Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 85/12-3
Токмок шаардык Кеңешинин
Ардак грамотасы жана Алкыш каты
жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошкондугу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын алдындагы эмгеги сиңирген адамдарды сыйлоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык жана туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы жана Алкыш каты жөнүндөгү Жобонун жаңы редакциясы бекитилсин (тиркелет).
2. Токмок шаардык Кеңешинин бухгалтери (Байтикова Г.М.) тарабынан Токмок шаардык Кеңешинин Ардак грамотасынын, Алкыш катынын бланктарын жана даректүү папкаларын даярдоо үчүн жыл сайын каражат каралсын.
3. Токмок шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 2-июлундагы № 192/33-2 токтому өз күчүн жоготту деп саналсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана тиркелген Жобонун колдонулушун көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Таманбаев |
Токмок шаардык Кеңешинин
2014-жылдын «5» март
№ 85/12-3 токтомуна тиркеме
1. Токмок шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары – Ардак грамота) жарандарга, жамааттарга, менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерге жана уюмдарга, коомдук уюмдарга жана башка жарандык бирикмелерге шаардын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, аны жакшыртууга, жергиликтүү жамааттын алдында сиңирген эмгеги жана башка сиңирген эмгектери үчүн берилүүчү, Токмок шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку сыйлыгы болуп эсептелет.
2. Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы, өзүнүн отурумдарында Ардак грамота менен сыйлоо жана Алкыш жарыялоо жөнүндө сунуштамаларды, ошондой эле өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруучу маселелерди карайт.
3. Туура эмес жана тыкан эмес даярдалган сунуштамалар комиссияда каралбайт жана кайра иштелмелеп чыгууга жөнөтүлөт.
4. Ардак грамоталарды берүү жана Алкыш жарыялоо майрамдык иш-чараларга жана эскерүү күндөрүнө, юбилейлерге жана башка даталарга карата берилиши мүмкүн.
5. Жеке жана юридикалык жактарды Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштамалар Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын наамына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мекмелер жана уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан;
- расмий каттоодон өткөн коомдук уюмдар жана жарандык биримдиктер.
6. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн, сыйлануучуга ушул Жобого тиркелген №1 формасы боюнча жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтыган сунуштама негиз болуп эсептелет.
7. Ардак грамота менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөндөгү талаптар коюлат:
- сыйлоо жөнүндө өтүнмө, анын негиздери көрсөтүлүшү менен;
- айкын жетишкендиктерин жана шаар алдында эмгегин көрсөтүү менен, сунушталып жатканга кыскача мүнөздөмө;
- кесиптик майрам же маанилүү дата учурунда эмгек стажы кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес болуусу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек стажы тиешелүү кызматта 3 жылдан кем эмес болуусу.
8. Токмок шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлангандыгы жөнүндө маалымат сыйлануучунун эмгек китепчесине жазылат.
9. Токмок шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы бир адамга эки жолу берилбейт.
10. Ардак грамотанын жана Алкыш каттын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу шаардык Кеңешке гана таандык.
11.Ардак грамоталардын жана Алкыш каттардын ирээттик номуру бар, сыйлоо жөнүндө чечим Токмок шаардык Кеңешиинин буюрмасы менен кабыл алынат.
12. Ардак грамоталар жана Алкыш каттар сыйлануучуларга шаардык Кеңешинин төрагасы же Токмок шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат.
13. Ардак грамотаны жана Алкыш катты эсепке алууну жана каттоону, Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы жүргүзөт.
14.Алкыш каты сыйлоонун формасы болуп эсептелет жана Токмок шаардык Кеңешинин буюрмасы менен даярдалат.
15. Алкыш жарыялоо Токмок шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгү менен байланыштуу маанилүү тапшырмаларды, иш-чараларды жана жумуштарды мыкты аткаргандыгы, эмгек, кызмат, илимий, маданий жана башка чөйрөлөрдө жогорку көрсөткүчтөрү, шаардык маанидеги иш-чараларды жана коомдук саясий акцияларды өткөрүүдө көрсөткөн жардамы жана активдүү катышкандыгы, башка жетишкендиктери үчүн жүргүзүлөт.
16. Алкыш жарыялоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан Алкыш жарыялоо жөнүндө сунуштамалар Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын наамына киргизилет.
17. Алкыш каты менен сыйлоо үчүн, сыйлануучуга ушул Жобого тиркелген №1 формасы боюнча жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтыган сунуштама негиз болуп эсептелет.
18. Ардак грамота менен сыйлоого жана Алкыш жарыялоога сунуштамалардын саны мекеме, ишкана жана уюмдардагы кызматкерлердин жалпы санына жараша төмөндөгү тартипте белгиленет:
- 10-чейин – 1;
- 10дон 50-чейин – 3;
- 50дөн 100-чейин – 5;
- 100-жогору – 7.
19. Сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтер Токмок шаардык Кеңешине, сыйлоого чейин эки жумадан кем эмес мөөнөттө сунушталат.
20. Ардак грамота менен сыйлоо жана Алкыш жарыялоо жөнүндө сунуштамалар Токмок шаардык Кеңешинин катчы – иш-кагаздарды жүргүзүүчүсүнө киргизилет, каттоодон өткөрүлүп Токмок шаардык Кеңешинин төрагасына келип түшкөн күнү сунушталат.
21. Сыйлоо жөнүндө документтер Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан атайын текшерүүдөн өтөт, зарылчылык болсо кошумча маалыматтар суралат жана сунуштама келип түшкөн күндөн баштап эки жуманын ичинде, сыйлоо жөнүндө Буюрманын долбоору даярдалат.
22. Токмок шаардык Кеңеши өз демилгеси боюнча жарандарды, мамлекеттик органдарды, уюмдарды Ардак грамотасы жана Алкыш каты менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл ала алат. Мындай учурда ушул Жобонун 6,7,16 жана 17 пунктунда көрсөтүлгөн документтер талап кылынбайт.
Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: |
Р.А.Кадыркулова |
№1 форма
1. Сыйланучуунун фамилиясы, аты, атасынын аты ________________________
2. Өздүгүн күбөлөндүргөн документ (сериясы, номуру)____________________
3. Ээлеген кызмат орду, иштеген жери (уюмдун, мекеменин, ишкананын атын туура көрсөтүү)_____________________________________________________
4. Туулган жери жана жылы____________________________________________
5. Улуту_____________________________________________________________
6. Билими (эмнени, кайсы жерде жана качан бүткөн)_______________________
____________________________________________________________________
7. Илимий, кесиптик наамы, класстык чини______________________________
_________________________________________________________________
8. Жалпы эмгек стажы_____________________________________________жыл
анын ичинен:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы эмгек стажы________жыл
-ушул жамааттагы эмгек стажы ___________________________________жыл
9. Үйүнүн дареги, телефону _____________________________________________
10. Токмок шаардык Кенешинин Ардак грамотасы же Алкыш каты менен сыйлоого көрсөтүлөт.
11. Сыйлануучунун өндүрүштүк мүнөздөмөсү жана аталган чөйрөдө өзгөчө жетишкендиктери ____________________________________________________________________Токмок шаардык Кенештине сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды ____________________________________________________________________
(сыйланучуунун Ф.А.А., элеген кызматты)
Башкаруучу ________________ _________________________
(колу) (Аты –жөнү, фамилиясы)
М.О.
«_____»_______________20___ж.