Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 6-4
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн айылдарындагы калктуу конуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын дифференциялоо боюнча зонанын аймагынын баалонун (К-1) аймактык коэффициенттерин белгилѳѳ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБнγн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагында калктуу конуштардын жана айыл чарба багытына арналбаган жерлердин жер салыгын эсептѳѳдѳ зонанын аймактарынын баалоонун (К-1) аймактык коэффициенттеринин ѳлчѳмдѳрγ №1-тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)
2. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγндѳ айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын эсептѳѳ жана айыл ѳкмѳтγнγн бюджетине толук тγшγшγн камсыз кылуу айыл ѳкмѳтγнγн киреше бѳлγмγнγн кызматкерлерине жγктѳлсγн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
4-чакырык 6-сессиясынын
№ 6-4 токтомуна № 1-тиркеме
Катар № | Айылдардын аталышы | Кожолуктун саны | Жашаган калктын саны | Коэффициенттин ѳлчѳмγ |
1 | Араван | 3967 | 18048 | 1,5 |
2 | Октябрь | 524 | 2390 | 1,0 |
3 | Эрке-кашка | 45 | 215 | 1,0 |
4 | Каррак | 229 | 1142 | 1,0 |
5 | Сутхор | 74 | 348 | 1,0 |
Жалпысы: | 4839 | 22143 |
| |
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |