Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 9-7
С. Юсупова айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы 4-чакырык 9-сессиясында депутаттардын сунушунун негизинде тγзγлгѳн депутаттык топтун отурумунун протоколу бекитγγ жѳнγндѳ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы 4-чакырык 9-сессиясында депутаттардын сунушунун негизинде тγзγлгѳн депутаттык топтун отурумунун протоколу карап жана талкуулап, депутаттардын сын-пикир, жана сунуштарын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы 4-чакырык 9-сессиясында депутаттардын сунушунун негизинде тγзγлгѳн депутаттык топтун отурумунун протоколу бекитилсин.
2. Каттарда жана арыздарда кѳрсѳтγлгѳн кѳйгѳйлγγ жана орчундуу болгон маселелерди чечγγ боюнча жана зарыл болгон акча каражатты айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен ажыратып берγγгѳ айыл ѳкмѳтγ тарабынан айылдык кеңешке сунуштарын берилип, зарыл болгон учурларда маселелерди чечγγ айылдык кеңештин сессияларында кароо белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Мамасаидов |
Араван айылы 11.02.2014-жыл
Кγн тартиби
1. Айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы бюджетине киритγγ боюнча С. Юсупова айылдык кеңешине жана айыл ѳкмѳтγнѳ келген катар жана арыз даттанууларды кароо жѳнγндѳ.
Чогулушка катышкандар:
С. Юсупова айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы 4-чакырык 9-сессиясында депутаттардын сунушу менен тγзγлгѳн депутаттык топтун мγчѳлѳрγ:
М. Мамасаидов, К. Нарматов, Ш. Файзуллаев, П. Вахапов, У. Мамажанов, Б. Маннонов, А. Махмудов, П. Каюмов, Н. Гуломидинов, Б. Акбаров, Н. Кодиров, Ш. Турдиев, А. Файзуллаев, Д. Хожиматов, Р. Базарбаев.
Отурумду айылдык кеңештин тѳрагасы ачып, отурумда кароо γчγн келген каттар жана тγшкѳн арыздар менен жыйындын катышуучуларын таныштырды.
1. «Зилол-Суу» СООППВсынын 04.02.2014-жылдагы жана 16.01.2014-жылдагы таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитγγ жана насостордун ремонту γчγн 150 миң сом акча каражат жардам берγγ жѳнγндѳ каты.
2. «Бирлик» СООППВсынын 07.02.2014-жылдагы кошумча суу линиясын тартуу γчγн 100 миң сом жардам берγγ жѳнγндѳгγ каты.
3. Октябрь айылындагы балдар бакчасынын жетекчиси А. Азимовдун, № 1-балдар бакчасынын жетекчиси М. Гапиржановдун, «Радуга» аттуу балдар бакчасынын жетекчиси Исаковалардын балдарды материалдык – техникалык базасын чыдоо γчγн каражат ажыратууга жардам берγγ жѳнγндѳгγ сураныч каттары;
4. С. Шарипов, Х. Абдуллаев жана Г. Нарбаев атындагы мектептердин директорлорунун мектептерди материалдык – техникалык базасын чыдоо γчγн каражат ажыратууга жардам берγγ жѳнγндѳгγ сураныч каттары;
5. Араван /МБнун директору С. Турдукулованын Сарай айылындагы мед пункттун имаратын ремонттоого жана №1-УБДТ жетекчиси Х. Кадыровдун УБДТнын тегерегин кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандырууга акча каражаты бѳлγγгѳ жардам сургана ѳтγнγч катары.
6. «Араван» ТРК ОсООнун администрациясынын сапаттуу телеберγγлѳрдγ кѳрсѳтγγ γчγн жардам берγγ, Араван РИИБнын милициянын аймактык тескѳѳчγлѳрγ γчγн кошумча шарт тγзγγ максатында бюджеттен каражат ажыратуу жана Араван районунун эмгек, миграция жана жаштар бѳлγмγнγн бѳлγмдѳ жаңы ачылган маалымат борборуна акча каражатынан жардам берγγ жѳнγндѳгγ сураныч каттары.
7. Араван районунун социалдык ѳнγгγγ башкармасынын социалдык жардамга муктаж болгон γй бγлѳѳлѳргѳ кыш мезгилинде отун кѳмγр алууга, А. Сайдахматов атындагы айылдык маданият γйγнγн директору Ж. Махмуджановдун маданият γйγнγн материалдык – техникалык базасын чыдоо жана №14-китепкананын башчысы М. Умарованын китепкана имаратынын чатырын ремонттоо γчγн каражат ажыратуу жѳнγндѳгγ билдирγγ каттары.
8. Сарай айылынын тургундарынын, Токтогул шайлоо участкасынын депутаттарынын, Октябрь айылынын Навбахор кѳчѳсγнγн тургундарынын, Б. айдаров кѳчѳсγнγн тургундарынын, Канал участкасынын тургундарынын, Жомий мааласынын тургундарынын, А. Сидиков, Х. Сидиков, А. Салиев, Жаннат мааласынын тургундарынын электр энергиясы жана таза суу маселесин чечγγ γчγн каражат сурап жазган арыздары.
