Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX кезексиз сессиясы
2014- жылдын 22- майы № 4
Шаардык маршруттук автоунааларда жүргүнчүлөрдүн жол акысынын тарифтерин көтөрүү жөнүндө
Балыкчы шаарындагы “Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК уюму шаар ичиндеги 101-103 каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү тейлеп келгендиктен акыркы убактагы күйүүчү майлардын, унаа тетиктеринин кымбаттагандыгынан, каттамдагы автоунаалардын көпчүлүгү кетип чыгашага учурап жана каттамдагы жүрүү графиктери сакталбай жаткандыгы тууралуу аныктаманын негизинде “Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК нун администрациясы тарабынан жүргүнчүлөрдүн жүрүү акысынын тарифтерин көтөрүп берүү ошону менен катар токтоочу жайга айдоочулар үчүн ажааткана курууга жер бөлүп берүү маселелери боюнча кайрылуусун карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
1. Балыкчы шаарындагы “Кызыл-Саз-Транс” Жоопкерчилиги Чектелген Коомдук уюмунун сунушун эске алып, маршруттук автоунааларда жүргүнчүлөрдүн жүрүү акысын 6 ( алты ) сомдон 8 ( сегиз ) сомго көтөрүү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2014-жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирсин.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин 22.08.2012-жылдагы XXVI - чакырылышынын VI сессиясында кабыл алынган № 3 токтомунун күчү жокко чыгарылсын.
3. Маршруттук каттамдын батыш тарабындагы Кулакунов көчөсүнүн башталышынан ж.о.э күн чыгыш жактагы жаңы пляждын жанындагы токтоочу жайдын айланасындагы токтоочу жерден ажааткана куруу үчүн жер бөлүп берүү жагы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардык мэрияга 2014 жылдын 20- июнуна чейин чечип берүү жагы тапшырылсын.
4. Маршруттук каттамдагы автоунаалардын техникалык жана санитардык абалын жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятына көнүл буруп айдоочулар менен иш алып баруу сунуштары боюнча “ Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК нун администрациясынан көзөмөл жүргүзүүсү сунушталынсын.
5. Токтом шаардык “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
6. Бул токтом Ысык-Көл областык Адилет башкармалыгынан жана областык монополияга каршы комитетинен каттоодон өтүү жагы суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык Кеңешинин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
М.Акатов
|
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XX сессиясынын №4 токтомуна (№1 тиркеме) |
№.п/п | Жүргүнчүлөрдүн категориясы | Колдонулган тарифи | Сунушталган тарифи |
1. | Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери | Бекер | Бекер |
2. | Жөнөкөй жүргүнчүлөр жана окуучу балдарга | 6 сом | 8 сом |
Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
М. Акатов |