шаардык кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга,
- өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык штер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
- шаардык кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдалнууга;
- депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
15.3. Депутаттар, шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
15.4. Ушул жоболор бузулган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
15.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
15.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар шаардык кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
15.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
15.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
15.9. Шаардык кеңештин сессияларына төрт жолудан ашык катары менен жүйөлүү себептерсиз дайыма катышпаган, ошондой эле шаардык кенештин чечимидерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы учун шаардык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын копчулук добушу менен ал депутатты чакыртып алуу жонундогу маселени козгоого укуктуу.
15.10 Шаардык кенештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштерине, шаардык кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар шаардык кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга берилет.
16-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору
жана стенограммалары
16.1. Шаардык кенгештин сессияларында протокол жургузулот. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кенештин аппараты тарабынан жургузулот. Шаардык кенештин отурумдарынын протоколдорунда томонкулор чагылдырылат: отурумду откоруу датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын кун тартибиндеги маселелер; бул сессия учун депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын торагалыгынын жана соз суйлоочулордун аты-жону; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш беруунун жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.Протокол сессиянын отурумунун торагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
16.2. Шаардык кеңештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду; сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырышы керек
17-глава. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
17.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
17.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
17.3. Шаардык кеңештин токтомдору шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
17.4. Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.
18-глава Шаардык мэрия
1. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоо, ага киришүү жана андан бошотуунун тартиби,шаардык мэрдин ыйгарым укуктары, шаардык мэриянын компетенциясы К.Р Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо 2014-ж 28-февралындагы №36 мыйзамынын 5-главасынын ченеминде аныкталат.
V БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин регламенти
19-глава. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
19.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык кеңештин Регламентине өзгөтүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
19.2. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
19.3. Шаардык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.
Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ж.б тийиштуу мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин иш тартибин аныктайт.