Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 49/14-6
“Кара-Көл шаарынын территориясында
социалдык программалардын (долбоорлордун)
конкурсун уюштуруу жана өткөрүү
үчүн конкурстук комиссиянын
иш Регламентин бекитүү жөнүндө”
“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы “Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” № 41 токтомуна ылайык Кара-Көл шаарынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын ишин жөнгө салуу жана социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү максатында, Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин маалыматын угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын иш Регламенти № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин .
2. Комиссиянын курамы, 4 адам коомдук уюмдардан, 2 адам шаардык кеңештин депутаттарынан, 2 адам шаардык мэриянын өкүлдөрүнөн жалпы 8 адам бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бегалиева Ж.Ч.) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К. |
№ 1 Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
25.07.2014-жылдагы кезексиз
XIV сессиясынын № 49/14-6 чечими
менен бекитилди
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кара-Көл шаарынын территориясында социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын (мындан ары – Комиссия) иш тартибин аныктайт жана “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы “Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” №41 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктук акттарды, ошондой эле ушул Регламентти колдонмого алат.
II. Комиссиянын милдеттери
3. Комиссия:
- курамы 8 адамдан турат, 4 адам коомдук уюмдардан, 2 адам шаардык кенештин депутаттарынан, 2 адам шаардык мэриянын өкүлдөрүнөн.
- конкурстун талаптарына жана тандап алуунун критерийлерине жооп берген долбоордук сунуштарды карап чыгат жана тандайт;
- ар бир долбоордук сунуш боюнча чечим чыгарат: каржылоодон баш тартылган учурда ага жүйө келтирет жана долбоордук сунушту дагы бир аз иштеп чыгуу зарылчылыгы болсо сын пикирин кошот;
- мамлекеттик заказчынын (мындан ары – Заказчы шаардык мэрия) бекитүүсүнө жиберүү үчүн Конкурста утуп чыккан долбоордук сунуштардын тизмесин түзөт;
- Конкурста утуп чыккан долбоордук сунуштар боюнча чыгашалар сметасын карайт.
Долбоордук сунушту бир аз иштеп чыгуу дегенде долбоордук сунуштун каржылык жана башка негизги шарттарына таасирин тийгизбей тургандай, кетирилген арифметикалык же кандайдыр бир башка техникалык катаны оңдоо дегенди түшүнүш керек.
III. Комиссиянын иш тартиби
4. Комиссиянын ишин төрага жетектейт, ал эми ал жокто төраганын орун басары башкарат. Аларды Комиссиянын курамын бекитүүдө шаардык мэрия дайындайт.Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен Комиссиянын катчысы тандалып алынат.
5. Комиссия өз ишин отурум формасында жүзөгө ашырат. Комиссиянын отуруму ачык формада өткөрүлөт. Комиссия отурумуна катышкан адамдар Комиссиянын ишине аралашууга укуксуз. Катышкан адамдарга аудио жазууга же тасмага тартууга уруксат берилет.
6. Комиссиянын отуруму ага курамдын үчтөн экисинен кем эмес киши катышканда гана укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын отурумга катышпаган мүчөлөрүнүн ордуна башкалардын иштөөсүнө тыюу салынат.
7. Комиссиянын отурумун төрага же анын тапшырмасы боюнча Комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
8. Комиссиянын отурумунда Комиссиянын катчысы протокол жүргүзөт, анда Комиссия отурумунун жүрүшү, добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссия отурумунун протоколуна Комиссиянын тийиштүү отурумуна катышкан бардык мүчөлөрү кол коет.
9. Комиссиянын алгачкы отурумун заказчы (шаардык мэрия) долбоордук сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тарта 3 (үч) календардык күндүн ичинде, ал эми кийинки отурумдарды Комиссиянын төрагасы отурум өтө турган күнгө чейин 3 (үч) күндөн кеч эмес мөөнөттө чакырат.
10. Заказчы Каттоо журналында катталган бардык долбоордук сунуштарды Комиссиянын кароосуна отурум башталганга чейин 3 (үч) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө киргизет.
11. Комиссия отурумунун күнү, убактысы жана өтчү жери тууралуу маалыматты Тапшырыкчы өзүнүн маалымат такталарында (стенддерде) же ушул маалымат жеткиликтүү боло турган башка коомдук жайларда илет.
12. Комиссия долбоордук сунуштарды Конкурстун талаптарына жана долбоорду тандоо критерийлерине шайкештигин эсепке алуу менен долбоордук сунуштарды кабыл алуу аяктаган күндөн тарта 30 календардык күндүн ичинде тандап алат.
13. Комиссия катталган долбоордук сунуштарды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
- Конкурстун тематикасына, максаттарына жана шарттарына шайкештиги;
- катышуучунун мурдагы ишинде ушул багыттагы тажрыйбасы;
- кырдаалды анализдөө, көйгөйдү жана тапшырмаларды так аныктоо;
- долбоордун маселени чечүүгө багыттуулугу жана максаттуу топтун керектөөлөрүн жергиликтүү социалдык программаларга ылайык канааттандыруу;
- пландалып жаткан иш-чаралардын анын максаттарына жана тапшырмаларына шайкештиги;
- жүйөлүү бюджет;
- өз каражаттарынын болушу жана кошумча каражаттарды тарта алуу;
- гранттык каржылоо токтогондон кийин долбоордун туруктуу иштеп кетишинин механизми;
- долбоордун ишке ашырылышы жана натыйжа бериши.
14. Зарыл болгондо Комиссия долбоордук сунуштарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу. Долбоордук сунуштарды баалоо боюнча соңку чечимди Комиссия кабыл алат.
15. Долбоордук сунуштарды баалоо үчүн Комиссия долбоордук сунуштарды баалаган көрсөткүчтөрү бар баалоочу баракчаны толтурат, ал болсо биринчи отурумда бекитилет. Баалоочу баракчада долбоордук сунуштарга негизги талаптар камтылыш керек, ошолорго ылайык сунуштар балл түрүндө бааланат.
16. Конкурстук комиссиянын мүчөсү кайсы бир катышуучуга карата түз же кыйыр кызыкчылыгы бар болсо (кызыкчылыктардын кагылышы), бул тууралуу сынактык комиссиянын отурумунда комиссиянын башка мүчөлөрүнө ачык айтууга жана ушул катышуучунун долбоордук сунушуна добуш берүүгө жана талкуулоого катышпай турганын билдирүүгө милдеттүү.
Комиссия мүчөлөрүндө кызыкчылыктар кагылышы орун алып кабыл алынган Комиссиянын чечимин соттук тартипте жокко чыгаруу мүмкүн. Тийиштүү арыз менен сотко сынактын катышуучулары же кызыкдар адамдар Комиссия чечим кабыл алган күндөн тарта бир айдан кеч эмес мөөнөттө кайрыла алат.
18. Комиссиянын отурумунда чечим көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
19. Конкурстун натыйжасында ар бир долбоордук сунуш боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
- долбоордук сунушка ылайык каржылоо;
- жарым-жартылай каржылоо;
- каржылоодон баш тартуу.
Комиссия долбоордук сунушту каржылоодон баш тартуу тууралуу чечимди долбоордук сунуштун Конкурстун талаптарына жана тандап алуу критерийлерине жооп бербеген учурда кабыл алат.
20. Комиссиянын төрагасы, эгерде ал болбосо, анын орун басары сынак өткөндөн кийин 5 (беш) күндөн кеч эмес мөөнөттө Тапшырыкчыга Комиссиянын протоколун жана Комиссия тандап алган социалдык программалардын (долбоорлордун) тизмесин тапшырат.
21. Комиссия тандап алган социалдык программалардын (долбоорлордун) тизмеси Комиссия чечим кабыл алган күндөн тарта 3 (үч) календардык күндүн ичинде Заказчынын буйругу менен бекитилет.
22. Комиссиянын чечимдери, Комиссия тандап алган социалдык программалардын (долбоорлордун) тизмеси жана Заказчынын аны бекитүү тууралуу буйругу Заказчынын маалымат такталарында (стенддерде) же коомчулук эркин окуй ала турган башка бир жерде буйрук чыккан күндөн тарта 3 (үч) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө илиниш керек.
23. Заказчы протоколдордун мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө сакталышын камсыздайт.