Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-марты № 3-20
Араван айылдык Кеңешинин 2006-жылдын 27-январында ѳткѳрγлгѳн 2-чакырык 13-сессиясында “Араван айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салуу” боюнча № 13-7-чечими менен тγзγлгѳн комиссиянын курамына толуктоо жана ѳзгѳртγγ киритγγ жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун пайдалануу процессин жакшыртуу жана юридикалык жактарга, жеке адамдарга жер участокторуна укук берγγнγн так жол жоболорун аткарылышын, курулуштарга уруксат берγγнγн тартибин бекитγγ боюнча ишти улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси”нин жана башка укуктук ченемдик актыларынын так аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571-токтомунун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылдык Кеңешинин 2006-жылдын 27-январында ѳткѳрγлгѳн 2-чакырык 13-сессиясында “Араван айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салуу” боюнча №13-7-чечими менен тγзγлгѳн комиссиянын курамына тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киритилсин:
1. Файзуллаев Ш - С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы, комиссиянын тѳрагасы;
2. Жуманов Ф - Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо департаментинен башчысынын орун басары, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
3. Ахматалиев Б – Араван райондук архитектура жана курулуш башкармасынын башчысы, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
4. Кубатов Н – С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
5. Маннанов Б – С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Кеңешинин депутаты, комиссиянын мγчѳсγ;
6. Бойдиров Т. - С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Кеңешинин депутаты, комиссиянын мγчѳсγ;
7. Каюмов А - С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Кеңешинин депутаты, комиссиянын мγчѳсγ;
8. Мамаджанов А – С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча адиси, комиссиянын мγчѳсγ.
Аталган комиссия айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун ижарага же менчикке берγγдѳ тооруктарды жана тγз сатууларды уюштуруу, ѳткѳрγγдѳ Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” жана башка укуктук ченемдик актыларынын так аткарылышын камсыз кылууга милдеттендирилсин.
2. Айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун ижарага же менчикке берγγ жана тγз сатуулар комиссия тарабынан уюштурулуп, анын иш кагаздарын жγргγзγγ комиссиянын катчысы Н. Кубатовго тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Мамасаидов |