9. №320-шайлоо участкасынын шайлоочуларынын, Мунчок тепа мааласынын тургундарынын жана Х. Абдуллаев кѳчѳсγндѳгγ жаңы чектердеги тургундарындын жолго жγшагл тѳгγγ жана, тратуар кылуу маселесин чечγγгѳ каражат ажыратууга жардам сурап жазган арыздары.
10. Жомий кѳчѳсγнγн тургундарынын сугат суу каналын ачуу γчγн, Октябрь айылынын тургуну К. Эралиеванын айылга спорттук-агартуу борборун имаратын куруу γчγн, айылдык кеңештин депутаты Б. Камилованын Нооруз айылына балдар бакчасы, Сутхор айылынын тургундарынын Сутхор айылында балдар бакчасы куруу γчγн, айыл ѳкмѳтγнγн башкы адиси А. Мамаджановдун Ак-Шар айылынын каналдарын тазалоо γчγн, Жомий кѳчѳсγнγн тургундарынын Жомий кѳчѳсγндѳгγ арыкты тазалоо γчγн акча каражаттары ажыратып берγγ боюнча жана Х. Абдуллаев кѳчѳсγнγн жаштарынын футбол аянтчасы куруу γчγн жер ажыратуу жѳнγндѳ жазган арыздары.
11. Араван айылынын М. Султанов кѳчѳсγнγн тургуну Шадиев Кадирдин М. Султанов кѳчѳсγндѳгγ Талаа станын менчикке бекитип берγγ боюнча жазган арызы.
Тѳрага М. Мамасаидов ар бир арыз боюнча ѳз алдынча токтолду жана депутаттык топтун сунуш пикирлерин укту.
Негизинен бардык депутаттар каттар жана арыздар айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин акча каражатын ажыратып, айылдын инфрастуртурасын жакшыру багыты боюнча жазылгандыгын жана бул иш чаралар бардыгын аткаруу айыл ѳкмѳтγнγн компетенциясына киришин баса белгилешти.
Кѳтѳрγлгѳн маселелерди бир мезгиледе же 2014-жыл ичинде акткаруу ѳтѳ кыйын. Ошондуктан бул арыздарды, каттардыгы маселелерди айыл ѳкмѳтγ ѳзγнγн мγмкγнчγлγгγнѳ карап, негизги кѳйгѳйлγγ маселелерди чечγγ керектигин белгилешти. Бул маселелерди чечγγ γчγн айылдык кеңештин депутаттары бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратууга макулдук беришин жана чечилγγчγ маселелерди айыл ѳкмѳтγ айылдык кеңештин сессияларына сунуштоону белгилешти.
Отурумда сѳз алган айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаев дагы депутаттардын сунуштарын колдоого алып тѳмѳнкγлѳргѳ токтолду:
Чындыгында аталган маселелерди тез арады же 2014-жылдын ичинде чечγγ ѳтѳ кыйын. Мына акыркы беш жылдын ичинде кѳптѳгѳп маселелерди чечтик. Мындан ары дагы орчундуу болгон маселелерди чечебиз. Биз ар бир маселени чечγγдѳ мыйзам талаптарына ылайык иш жγргγзγγбγ керек. Андан сырткары бардык маселелерди чечγγ γчγн айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинде акча каражат жетишсиз. Бирок ушуга карабастан кѳп иштерди элди мобилизациялоо жолу менен аткарууга аракет жасайбыз деп сѳзγн аяктады.
Кγн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап чыгып, С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 9-сессиясында тγзγлгѳн депутаттык комиссиянын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 9-сессиясын кароосуна келип тγшкѳн каттар жана арыздардагы маселелерди С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ ѳзγнγн мγмкγнчγлγгγнѳ жараша чечγγ сунушталсын.
2. Каттарда жана арыздарда кѳрсѳтγлгѳн кѳйгѳйлγγ жана орчундуу болгон маселелерди чечγγ боюнча жана зарыл болгон акча каражатты айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен ажыратып берγγгѳ айыл ѳкмѳтγ тарабынан айылдык кеңешке сунуштарын берγγ жагы белгиленсин.
3. Каттар жана арыздарды депутаттык топто каралып, депутаттык топтун отурумунун протоколу айылдык кеңештин кароосуна сунушталгандыгы боюнча кат жазган ишкана мекемелерге жана арыз ээлерине билдирγγ берγ айыл ѳкмѳтγнѳ жγктѳлсγн.
4. Бул токтомду карап чыгуу С. Юсупова айылдык кеңешине сунушталсын.
Депутаттык топтун мγчѳлѳрγ:
М. Мамасаидов
К. Нарматов
Ш. Файзуллаев
П. Вахапов
У. Мамажанов
Б. Маннонов
А. Махмудов
П. Каюмов
Н. Гуломидинов
Б. Акбаров
Н. Кодиров
Ш. Турдиев
А. Файзуллаев
Д. Хожиматов
Р. Базарбаев.